Линктер

Үркүндүн 100 жылдык мааракесин утурлай анын айланасында маалымат тиреши күчөдү.

Айрым орусиячыл маанайдагы окумуштуулар жана коомдук-саясий ишмерлер мындан бир кылым илгери болгон окуяга жаңыча тарыхый-саясий баа берүү аракетин айыптаган пикирлерин байма-бай билдирип жатат.

Кыргызстанда бул кандуу окуя кыргын, геноцид деп эсептелиши керек дегендер да, эң ириде Орусиянын кабак-кашын кароо зарыл дегендер да бар.

Перспективдүү изилдөөлөр борборунун жетекчиси, философия илимдеринин доктору Сергей Масаулов Орусияны жаман көрсөтүү үчүн эң ириде батыш окумуштуулары Үркүндү кайра жазууга куштар болуп жатканын айтып чыкты.

“Спутник” маалымат агенттигине курган маегинде Масаулов жүз жыл мурунку окуяны көтөрүлүш, же лидери, атайын планы жок кокусунан чыккан козголоң болгон деп сыпаттады. Геноцид, же улуттук боштондук кыймыл болгон эмес деп билдирди.

Масауловдун мындай пикири Үркүндү кыргын деп таануу керек дегендерге жооп болгонсуду.

Былтыр август айында Ысык-Көлдөгү курултайда бир кылым мурдагы окуяга геноцид деп баа берилген эле. Үркүн боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Мамбетжунус Абылов анын мындайча негиздеп жатат:

- Биздин эл кыргынга чыдабай качкан да. Кыргын болгон. Чүй, Ысык-Көлгө чейин кыргыздар жашаган жердин баарын ээлеп, аларды тоо бооруна көчүрүп, отурукташкан жеринин баарын ээлеп алышкан. Ошол жерде алардын тиричилиги жүргөн, эгин айдаган жери болгон. Геноциддин биринчи белгиси – кыргын болот, экинчи белгиси – жашоо-шартын бузат, жашаган жеринен кууп чыгат экен. "Качып кетти, эми болду" дебестен артынан кууп барып кокту-колоттон кырышкан.

Үркүн боюнча коомдук комиссия 11-августта дагы элдик курултай өткөрүүгө камынып жаткан экен. Мамбетжунус Абылов буга чейин курултайда кабыл алынган чечимдер, сунуш-талаптар боюнча расмий бийлик үн катпай жатканына токтолду:

- Биз Путин Үркүндүн жүз жылдыгына келсин деген талап койгонбуз. Бул окуяга байланыштуу иш-чарага катышсын, же болбосо Москвада ушундай иш-чара өткөрсүн дегенбиз. Анткени биз ошол кезде Орусиянын букарасы болгонбуз. Кыргызстан эле эмес, Орусия үчүн да кайгылуу окуя. Кечирим да сурасын дегенбиз.

Үркүн курмандыктарына тургузулган эстелик

Үркүн курмандыктарына тургузулган эстелик

Анткен менен 100 жыл илгерки кандуу окуяны белгилеп эскерүүдө, ага баа берүүдө расмий Бишкек Москванын кабак-кашын эске алышы керек дегендер да бар. Улуттук илимдер академиясына караштуу Тарых жана маданий мурас институтунун директору Акылбек Жуманалиев Үркүнгө баа берүүдө азыркы кырдаал-жагдайды эске алып, аша чаппаш керек дейт:

- Бул жерде азыркы жана келечектеги абалыбызды эске албасак болбойт да. Орусиянын жетекчилери дүйнөгө жаманатты болууну каалабай, геноцид деп баа берилишине каршы пикирин билдирип жатышат окшойт. Бир жагынан буга да макул болсо болот. Биз Орусия менен социалдык-экономикалык жана башка жактан байланышыбыз бар да, жардам да алып жатабыз. Эгер биз болбой эле өзүбүздүкүн айтып чыксак, өзүбүзгө өзүбүз көп тоскоолдуктарды жаратып алышыбыз мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев дагы мындай пикирди кубаттап жатат:

- Эл ошол учурда каршылык көрсөтүп чыккан. Илимпоздор ошол элге кол көтөргөндөрдүн арасында өзүбүздүн анча-мынча адамдар да болгон деп айтып жатат. Ошондуктан бул татаал маселе. Ак падыша жеңип, Октябрь революциясы болбогондо тагдырыбыз кандай болорун ким билсин. Биз болгонун болгондой айтышыбыз керек. Бирок мен тарыхчы катары муну геноцид деп айта албайт элем. Анын белгилери болушу мүмкүн. Бирок кыргыздарды түп-тамырынан бери кырган деп айта албайм.

Былтыр жазында президент Алмазбек Атамбаев Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөө тууралуу жардыкка кол койгон. Анда жүз жыл мурунку кандуу окуянын себептери жана кесепеттери тарыхый жактан адилет баа алышы керек деп белгилеген. Кийинчерээк орус бийликтери кызыл кыргындын белгиленишине каршы эместигин айткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG