Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Алтын доорду кургандардын бири


Исхак Раззаковдун шакирти, кезинде Кыргызстан Министрлер кеңешинин төрагасы болуп, бир катар маанилүү объектилердин курулушуна түздөн-түз катышы бар Абды Сүйөркулов тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак.

Абды Сүйөркулов - кыргызга албан эмгек өтөп, аты көмүскөдө калган инсан. Анын карьерасы кыш ызгаарындай каарыган Сталин доорунда өр алган. Бут тоскондор көп эле. Кылт этсе тагдырын бир ок чечмек. Бирок өтө чынчылдыгынан жана түздүгүнөн атылбай аман калган.

Алтын доорду кургандар

1950-жылы Кремль Абды Сүйөркуловду Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындаган. Исхак Раззаковдон кийинки адам эле. Үчүнчүсү Төрөбай Кулатов болчу. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин башында турган. Бул үч инсан чогуу иштеген жылдар кыргыз тарыхында алтын доор катары кала берет.

Абды Сүйөркулов атындагы фонддун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, 1950-60-жылдары экономиканын өзөгүн түзгөн объектилердин көбү курулган. Буга Абды Сүйөркуловдун түздөн-түз катышы болгон.

- Стратегиялык мааниси чоң Токтогул ГЭСи, Бишкек-Ош жолу, жогорку окуу жайлар, Илимдер академиясы, театрлар, завод-фабрикалар курулган. Адабияттын, кинонун өнүгүшү бүт ошол доордо башталган. Ошонун баарынын башында Абды Сүйөркулов турган, демек ал оңой адам болбогон да.

Үч инсан улут үчүн чындап күйгөн. Жогорку Кеңештеги Төрөбай Кулатовдун фондун жоюп, ага түшчү акчаны Москвада окуп жүргөн студенттердин стипендиясы үчүн которушкан.

Белгилүү ишмер Орозбек Дүйшеев Москвадагы Тоо-кенчилер институтунда окуп жүргөндө Абды Сүйөркуловду көргөндөрдөн:

- Бир-эки жолу келип, студенттер менен жыйын өткөрдү. “Биз силерди атайын жибергенбиз, кыргыздын өсүшү үчүн аракет кылгыла. Жакшы окугула” дегени эсимде. Анан тыйын-тыпыр берип кетчү. Адамды сүйгөн, адамды сыйлаган жетекчи экенин ошондо билип калганбыз.

Чоң жолдун тарыхы

1952-жылы Абды Сүйөркулов Төө-Ашууну тешип, жол салуу демилгесин көтөргөн. Чыгымын эсептеп көрүшсө 200 млн. сом (ошол кездеги советтик рубль) болот экен. Мынча чоң акчаны Москва бермек эмес. Абды Сүйөркулов ошондо жанын сабап, СССР министрлер төрагасы Георгий Маленковго кат жазып, Сталиндин көздөй кишиси Лаврентий Берияга кирет. Бул чоң эрдик эле. Ал кездеги жетекчилер Берияга сүйлөмөк тургай, көзүнө тик карай алышчу эмес.

Кетмен-Төбөнүн кулуну, актер Темирлан Сманбеков ушул эмгеги үчүн Бишкек-Ош жолуна Абды Сүйөркуловдун аты берилсе деген пикирде:

- Бишкек-Ош жолу боюнча чечим кабыл алуу, ага миллиондогон акчаны бөлдүрүү, Берияга коркпой кирүү эле канча азап болгон. Ошону биздин Абды атабыз барып чечип келген. Бул жол түндүк менен түштүктү эле бириктирбей, ГЭСтердин курулушу үчүн да керек болгон да. Абды ата ошону көрө билген экен. Өзү да “Бишкек-Ош жолунун курулушуна катышып калганыма сыймыктанам” деп бекер айткан эмес да. Ошон үчүн жолго аты берилсе деп жатабыз. Ал эми Төө-Ашуудагы туннелдин аты Кусейин Көлбаев боюнча кала берет.

16 миллион сом чыры же Абды Сүйөркулов эмнеге унутта калган?

Согуштан кийинки оор жылдары эне-баланын өлүмү көп катталчу экен. Бул маселе Абды Сүйөркуловду катуу түйшөлтүп, аны чечүүнүн жолун издейт. Көктөн тилегени жерден табылып, 1957-жылы Кыргызстан кант кызылчасынын түшүмү боюнча рекорд коюп, пландан тышкары 16 миллион сом ашыкча киреше табат. Бийлик башында турган үч инсан кеңешип, бул каражатты балдарга жумшайт.

Абды Сүйөркуловдун өмүр жолу тууралуу “Куттуу жол” даректүү баянын жазган Турусбек Мадылбайдын айтымында, кылдан кыйкым издеп турган Кремлге бул жакшы шылтоо болгон.

- Эсептесек, Кыргызстан ошондо 32 миллион доллар тапкан экен. Бул аябай чоң акча да. Анын эсебинен кичине балдарга жөлөк пул, 1-4-класстарга бир маал ысык тамак бериле баштаган. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дейт. Ушундан кийин Москва “булар бизден мурда коммунизм курабы?” деп чагым уюштурган. Үч жетекчини ич ара чабыштырып, адегенде Исхак Раззаковдун колу менен Абды Сүйөркуловду кызматтан алган. Андан кийин Исхак Раззаковдун өзүнө асылган.

Абды Сүйөркулов Москвага жакпай калгандан кийин кызматынан төмөндөп олтуруп, акыр-аягында Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүн жетектеп калган. Кылган иштери да билинбей унутулган. Эгемендик алган жылдары да эмгегине татыктуу баа берилбеди.

Турусбек Мадылбайдын айтымында, мунун да өз себеби болгон:

- Абды Сүйөркуловду Раззаковду кызматтан кетирүүгө катыштыгы бар экен деп жүрүштү да. Мен бул боюнча архивден, эл оозунан маалымат чогултуп, күнөөсү жогун билдим. Оторчулук саясаттын кесептинен ушунча жыл жаманатты болуптур. Чынында ага Москва Исхак Раззаковдун ордуна бар деген экен. “Ал менин устатым” деп көнбөй коюптур.

Аткарылбай калган тилек

Абды Сүйөркулов чыныгы жумушчу табын түзүүнү кыялданып, өкүнүчтүүсү ал тилеги орундалбай калган. Уулу Энвер Сүйөркуловдун айтымында, ал буга өмүр өткүчө арман кылган.

- Бизде интеллигенция бар, дыйкандар бар. Бирок жумушчу тап жок болчу. Союз маалында бир завод ачылса,сөзсүз Орусиядан же башка жактан адистер келчү. Исхак Раззаков менен атам муну 50-жылдары эле жойобуз дешкен экен. Кечээги чабандын балдары эртең жумушчу болсун деп, атайын кесиптик окуу жайларды, интернаттарды ачышат. Бирок ал тилек аткарылбай калды. Атам ушуга арман кылып өттү.

Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Торкен айылында туулган. Быйыл декабрь айында жүз жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат.

Илгери кыргыздар жол салган кишиге чоң урмат көргөзүшчү экен. Бүгүн Абды Сүйөркуловдун жердештери анын ысымын Бишкек-Ош жолуна бергиле деп суранып турган чагы...

XS
SM
MD
LG