Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Кыргызстан 1916-жылкы кандуу окуянын жүз жылдыгын белгилегени турат. Аны утурлай ушул жайда башталган талкуулардын кезектегисин көз карандысыз коомдук-саясий комиссия 11-ноябрда уюштуруп, кандуу окуяны кыргын же тукум курут деп таануу маселесин кайрадан көтөрүп чыкты.

Аталган уюм президент Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылы кандуу окуянын жүз жылдыгын эскерип, тарыхый баа берүү тууралуу май айындагы жардыгы чыккандан кийин түзүлгөн.

1916-жылкы кандуу окуяга көз карандысыз баа берүү максатында түзүлгөн коомдук-саясий комиссияны коомдук, саясий ишмер Азимбек Бекназаров жетектейт. Ушул комиссия 11-ноябрда уюштурган илимий-практикалык конференцияга тарыхчы-окумуштуулар, көз карандысыз коомдук-саясий ишмерлер катышты. Көз карандысыз комиссия талкуу аркылуу окумуштуулар чөйрөсүнө өз турумунун маанисин жеткирип, аларды ынандыруу максатын көздөгөн. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов билдирди:

- Жүз жылдан бери кыргыздын башына түшкөн кайгылуу окуяга саясий баа бере албай келатабыз. Орустар эмне дейт деп эле жалтанабыз. Армяндар болсо Түркияга каршы геноцид деген баа берүүгө жетишти. Биз болсо үркүн деп жалтактап жүрөбүз деген маселени көтөрдүк.

Коомдук комиссиянын Кыргызстан Орусия менен мамилени бузуудан чочулап, 1916-жылкы окуяга калыс баа бере албай калабы деген кооптонуусу бар. Бул уюмдан айырмаланып, ушу тапта тарыхчы-окумуштуулар чөйрөсүндө Улуу үркүн деген ат менен белгилүү бул окуяны геноцид деп атоодон аярлап тургандар жана кескин бааны орунсуз дегендер басымдуулук кылууда.

Ата-теги үркүнгө тыгыз байланышы бар тарыхчы-окумуштуу Аскарбек Беделбаев, маселен, геноцид болду деген көз карашты колдобойт. Окумуштуу каны кызыган орус кулактар кыргыздарды өлтүрүп ийген учурларды эске албаганда жалпы кыргын болгон эмес деп эсептейт:

- Андай геноцид болсо текши, толук кырылышы керек эле да. Андай болгон эмес. Токмоктон берки көтөрүлүшкө чыкпаган кыргыздардан эч ким үрккөн эмес. Эч ким тийген да, үрккөн да эмес. Кадимкидей калып калышкан.

Беделбаевдин баамында, кыргыздардан өз жеринде өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү, тагыраагы 40 миңдейи орус падышачылыгына каршы көтөрүлүштөгү салгылашта курман болушкан. Коомдук-саясий комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров 1916-жылкы окуяда ар кандай жагдайда 150 миңден 400 миңге чейин адам өлгөндүгүн болжоп, муну геноцид деп атоого толук негиз барын айтканы бар. Ушул турумду карманган коомдук уюм акыркы илимий-практикалык конференциянын резолюциясына жайында өткөн Барскоон курултайынын чечимдерин сунуш кылды. Анда да 2016-жылкы окуя кыргын деп таанылган болчу.

- Резолюцияда үркүндүн ордуна кыргын (орусчасы - истребление), болбосо тукум курут (орусчасы - геноцид) деп таанылсын деп айттык, - деди Мамбетжунус Абылов “Азаттыкка”.

Коомдук комиссия уюштурган талкууга катышкан тарыхчы-окумуштуулардын бири, президенттин карамагындагы “Мурас” фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин болсо бул сунушту илимий негиздемеси жок, алдын ала айтылган саясий баа деп эсептеди:

- Окумуштуулар - саясатчылардан кем эмес патриоттор. Бирок ошол эле учурда алар документтин, архивдик маалыматтын, фактынын негизинде гана бүтүм чыгарышат.

Ошентип, акыркы илимий-практикалык конференция жүз миңдеген адамдардын өмүрүнө забын келтирген 1916-жылкы окуяга коомдук- саясий-тарыхый баа берүү жаатында талаш-тартыш али алдыда экенин дагы бир ирет көрсөттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл май айында чыгарган жардыгына ылайык 2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн эскерүүгө байланышкан ири иш-чаралар өтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG