Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Дүйшөн Токтосунов - Улуу Үркүндүн балдарынан. Кытайга качканда анын атасы 18 жашта болчу. Ал атасынын тагдырын жарым кылымдан кийин кайра кайталаган.

1960-жылдардын этегиндеги СССР менен Кытай ортосундагы дипломатиялык жаңжал маалында ошол кездеги Кытай бийлигинин кысымына кабылып, түпкү мекенине ашуулар аркылуу качып өткөн. Дүйшөн Токтосунов аталарынын жана өзүнүн тагдыры тууралуу “Азаттыкка” келип айтып берди.

Турпанда комузду атама Карамолдо үйрөткөн

“Азаттык”: Мына, сиз жетимишке келип калган экенсиз. Аталарыңыздан эсиңизде калган Улуу Үркүндүн изи, чындыктын учу барбы?

Дүйшөн Токтосунов: Бар, бар. Атам кыргыздардын качабыз деп эл кантип кыйналганын, көп кырылып калганын эстечү. Орустар артынан кубалаганын, көч узап кетсин деп артта акмалап калган, мылтыгы бар далай жаштар окко учканын эстечү.

Үркүп бараткандар Пикиртиктин башындагы Көтөрмө деген бийик кум ашуудан ашып, Кытай тарапка түшкөндө бүркүттүн канатындай болгон Терек-Аскага камалып калышат. Борошо дейт. Кырылган мал-жанга ошол Терек-Аска толгондон кийин аман калганы үстүнөн тепсеп өтүшкөн экен. Өлүп жаткан келиндин эмчегин баласы эмип жатыптыр дейт. Аны алып, калган-катканы Үч-Турпан, Жаман-Суу жакка барышат.

Аларды тосуп алган ошо жердеги эл ичинде Карамолдо бар экен. Комузчу, ат жабдык да жасайт, молдолугу да бар, куран китептерди окучу дейт. Атам чоң атамдын 15 баладан тирүү калган жалгызы экен. Калганы бүт басмадан өлүптүр. Ошол жерден чоң атам Кармолдого балама бардык өнөрүңдү үйрөт, чыгымыңды мен көтөрөйүн дейт экен. Түбү бардар киши болуптур. Ошентип үйрөнөт. Мен билгенден атам чоң комузчу эле. Карамолдо Орозовдун күүлөрүнүн баарын чертчү. Атам черткен тааныш күүлөрдөн биякта эки-үчөөнү уга албадым.

“Азаттык”: Үркүндү атаңыз өз көзү менен көргөн бекен?

Дүйшөн Токтосунов: Өз көзү менен көргөн. 1880-жылы төрөлүп, 85 жашында кайтты атам. Үркүп баргандардан Дейилда деген бир келин бар эле, ооз комузду укмуш чертчү эле дейт. Эки чыныны эки ууртуна коё калып чертээр эле деп калчу. Ошого арналып “Дейилда” деген күү чыккан экен. Аны Кара Молдо чыгарганбы же атам чыгарганбы – белгисиз. Ал күү бул жакта жок экен.

“Азаттык”: Аталарыңыз ошонде каерге отурукташып атат?

Дүйшөн Токтосунов: Атам чек арага жакын Жаман-Суу деген жерге токтогон экен. Зындан, Айры, Пикиртик, Кайчы, Балдыр, Көк-Ирим тоолорунун баары чек арага барып такалат. Мен дагы кийин ошол Айрынын ашуусу аркылуу качкам.

Кытайдан качканда

“Азаттык”: Эмнеге качтыңыз?

Дүйшөн Токтосунов: Мен мектепте жакшы окудум, өкмөттүн ишинде иштеп, башкармага чейин жеттим. Даманский боюнча Кытай менен бул жак (СССР - авт.) уруша кетпедиби. Анан алар басып келсе кыргыздар кошулуп кетет деп, бизди аябай кысмакка алды.

1968-жылдын күзүнөн баштап туура эки жыл катуу кысым болду. Бир колхоздон 24 кишини чогултуп алып, концлагер сыяктуу күндүзү жердин алдынан орус келсе согушабыз деп “окоп” каздырып, түнкүсүн сабашат. Ошондон бешөө өлдү. Бизди түрмөгө ала турган болду. Эч акыйкаттык таппадык. Айтканыбыздын бардыгын жалганга чыгарып, кайра сабайт. Кой, акыйкаттык таппай калдык буерден деп качтык. Жетөөбүз элек, экөө калып калды. Биякка келгенде чындыкты айттык, качалы деген эмеспиз, беш кыргыз өлдү, чоңдорубуз түрмөгө кетти, акыйкат издеп келдик деп.

“Азаттык”: Бул жактагы кызматтар ишендиби анан силерге?

Дүйшөн Токтосунов: Биз беш ай түрмөдө жаттык. Анан үчөөбүздү чек араны буздуңар деп, 1,5 - 2 жылдан кести. Мордовиянын түрмөсүнө алып барышты. Ал жерде гректер, жапондор, оогандар, казактар, уйгурлар, иши кылып чет өлкөлүктөрдүн баарын кармаган лагерь бар экен. Ошол жерде жаза өтөдүк, иштедик. Чыкканда иштеген акыбызды берди. Анан акталдык. Кагаздарым бар. 1985-жылы жарандык алдык. Ага чейин көк паспорт менен жүрдүк.

“Азаттык”: Кытайдан кантип келдиңер? Силерди оңой эле качырып жибердиби?

Дүйшөн Токтосунов: Биз адам баскан өзөндөр аркылуу эмес, кийик жүргөн зоолор, чокулар менен жүрүп отурдук.

“Азаттык”: Азыр эми кайра Кытайга каттаганга мүмкүндүк барбы?

Дүйшөн Токтосунов: Бар. Көп жолу барып келдим.

“Азаттык”: Кытай өкмөтү артыңыздан түшкөн жокпу?

Дүйшөн Токтосунов: Жок. Биринчи барганда суракка алды. Болгонун айттым.

“Азаттык”: Сиз менен качкан бешөө тең Үркүндүн балдарыбы?

Дүйшөн Токтосунов: Негизи ошондой.

“Мундуз экенимди гана билем”

“Азаттык”: Жанагыдай кысым болбогондо кыргыздарда негизи кайтуу максат деле болбосо керек?

Дүйшөн Токтосунов: Максат болгондо деле чек ара жабык болду. Кабар жетпей калды убагында. 60-жылдары чек ара ачылганда Кулжадагы кыргыздардын далайы Түпкө жетип алышкан экен. А биз жакка кабар жетпей калыптыр. Мектепте окуучу кезим эсимде, мал доктурбуз деп кыргыздар жүрчү. Асан, Үсөн, Апал, Үпөл – эгиздербиз деп да бизди сүрөткө тартып келип калышчу. Кийин чек ара жабылды дегенде алардын бардыгы жок болуп кетишти. Кытай түрмөгө алып кеттиби, Советке кайтып кеттиби – билинбей эле калды.

“Азаттык”: Бияктан туугандарыңызды таптыңызбы анан?

Дүйшөн Токтосунов: Таякелеримди таптым. Көлдө Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Мундуз (Жети-Өгүз району – авт.) деген айылдар бар. Ошол жакта Ыбыке, Байбото деген таякелерибиз бар деп таэжем айтчу. Алардын бирөө согуштан келбей калыптыр, бирөө келгенде кайтыш болуптур. Балдарынын бирөө Тажикстанда атайын кызматта, бирөө айыл чарба институтунда иштечү экен. Аларга айтсам, “жо-ок, Кытайда дегеле тууганыбыз жок” деп коюшту. Кызматтарынан коркту да, бечаралар. Туугандарын атам да айткан. Бирок, балалык кылып, жазып албаптырмын. Туугандарымды таппай калдым. Бир гана мундуз уруусунан экенимди билем. Үч-Турпанда көлдүк, оштук мундуздар көп, катташып турушат.

Энем Үркүндө таянемдин боюна барып, Турпанда төрөлүптүр. Ошон үчүн аты Тупаш болчу. Атам 50, энем 14 жашында баш кошушкан. Тагдыр болсо керек, төртүнчү аял болуп тийген. Эки аялынын бирин бүлө болбойт деп чоң атам кетирткен. Экинчиси Кыргызстанга ата-энесин ээрчип кеткен, үчүнчүсү төрөбөй калып, менин энемди өз колу менен атама алып берген экен.

“Азаттык”: Энеңиз канчасында кетти?

Дүйшөн Токтосунов: 85ке чыгып, анан кетти. Энем мен биякка качканда бар болчу. Энем өзү уруксат берди эле. Кайтып көрбөй калдым. Адам буйрукка жараша жашайт турбайбы.

“Азаттык”: Азыр эми жашооңуз кандай?

Дүйшөн Токтосунов: Кудайга шүгүр. Беш балам, он беш неберем бар.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG