Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Улуу Памир-35: Акыркы хан


Жазгы тууттун мезгили, Рахманкул хандын уулу Малик Кутлу тарткан сүрөт

Жазгы тууттун мезгили, Рахманкул хандын уулу Малик Кутлу тарткан сүрөт

Кыргызда мен-мен деген далай эл башчы, хандар өткөн. Ошолордун ичинен акыркысы памирчилердин лидери Рахманкул болгон. Советтик идеологияда Рахманкул хан өз кара жанын гана ойлогон эзүүчү деп сүрөттөлсө, Ооганстандык памирчилердин лидери Рахманкулды уруулаштары кыргыздын салты менен тилин сактап калуу үчүн күрөшкөн даанышман лидер деп билишет.

СӨЗ БАШЫ

23 жыл мурда көзү өткөн Рахманкулду бүгүн да уруулаштары кудайындай көрүшөт:

«Рахманкул хан кыргыздар үчүн бакыт болгон» Азиз Айтмамбет уулу (Истамбул)

Анын жаркын элеси көп сандаган урпактарынын көкүрөгүндө сакталуу:

"Чоң атам Рахманкул мен үчүн чыныгы баатыр. Узун бойлуу, көңүлүндө кымындай кири жок, пакиза адам болгон, кичинекей балдарды аябай жакшы көрчү!" Көңүл Кутлу (Истамбул).

Аалымдар аны көкөлөтө макташат:

«Ооганстанда кыргыз хандыгы болгон. Бул мамлекеттин ичиндеги мамлекет эле. Рахманкул хан мына ошол мамлекеттин ханы болгон» Проф. Сулайман Кайыпов (Бишкек).

Бүгүн Түркияда жашаган урук-туугандары ага теңдеш эч ким чыккан жок деп өкүнүшөт:

«Рахманкулга окшош кишилер дүнияда аз. Азыр жоголуп эле кетти. Биздин арабыздан ага тең келген киши чыккан жок». Касымбек Шакир уулу Варол,
айыл башчысы, Улуу Памир айылы (Түркия).

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


Ал эми Рахманкул хан өзүн кыргыз үчүн башын сайган адам катары сезген:

«Элге мен жардам кылсам деген арзуум бар. Азыркы максаттарым менен ушул элге келе жатамын» деген ал 1978-жылы Батышта чоң экранга чыккан даректүү тасмада.

Ошол эле убакта советтик пропаганда аны басмачы деп мүнөздөп келген. Ал эми Мургабда ооган кыргыздарынын башчысын бүгүн да айрымдар мал-мүлкүн коруп, элди азапка салган деп айтышат. Мунун кайсынысы чын, кайсынысы карандай каралоо?

Ооган кыргыздарынын Пакистанга ооп, Түркияга көчүшүнүн быйылкы 35 жылдыгында Рахманкул хандын ары татаал, ары даңазалуу өмүр жолуна аны жакшы билген адамдардын эскерүүлөрү менен көз чаптырсак.

ПАМИРЛИК АНТИ КОММУНИСТ

Рахманкул хан, 1970-жылдар, Ооганстан

Рахманкул хан, 1970-жылдар, Ооганстан

Айрым булактарга караганда, Рахманкул Жапаркул уулу Мургабдын (азыр Тажикстандын карамагында) Медиян аймагындагы Тамчы-Жар деген кыштоодо төрөлгөн.

Анын туулган жылы 1913-жыл деп айтылат. Бирок ооган кыргыздарын изилдеген профессор анын мургабчы болгонунан күмөн санайт.

Профессор Сулайман Кайыповдун ишениминде, Рахманкул хан өзү азыркы ооган жергесинде төрөлүп, анын ата-теги гана Мургабдан чыккан болушу мүмкүн:

Сулайман Кайыпов: Мендеги маалыматтарды карап отуруп, анын мургабдык болгонуна ишенбейм. (Рахманкул) кайсы жерлик болгондугу тууралуу толук маалымат жок, бирок “Атабек деген киши болгон, ал киши улуу аталарынан, ошол Атабек Мургабдан Памирге көчүп барган, Атабектен балдар төрөлүп, анын балдары, балдары болуп отуруп, анан Рахманкул келип чыккан” деген уламыш айтылат.

100 жыл мурдагы көчмөндөр тууралуу так маалыматтын жоктугуна таң калып болбойт. Ошол эле мезгилде Рахманкул хандын коммунисттик система менен чатагы болгондугу анык-так белгилүү.

Ар түрдүү булактардан советтик аскерлер аны атасы экөөн тең ууландырганы, малын тартып алганы, жарым жыл советтик түрмөдө жатканы, СССРдин аймагынан Кытайга ооп, Кытайда кытай аскерлери менен чабышып, акыры ооган памирине качып кеткени маалым.

Кой саап жаткан кыз-келиндер, Ооганстандын Памири, 1970-жылдар

Кой саап жаткан кыз-келиндер, Ооганстандын Памири, 1970-жылдар

Тажикстандын аймагында калган Мургабдын кыргыздары Рахманкул ханды өздөрүнө окшогон эле ичкилик кыргыздын өкүлү деп билишет.

Мына ошол мургабчылардын бири мага «Рахманкул болшевиктер менен кызматташып жүргөн, бирок алар менен ыркы келишпей, Кытайга качкан» деп ырастап, бул адамды Кытайда да өз элине батпаган мүнөзү чатак адам катары сүрөттөдү.

Профессор Сулайман Кайыпов мындай ырастоого далил жок экендигин айтып колун жайды.

Сулайман Кайыпов: Албетте Кытай жак менен байланышы бар, бирок (Мургабда) милиция болуп иштеген, качып кеткен дегендердин бардыгы туура эмес, андай маалымат жок.

РАХМАНКУЛДУН ООГАН ЖЕРДЕШИ

Рахманкул хандын өмүр баянын жазып жаткан Назиф Шахрани - аны жаштайынан билген саналуу адамдардын бири.

Назиф Шахрани: Улан кезимде мени бул эл таң калдырчу. Булар деги кимдер деп ойлочумун. Биз окууга баратканда, малын айдап бараткан кыргыздарды көрөөр элек. Бир нече жолу Рахманкул хан ажынын өзүнө да кезиккем.

Азыр Рахманкулдун биографиясын жазып жаткан америкалык профессор ооган кыргыздарынан анча алыс эмес, Памирдин этегиндеги Шахран айылында туулган. Өспүрүм кезинде Кабулда лицейде окуган.

Жайкы эс алууга чыкканда айылына баратып, күтүрөтүп мал айдаган көчмөндөрдү көрүп жүргөн. Шахрани өзүнүн докторлук иши дал ушул ооган кыргыздары тууралуу болоорун ал кезде билген эмес.

Жаш уланды тоодон түшүп келген көчмөндөрдүн жол башчысы айрыкча кызыктырган:

Назиф Шахрани: Кийингендери таптакыр башкача эле. Рахманкул ажы арасынан өзгөчөлөнүп турчу. Бою аябай узун, өтө сымбаттуу, көзгө өтө толумдуу адам эле. Бадахшанда ал атактуу киши болгон.

Саан мезгилинде боз үйдөн көрүнүш, Памир, Афганистан, 1970-жж.

Саан мезгилинде боз үйдөн көрүнүш, Памир, Афганистан, 1970-жж.

Шахрани 1970-жылдары ооган кыргыздарынын арасында эки жыл жашап, кийин алар тууралуу фундаменталдык китеп жазды.

Профессор күнү бүгүнгө чейин ооган кыргыздарынан кол үзгөн эмес.

Кошмо Штаттарына телефон чалганымда, Индиана университетинин профессору «Бадахшандагы туугандарыма караганда, ооган кыргыздары менен көбүрөөк катташам» деп күлдү.

Өз китебинде Шахрани Рахманкул хан Кабулга жыл сайын күтүрөтүп мал айдап барып, бир барганда эле азыркы акча менен эсептегенде 25 миң доллар пайда көргөнүн жазат.

Ал эми өзүнүн «Жоголуп бараткан элдер» түрмөгүндөгү даректүү тасмасында ал Рахманкул хандын жалпы мал-мүлкү 400 миң долларга тете болгонун айтат.

Ошол эле убакта, жердештеринин басымдуу көпчүлүгү анын малын багып, өлбөстүн күнүн көргөн.

ЭЗИЛГЕН КИМ, ЭЗГЕН КИМ

Рахманкул ханды тегин жерден советтик пропаганда эзүүчү катары сүрөттөгөн эмес болсо керек. Ооган Памириндеги бардык малга 300 түтүн кыргыздын 30 чактысы (10%) гана ээлик кылган. Калгандары алардан аманатка мал алган, сүтүн ичип, жүнүн пайдаланган. Бир жыл мал багып, эмгеги үчүн бир кой алган. Үйлөнөйүн десе, калыңга кою жок, канчалары балага зар болуп, бойдок өткөн.

1978-жылы чоң экранга чыккан Шахранинин даректүү тасмасында алачыктын алдында отурган жигит зар турмушун мындайча сүрөттөгөн:

- Бир адамда кой бар, башкада жок, кайсынысы жакшы? (Колдо) жок болгондон кийин жаман да сенсиң, калп (айткан) да сенсиң, ууру да сенсиң. Өлбөстү күнү өтөт (экен).

Мындан 35 жыл мурда Ооганстандан көчө качкан памир кыргыздары бүгүн Түркияда Улуу Памир айылында жашашат.

Ооганстандын кыргыздар жердеген Памиринде кыш өзгөчө катуу болуп, тогуз айга созулат

Ооганстандын кыргыздар жердеген Памиринде кыш өзгөчө катуу болуп, тогуз айга созулат

Мамлекеттин социалдык саясатынан бардыгы бирдей пайдаланат, ошондуктан турмуш деңгээли деле бирдей.

Айыл башчысы, өзү ооган жергесинде жарык дүйнөгө келген Касымбек Шакир уулу Памирде көпчүлүктүн турмушу жакыр болгонун мага мындайча бышыктады:


Касымбек Шакир уулу Варол: Рахманкул хандын 10000 кою, канча деген төөсү дегендей, (малы) көп эле.Он түтүндүн 150дөн кой, 50дөй топозу болгон. Кээ бирлердин 50 кою болсо болду, болбосо калганы баары эле эчтекеси жок кембагал эле.

Франциялык түрколог, кыргыз таануучу Реми Дор да мамлекеттик социалдык системанын жыты да болбогон ооган кыргыздарында көп киши итке минген турмушта жашагандыгын белгилеген.

Бирок анын кесиптеши Назиф Шахрани туш-тарабынан жолу буулуп, Памир тоолорунда камалып жашаган кыргыздар үчүн Рахманкул хандын мезгилиндеги аманат системасы аларга башка коңшу элдерден өйдө турмуш сүрүүгө мүмкүндүк берген деп ишенет:

Назиф Шахрани: Муну Рахманкул хан ойлоп тапкан эмес. Ач-жылаңач талаада калган адамдар өздөрү келип, малыңды багып берели деп жалынышкан. Ал 130 бүлөгө малын бөлүп берген. Менде ошол эсеп-кысаптын фото-көчүрмөлөрү сакталуу. Памирдеги экологиялык кырдаалда эл катары сакталып калыштын башка чарасы болгон эмес.

Ооган кыргыздары тууралуу үч илимий китептин автору Сулайман Кайыповдун айтымында, Рахманкулдун эли коңшу элдерге салыштырмалуу байманалуу жашаган. Шахрани да ооган кыргыздарынын турмушу кабелтең болгон дейт:

Назиф Шахрани: Алардын мал-мүлкү болгон, Рахманкулдун даанышмандыгынан улам байып отурган. Байлык акыры саналуу гана түтүндүн колунда топтолуп калган. Бирок алар эзүүчү болгон эмес, алар акылдуу болушкан. Малы жутта өлгөндөргө мал бактырышкан. Бул тобокелге салуучулук болгон экени калппы? Бирок ар бир памирчи ушул (Рахманкул хандын малы) менен күн көргөн, алар жашаган Вахан коридорундагы башка калктарга салыштырмалуу, Ооганстандын түндүгүндөгү башка элдерге караганда, айрыкча Ооганстандын түштүгүндөгү элдерге караганда памирлик кыргыздар байманасы ташыган эл болгон.

Өз китебинде Шахрани эки миң кыргызга жалпы жонунан 36000 кой, 2-3,000 топоз туура келгендигин жазат.

Кедейлиги үчүн кедейдин өзүн күнөөлөгөн канчалык туура? Бирок Рахманкул хан чириген деле байдын баласы болгон эмес шекилдүү. Өзүнүн айтымында, миңбашы атасынан калган анча-мынча малын советтерге алдырып, итке минип калгандан кийин, биттейден курап, кайра байлык топтогон. Бул тууралуу хан Шахранинин тасмасында мындай деп баяндаган:

Рахманкул хан: Атамдын малы көп эле, эки миңден ашык малы бар эле. Кар болуп, жут болуп, ал адамдын малдары өлүп, мага 200чө мал (бөлүп) берген. Аны орустар (19)41-жылында алып кетти. Менин эчтеме малым калбады. (Тырмалап жүрүп) 30-40 кой кылып, аны 200гө көбөйтүп, ошондойлор болуп, аны жакшы тарбияладым, жакшы карадым. Барып-барып (мал) көбөйдү. Көбөйгөндө бир-эки адамга жардам кылдым. Мына 25-30 жыл болуптур, бир миң, эки миң болуп көбөйдү. Ошентип, 5-6 миң кой болду.

СӨЗ СОҢУ

Ошону менен Рахманкул кыргыздардын ханы гана эмес, бүт Бадахшанга таанымал болгон. Ооган кыргыздарын 40 жыл бийлеген Рахманкул хан Кабулда да кадырлуу болгон: аны ооган бийликтери таасирлүү эл башчысы катары билишкен. Рахманкул ооган шахынан тартып, өкмөт министрлери, чет элдик дипломаттар менен иштиктүү, сый мамиле түзгөн.

Уландысы бар

ЭСКЕРТҮҮЛӨР:

Төмөндөгү булактар колдонулду:
Азия Ньюс гезити, 22-август, 2013-ж
Die Kirghisien, Music aug Afghanistan, Remi Dor, C. Naumann, ADEVAPHON, Graz, Austria, 1978;
The Kirghiz and Wakhi of Afghanistan, Adaptation to Closed Frontiers and War, Nazif Shahrani, 1979

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG