Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Экинчи Дүйнөлүк согушту иликтеген тарыхчы Нарынбек Алымкулов “Мурас” фондунун колдоосу менен жакында Москвага барып, согуш боюнча архивдик материалдар менен таанышып келди. Тарыхчы согушка катышкан кыргызстандыктардын тагдырын изилдөөгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл экенин айтат.

“Азаттык”: Буга чейин Кыргызстандын тарыхында Экинчи Дүйнөлүк согуш тууралуу белгисиз болуп келген кандай документтерди таба алдыңыз? ​

Алымкулов: Биринчиден, ушул ишке жардам бергени үчүн “Мурас” фондуна жана “Кыргыз Тарых Коомуна", анын төрагасы, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегинге рахмат. Бир канча мезгилден бери Орусиянын архивдерин карап, кандай материалдар бар экенин көрүп келгенге жардам күтүп жүргөбүз.

Орусиянын архивдеринде материалдар абдан көп экен. Кыргызстан фронт үчүн ок-дары, курал-жарак берип, бирден-бир чоң салым кошкон өлкө. Согуш убагында 17 миллиард ок чыгарылган. Ар бир үчүнчү ок Кыргызстандын, Ак-Түздүн коргошуну болгон. Бул аябай чоң сан. Мен Курал-жарак комитетинин архивдик фондун да карадым. Бирок документтердин бир гана топтомун караганга үлгүрдүм. Ал жерде дагы 17 топтом документ бар экен. Башкача айтканда, дагы жасай турган иш абдан көп.

Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.

Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.

Ошондой эле Орусия Федерациясынын мамлекеттик архивинен биздин колго тийген дагы бир баалуу маалымат - 28 баатыр боюнча 1948-жылдагы СССРдин Башкы прокуратурасынын материалы. Ал иликтөөдө панфиловчу 28 баатыр чын эле болгонбу же болгон эмеспи деген маселенин тегерегинде сөз болгон.

Анткени баарыбыз 1941-жылы 16-ноябрда 28 баатыр Москванын алдындагы Волоколамск шаарынын жанында салгылашкан деп айтып келебиз. Азыр эми архивдерди карап көрсөк, 27-октябрда эле Волоколамск шаарын немистер басып алыптыр. Эгер ал жерди немистер мурда эле басып алган болсо, кантип 16-ноябрда согуш болот? Ушул сыяктуу түшүнүксүз жерлер бар.

Айрымдар ал жерде 28 эмес, андан да көп жоокер салгылашкан, 1075-полктун 4-ротасы толугу менен турган деп айтып жатышат. Башкалар болсо, 5-рота да ошол жерде болгон, жалпысынан анда 120 же 240 адам салгылашка катышып, көпчүлүгү курман болгон деп айтып жүрүшөт. Эмнегедир идеологияга байланыштуу 28 адамды гана баатыр кылып, калганы жөнүндө сөз жок. Ошондуктан ушуларды тактоо үчүн изилдөөчүлөрдүн моюнунда чоң милдет, чоң жоопкерчилик турат. Ошол кездеги саясатка байланыштуу унутулуп калган адамдардын тагдырын иликтеп, аттарын жазып, кагаз бетине түшүрүү биздин милдет.

“Азаттык”: Экинчи Дүйнөлүк согуш боюнча Кыргызстан тарыхынын азыркыга чейин такталбаган актай барактары, али белгисиз жактары көп болсо керек?

Алымкулов: Бүгүн такталган маалыматтар боюнча 1941-45-жылдары, атап айтканда согуш жүрүп турган беш жылда (1918 күн согуш болгон) Советтик армиянын катарына 34 миллион киши чакырылган экен. Анын ичинде Кыргызстандан 383 миң адам чакырылган. Ошол сандын канчасы 1941-жылы, канчасы 1942-жылы, канчасы башка жылдары кеткен? Ушуну да тактоо зарыл. Анткени тарыхты изилдөөчүлөрдүн арасында дагы бир талаштуу көз караш бар. Согуштун акыркы жылдары кыргызстандыктарды майданга эмес, эмгек фронтуна: Сибирге, Уралга, Кузбасска көмүр казганга, ар түрдүү заводдорго иштегенге жиберген деп айтып жүрүшөт. Эмне үчүн мындай болгон? Ишенишкен эмеспи, же согушка биз гана салымыбызды коштук деп айтыш үчүнбү, түшүнүксүз. Колдон келсе, Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын кайра баштан жана башкача жазып чыгуу керек. Мисалы, 316-дивизиянын тагдыры, 385-дивизиянын тагдыры аягына чейин кандай болду, кандай баатырларды берди, изилдөө зарыл.

Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл.

Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл.

Азыр Кыргызстандан 78 адам Советтер Союзунун Баатыры болгон деп ачык эле айтсак болот. Андан тышкары 29 адам “Даңк” орденинин толук кавалери (буга чейинки расмий маалыматтарда Кыргызстандан 73 адам Советтер Союзунун Баатыры жана 21 адам “Даңк” орденинин толук кавалери деп айтылып келет).

Бирок ушулардай эле баатырлык көрсөтүп, бирок наам албай калган биздин инсандарыбыз абдан көп. Мисалы, ошол эле Акматша Түмөнбаев, медайым эжебиз Канаиса Алиева жана башкалар. Бул эжебиз 500дөн ашык жарадарды согуш талаасынан алып чыккан. Ал эми статистиканы карап көрсөк, 200дүн тегерегиндеги жарадарга жардам бергендер Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан экен. Андай мисалдар абдан көп. Биз азыр 17 адамды тактап жатабыз. Бул адамдарга татыктуу урмат көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам берилсе деген ой бар.

“Азаттык”: Советтер Союзу учурунда идеологиянын айынан бизге белгисиз болуп келген жагдайлар бар. Маселен, Экинчи Дүйнөлүк согушта немистердин колуна түшүппү, же башка себептерденби, Батышка өтүп кеткен кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар да кыргыз тарыхында аз. Бул жаатта кандай маалыматтар бар?

Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Алымкулов: Бул жаатта дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү керек. Кыргызстандыктардын ичинде да согушта колго түшүп калып, бирок кайра качып чыгып, ар кандай партизандык уюмдарга, отряддарга кошулуп кеткендер болгон. Беларуста болобу, Украинада болобу, алар ушундай уюмдарга катышкан. Мисалы, бизде Франция боюнча материал бар. Альба шаарындагы экинчи советтик партизандык бригаданын катарында 21 кыргызстандык болгон экен. Азыр архивден бешөөнүн тагдырын тактадык. Башкаларды да изилдеп-издеш керек. Ондогон кыргызстандыктар Түркстан легионунун катарында салгылашып, көбү партизандарга кошулуп кеткен. Көбүнүн аты белгисиз болуп кетсе, айрымдары туугандары репрессияга туш болбосун деп аттарын өзгөрткөн. Демек бул жерде изилдөөчүлөр, журналисттер, кызыккан кишилер үчүн материалдар абдан көп.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG