Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Алмазбек Атамбаев ушул апта соңунда ооруканадан чыгышы мүмкүн


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда. Аталган оорукана Орусия президентинин иш башкармалыгына карайт. Маалыматка караганда, Атамбаевдин саламаттыгына мурда аны жүрөк илдети боюнча текшерген дарыгерлер көз салууда. Аритмияны (жүрөктүн согушунун бузулушу) дарылоого Орусиянын медицина илимдери академиясынын окумуштуусу, профессор Амиран Ревишвили тартылган. Дарыгерлер президенттин ден-соолугу жакшырып калганын белгилешкен, ал ушул аптанын аягында бейтапканадан чыгышы мүмкүн. ​

Президенттин басма сөз кызматы Атамбаев 2008-жылы ууланганда Түркияда ашказанынан операция болгонун, учурда бул боюнча да профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөнүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун жыйынына кетип жатып жүрөгү ооруп, Түркияда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барган. (NT)

XS
SM
MD
LG