Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Обама Wikileaks сайтына маалымат берген адамдын күнөөсүн кечирди


 Эдуард Сноуден.
Эдуард Сноуден.

АКШ президенти Барак Обама кызмат мөөнөтүнүн аякташына үч күн калганда WikiLeaks сайтына жашыруун маалыматтарды берген Челси Мэннингдин жаза мөөнөтүн кыскартты. Ага ылайык, 35 жылга эркинен ажыратылган Мэннингдин жаза мөөнөтү 7 жылга чейин кыскартылды. Эми 29 жаштагы трансгендер Челси Мэннинг 17-майда эркиндикке чыгат деп маалымдайт New York Times.

2010-жылы Иракта кызмат өтөгөн учурунда ефрейтор Брэдли Мэннинг “Викиликске” Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар жөнүндө миңдеген жашыруун маалыматты берген деп айыпталган. 2014-жылы ал АКШнын аскер абагында жатып, жынысын жана атын расмий түрдө алмаштырган.

Анын түрмөдө жаткан убакта бир нече жолу өзүн өлтүрүүгө жасаган аракетинен улам, укук коргоочулар президент Барак Обамадан аны кечирүүсүн өтүнүп, кайрылышкан. Ошондой эле ушул тапта Орусияда жашап жаткан Эдуард Сноуденди кечирүүгө чакырган петицияга миллиондон ашуун адамдын колу коюлган. Акүйдүн өкүлү мурдараак Сноуден менен Мэннингдин иштерин салыштырууга мүмкүн эместигин түшүндүргөн.

Эдуард Сноуден АКШнын атайын кызматтары ар кайсы мамлекеттердин жарандарын аңдыганы тууралуу жашыруун маалыматтарды басма сөз каражаттарына жарыялап жиберген.

XS
SM
MD
LG