Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Орусияда Навальныйдын арызы сотто каралууда


Киров шаарынын Ленин райондук сотунда кайра каралып жаткан “Кировлес” кылмыш иши боюнча 5-декабрда биринчи соттук отурум болду. Анда оппозиционер Алексей Навальный жана ишкер Петр Офицеров жооп берүүдө.

Кезектеги соттук отурум адвокаттардын каршылыгына карабай шейшемби күнгө белгиленди. Адвокаттар 6-декабрда башка сот жараяндарына катышарын айтышып, сотту башка мезгилге которууну өтүнүшкөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Навальный сот муну менен аны коргоочусуз калтырууну көздөөдө деп, өзү да шейшембиде сотко катышпай турганын билдирди. Сот башталарда адвокаттар кылмыш ишин токтотууну, тергөөдөгү мыйзам бузууларды четтетүү үчүн ишти прокуратурага кайтарууну сунушташкан. Бирок ал канааттандырылган эмес. Адвокаттар муну менен сот объективдүү эместигин көрсөттү деп билдиришүүдө.

“Кировлес” боюнча 2013-жылы Алексей Навальный беш жарым жылга шарттуу түрдө кесилген. Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйга байланыштуу сотту “адилетсиз соттук териштирүү” деп атаган. Мына ошондон кийин Орусиянын Жогорку Соту бул ишти кайра кароону чечип, бирок ишти мурдагы эле сотко кайра жөнөткөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG