Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27
Бири кетти Алтайга,
Бири кетти Кангайга,
Бири кетти Эренге,
Дагы бири түшүп кетти тереңге

“Манастан”
Бизде Улуу Кыргыз көчү деген таамай айтылган сөз бар. Чындыгында да биздин эл жүздөгөн эмес, миңдеген жылдар бою жашоого ыңгайлуу, жайыты жакшы, душмандардан алыс жер-сууларды издеп, кээде жеңип, кээде жеңилип, көчүп-конуп жашап келиптир.

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган” дегендей ошол Улуу Кыргыз көчү тээ Батыш Монголиядан башталып, Түштүк Саянды жандап, Энесай менен Алтайды арытып, акыры Ала-Тоону айланчыктап барып токтогон экен.




Ошондой улуу көчтөрдүн бири, тагыраак айтсак, бүтүндөй ХХ кылымдагы эң эле кейиштүү окуялардын бири - бир нече миң памирлик кыргыздардын дээрлик алтымыш жылга созулган көчү, көч эмес, качкын турмушу, аны менен байланышкан нечен азап-тозоктор десек эч бир жаңылбас элек.

Бул көчтү тыргыз тарыхындагы дагы бир трагедиялуу окуялардын бири десек туура болот го. Анын себеби Памир-Алай кыркаларын жердеп, Сары-Кол, Мургаб деген аскасы асман тиреген тоолордо жашаган айрым кыргыз уруулары жаңы орноп баштаган Совет бийлиги менен эч бир тил табыша албай, жаңы замандын ыркына таптакыр көнбөй, тарыхтын объективдүү мыйзамына моюн сунбай койгон эле. Сарыколдук тейиттер, Мургабдык наймандар 1920-жылдардан баштап басмачылардын каршы туруу кыймылына кошулуп, ортодо кан төгүлүп, эл турмушу катуу тополоңго түшө баштаган болчу.

Анын үстүнө Совет бийлиги да жаңы тартипти, өз саясий системасын, таптык идеологиясын эволюциялык эмес, революциячыл жол менен орнотуп, айрыкча жеке менчикти кыскартып, мал-мүлктү мамлекеттештирүү башталганда кылымдар бою эч кимге баш ийбей, өз эркинче, өз бетинче жашаган памирдик кыргыздар акыры Совет бийлигинен качып кутулууну, жер которууну чечкен.

Жаңы бийликтин саясатын жакшы түшүнбөгөн, киргизген жаңылыктарын караманча кабыл албаган сарыколдуктар акыры Жапаркул миңбашы, найман уруусунан чыккан Сартпай, андан тышкары Токтосун байбача дегендердин тилине көнүп, адегенде Кытайга ашкан. Бирок 1916-жылдагы кыргыз качкындарын унута элек кытайлар сарыколдуктарды өз аймагынан тез аранын ичинде чыгып кетүүнү талап кылып, акырында кыргыз качкындары айласыз Ооганстандын ак кар, көк муздуу тоо кыркаларына бет алган. Ошентип нечендеген азап-тозокторду, өлүм-житимдерди баштан кечирип, заматта өз эл, өз жеринен четке сүрүлгөн, эзели адам жашабаган Ооган тоолорун пааналаганга мажбур болгон качкын кыргыздар бир жылдык же он жылдык эмес, дээрлик алтымыш жылга созулган көчмөн турмушка, бозгун тагдырга туш келген.

Азыр биз ооган кыргыздары деп атап жүргөн мекендештерибизди анык азапка туулган кыргыздар десек туура болот го. Айтса-айтпаса, 4 миң метрден ашуун бийикте 55 жыл жашап, жайы абдан кыска, кышы ит өлгүдөй суук Ооган Памирин элестетеличи. Уй же жылкы кармаганга кышкы чилде менен абасы суюк бийик тоо мүмкүнчүлүк бербегендиктен кыргыздар жалаң топоз багып, кой менен эчки урунуп, адам чыдагыс шартта туура 55 жыл жашады.

Ошончо жыл эрте келген өлүмдөн башы чыкпай, же медицина, же мектеп дегенден кабары жок болуп, адам чыдагыс оор турмушта жашап келишти. Кыз балдардын аздыгынан өмүр бою үйлөнбөй, бала жытын жыттабай өтүп кеткен жүздөгөн эркектерди, тарыхтын мыйзамынан качам деп тагдырдын татаал сыноосуна туш болгон элге бооруң ачыйт.

Бирок Ооганстанга ооп келгенге жарым кылымдан ашканда сарыколдук кыргыздар дагы да жер которгонго, качканга аргасыз болгон. Себеби 1979-жылы Советтер Союзунун куралдуу күчтөрү Ооганстанга басып кирип, Кабулда жаңы коммунисттик режим бийликке келген. Совет бийлигинен эртелеп жүрөгү калган памирлик кыргыздар дагы качууга аргасыз болуп, бул жолу түштүктү көздөй, башкача айтканда Пакистанга жол тарткан.

Акыры Гиндикуш менен Гималай тоолору тогошкон Гилгит деген өрөөндү баш паанек кылышкан. Пакистан өкмөтү качып киргенге уруксат берсе да, качкындарга жарытылуу жардам бере албай, натыйжада Памирдин катуу суугунан Гилгиттин ным аралашкан ысыгына, чымыны менен чиркейине, ар түрлүү бөйөн-чаянына кабылган тоолуктар массалык өлүм-житимге дуушар болган.

Кудайга шүгүр, акыры качкын кыргыздардын тагдырына Бириккен Улуттар уюму көңүл буруп, Кызыл чырым менен Кызыл жарым ай коомдору көмөк көрсөтүп, мекендештерибизге Америка Кошмо штаттары менен Канада, андан соң Түркия жардамга колун сунуп, акыр аягында коммунисттерден дээрлик алтымыш жыл качкан кыргыздар америкалыктардын эмес, тили менен дини жакын түрктөрдүн сунушуна макул болгон.

Ошентип мал-жанын Пакистанда сатып бүтүрүп, баягыдай топоз менен, же болбосо жөө жалаңдап эмес, “Боинг” учактарына отурган алайлык кыргыздар 1982-жылы Адана шаарына келип түшүп, андан соң Ван көлүнүн тегерегине биротоло отурукташкан.

Эми ушул азапка туулган кыргыздардын башында ким болгон, аларды артынан дээрлик алтымыш жыл ээрчитип, эки мамлекетти артына калтырып, акыры Түркияга алып келген ким эле деген суроо туулат. Жооп: адеп Памирден жер которуп, Кытайга, Кытайдан соң Ооган Памирине баштап келген Жапаркул миңбашы, Сартпай хан, Токтосун байбача жана башкалар болгон. Андан соң дээрлик 40 жыл кыргыздарга баш-көз болуп, Ооганстандын жетекчилери менен жакшы тил таап, Кабулдагы бийлик менен абдан жакшы байланыш орноткон, андан соң Ооганстандан жер которуп, калкты Пакистанга, андан соң Түркияга баштап келген Рахманкул хан экенин биле жүрүшүбүз керек.

Азыр эми Рахманкул ханды сындап да, мактап да кереги жок го. Биринчиден, алайлык кыргыздарды Ооганстанга ээрчитип келген ал эмес, анын атасы Жапаркул миңбашы, дагы бир топ жергиликтүү билермандар эле. Экинчиден, эмне болсо да элди таштабай, акыр-аягына чейин бирге болуп, кыйын тагдырды бирге бөлүшүп, Рахманкул кандай болсо да кат-сабатсыз, ким тыңыраак сүйлөсө, ошонун оозун караган тоолуктарга баш-көз болду.

Ошону менен бирге Тарыхтан да, Тагдырдан да качып кутулуу эч бир мүмкүн эмес экенин эч кимиси билген жок. Маселен, эч кайда качпай, маңдайга жазган турмушту көрөбүз деп ата конушунан бир кадам жылбаган азыркы алайлык кыргыздар менен Ооганстандын Памиринде азыр да жашап жүргөн кыргыздырдын турмушун салыштырып болобу? Албетте, жок. Алтымыш жыл качса, баары бир кайрылып туулган жерге келишти.

Сөзүбүздү дагы бир жолу тактай кетели: азыр оогандык кыргыздардын азаптуу турмушу үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөш туура эмес. Кайсы бир деңгээлде алардыкындай тагдырды большевиктердин бийлигинен качкан орус эли да, ал эмес биз менен эле канатташ жашаган өзбектер менен казактар да баштан кечирди. Маселен, ак падыша кулагандан кийин Батыш мамлекеттерине качкан миңдеген орустар өлгөнү өлүп, калганы калып, акыры бир топтору СССР кулагандан кийин кайра эли-жерине келишти.

Кыскасын айтканда, ХХ кылым ушундай коогалаңдуу кылым болду. Эки дүйнөлүк согуш, андан тышкары да “кансыз согуш”, 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясы, дүйнөдүгү эң акыркы империя СССРдин кулашы, кылым соңунда дүйнө картасында бир заматта 15 жаңы мамлекеттин пайда болушу - ушулардын баары ХХ кылым деп аталат.

Ошентип эң акыркы кыргыз ханы Рахманкул 1990-жылы 77 жашында Эрзурумда катуу оорудан каза болду. Бул да болсо Кудайдын берген жазмышы го - багымсыз Кыргыз мамлекетинин пайда болушуна бир жыл калганда келгис сапарга кетти. Бир кезде Жапаркул миңбашыны, башка кыргыз төбөлдөрүн ээрчиген миңдеген памирлик кыргыздар акырындап өз мекенине, Кыргызстанга кайта баштады. Башкача айтканда көч дале болсо уланууда. Ушул тапта жүздөгөн памирдик мекендештерибиз, ошол эле Рахманкулдун балдары, неберелери азыр Кыргызстандан, ата конушу Алайдан, айрымдары Бишкектен орун-очок алып, эл кандай жашоо кечирсе, ошондой турмушта жашап жатканын белгилей кетели.

Жалпысынан алганда, биз, кыргыз эли, Тарыхка же Тагдырга таарына турган жөнүбүз жок. Тагдырыбызга да, Тарыхыбызга да миң мертебе шүгүр дейли - азыр өз байрагыбызды желбиретип, эли-жерибизге толук ээ болуп, чоң катардагы улутпуз. Ырас, адаштык, кээде алдандык, ашуу ашып, таш бастык, каныбыз кээде суудай төгүлдү, бирок акыры максатыбызга жеттик.

Ошондуктан кудай эли-жерибизден айырбасын, эгемен, күнкорсуз Кыргызстаныбызды бизге түбөлүк кут кылсын деп тилейли.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG