Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

“Азаттыктын” кабарчысы аялдар укугун коргоо боюнча сынакта утту


Санжар Эралиев
Санжар Эралиев

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги аялдарга жана кыздарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк өнөктүк алкагында журналисттерди сыйлады. Элчи Рене Холенштайн аялдар укугун мыкты чагылдырган кабарчыларга сыйлыктарды 8-декабрда тапшырды.

Сынакты “Сезим” кризистик борбору “Интерньюс” менен бирге жүргүздү. Каржылык колдоону Швейцария элчилигинен тышкары,“Сорос-Кыргызстан”, БУУ аялдары уюмдары көрсөтүштү.

Сынакка 66 автордон 100дөн ашуун материал түшкөн. Журналисттердин эмгектери калыстардын кароосунан өтүп, төмөнкү кабарчылар жеңүүчү деп табылды:

Телерадио багытында:

3-орундун эки сыйлыгы “Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевге жана Биринчи радиодон Таалайгүл Сыдыкбековага ыйгарылды.

2-орун НТСтин Оштогу кабарчысы – Гүлжан Алтымышбаевага,

1-орун журналист Аида Касымалиевага берилди.

Гезит жана интернет басылмалар багытында:

3-орун - Анархан Жаңыбаева,

2-орун – Аймира Мендеева,

1-орун – Дина Кожахметова.

Блог жана мултимедиа багытында:

2-орун – Алтынай Балтабаева,

1-орун – Бермет Талант.

Жеңүүчүлөргө сертификат, эстелик белектер, Айпед жана Айфондор тапшырылды.

“Азаттыктын” кабарчысы кыргыз коомчулугундагы келиндерге болгон мамилени талдаган “Муфтий келиндерди коргоп чыкты” макаласы үчүн сыйланды.

XS
SM
MD
LG