Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Үркүн: атамдын өмүрүн коштогон арман


Учурда "Үркүн" көркөм тасмасынын Ысык-Көл облусунун Дархан жана Саруу айылдарынын жогору жагында орун алган Жууку капчыгайындагы эпизоддору тартылууда.

Учурда "Үркүн" көркөм тасмасынын Ысык-Көл облусунун Дархан жана Саруу айылдарынын жогору жагында орун алган Жууку капчыгайындагы эпизоддору тартылууда.

Атам Сулаймандын өзүнөн уккан Улуу Үркүн жана ошол маалдагы башка окуялар жөнүндө билгенимди жазып коюуну туура көрдүм.

Улуу Үркүндүн башталышы, орус падышачылыгынын зомбулугу, карапайым элди аёосуз эзүүгө, жерлерин келгиндер ээлеп алышына чыдамы түгөнүп, каршылыкка көтөрүлгөн элди орустардын улуу элдиги чын болсо түшүндүрүү менен, болбосо кысым көрсөтүү аркылуу эле басып койсо болмок. Бирок, алар куралсыз элге массалык кыргын салып жок кылып, жерди биротоло тартып алып, өлгөндөн калганын кулга айланткылары келишкен. 1917-жылкы революциянын эпкинин биздин эл жүрөгү менен эртелеп туйган окшойт. Бирок 1916-жылкы үркүн кыргыз элинин тарыхында эч качан өчпөшү, эч качан кайталанбашы керек.

1916-жылы атам 18 жашта экен. Эл орус падышачылыгынын аскерлеринин куралдуу күчтөрүнүн аёосуз кыргынына туруштук бере албай Кытай жерине жапырт качууга аргасыз болушккан. Ошол маалда желедеги кулундардын ноктосун чечкенге шайы келбей кыркып айдап кетишиптир. Жолдогу айылдарды эч нерсесин койбой кырып келе жатышат деген каңшаар, ого бетер үрөйлөрүн учуруп, шаштысын кетирет. Боз үйлөрдүн үзүктөрүн сыйрып, ала кийиз, бир аз төшөнчүсүн, керектүү бир аз буюмун, идиш-аягын алып, он чакты уугун чыгарып алышыптыр, себеби алачык жасоого керек болот дешкен экен.

Биздин айылдан кара туз чыкчу экен, атам капка тууралап бир өгүз, бир ат көтөрө алгыдай туздан бөксөлөп кетиптир. "Каптын оозун кыл чылбыр менен бууп, тузду тең салмактап капты ыңырчакка, ээрге арта салып алып кеттим эле, ошол туз туугандарымдын, айылымдын үй-бүлөмдүн керегине абдан жараттым. Ал түгүл барган жерибиздеги уйгурлар да дары туз дешип, пайдаланып ордуна бир аз ун, талкан берип турушту. Жолдо Беделдин белин ашууда өтө оорчулукту качкындар, өзгөчө кары-картаңдар, кыз- келиндер далайы жолдон кырылгандан калганы, көргөн азабынан дагы барганда бир аяк талкан үчүн кыздарды токолдукка же жөн эле алып калып жатышты. Аргасыз көтөрүүгө туура келет экен", - деп атам түтөп кетээр эле.

Жолдо баратканда ашуунун этегинен эмне деген ойго келбеген, бүткөн бойду титиреткен шумдуктуу кордуктарды көрдүм. Ала кийизге ороп тегеретесин таш бастырып койгон бир адамды көрдүк, ооруп, алы келбей калса керек, тирүүлөй эле калтырып кетишиптир, алып жүрүүгө болбой калган окшойт. Биз да айла жок ала алган жокпуз. Ушул күнгө чейин кечире да, унута да албай жүрөгүм канап кетет деп кейиген.

Бир жылдан кийин ак падыша кулап элге уруят заман келди, кайра кайтып келсе болот экен деген каңшаар угулганда сүйүнүчтөн көзүбүзгө жаш тегеренди. Эл-жерибизге кайра кайтып келүүгө кам урдук. Ошол маалда 13-14 жаштагы кыздардын көбүн дээрлик алып калууга аракет кылышыптыр.

Биздин үйгө атама 1961-жылы жаз айларында бир адам кат менен кошо үч-төрт сантиметр ак жоолукту байлабай ийинине түшүрө салынган сүрөттү кошо алып келип тапшырды. Көрсө ал кат Үркүн маалында Кытай жергесинде калган аталаш карындашынан бир ай жол жүрүп, колдон-колго өтүп ээсин таап келген аманат кат экен. Кыргыз элинин илгертен келе жаткан аманатка кыянат кылбаган, ажат ачкан адамдык парзын туу туткан, ошончо алыс жолдон ат менен катташкан адамдар аркылуу Ат-Башы элине ушундай жоопкерчилик менен келген кат атамдын колуна тийген.

Ошондогу атамдын акывалы өткөн Үркүн маалына кайтып баргандай күйүтү күчөп эки күн айтып да, ыйлап да түгөтө албай, бир чети аталаш карындашынын амандыгына, балалуу болгонуна сүйүнүп, катты мага кайра-кайра окутуп сүрөтүн карап алып, өзүнүң өлгөн карындашы менен Кытайда калган карындашы экөө тең чамалаш экенин, таштап келсем аман болмок турбайбы, бала-бакыралуу болмок экен деп,- дирилдеп ыйлаганда мен да кошулуп ыйлагам жүрөгүмдөн.

Эжебиздин катында жерин бир туугандарын сагынганы, айылдын аягында аралап киргенде арасынан мал-жан көрүнбөгөн ыргалган чийлүү жеримди, бир туугандарым Сулайман, Токтонаалы, Калиман, Кадыраалылардын бирөөнүн эле жүзүн көрүп өлсөм арманым жок эле дегени, калып калганда кара ташты жазданып ыйлаганда армандуу жашка таш да туруштук бере албай оюлуп так калганын, жүрөгү канап, көңүлү сыздап жүргөнүн, канчалык үй-бүлө күтүп эл катары жашаса да баары бир бөксөсү толбой жашап келгенин, апам силерди көрүп тилеги кабыл болсо көксөсү сууп, өмүр бою сагынган кусасы тарайт беле деген катты эки уулу билимдүү мугалимдер экен, буру-териси жок апамдын өз оозунан чыккан гана сөздөрдү жаздык, - деп салам жолдошуптур.

Атам бронхит менен ооруган киши эле, айыгып баргыча эле эки мамлекеттин ыркы келишпей, жол жабылып, бир туугандарынын бирөө да бара албай ого бетер өкүттө калышты. Үркүндө үй-бүлөсү тууралуу баштарынан өткөнүн атам ошондо эскерип, чоң күйүт менен айтып бергени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эстегенде жүзү курусун Үркүндүн, окко кырылганы аз келгенсип, ач бел куу жондо кыргынга учурап, көбү жолдон тузу жок тамак ичип аккүп болуп шишип, шайлары ооп мерт болгондор, бөрүлөр аз келгенсип ал түгүл жолбун иттер жапайы болуп көбөйүп ачкачылыктан адамдын өлүгүн жеп, андан соң бирди-жарым кишилерге тиш салып калышыптыр. Карышкыр кишинин өлүгүн жечү эмес экен, анткени ал бөрү да.

Бир жагынан оору, ачкачылык каптап, андан аман калгандары кайра кайтып келе жатканда көп жоготууга кабылгандарын бир эле атамдын үй-бүлөсүнүн тагдыры ар бир кыргыздын тагдыры деп түшүнүүгө болот. Кытайга барганча энеси, кайтып келе жатканда 14 жаштагы карындашы, Ат-Башыга жеткенде апасынан ажырап, атам иниси экөө эле калыптыр. Ошол кат келгенде атамдын эски айыкпаган жарасынын оозу ачылды окшойт, карындашы тууралуу айткандары:

- Уйгурдун жалгыз эркек баласы эжемдин журум-турумуна, сулуулугуна суктанып ата-энесине айтып, алып калууга аракет кылышат. Ошондо мени таштабагыла, эгер таштай турган болсоңор өлтүрүп кеткиле, дегенде атам качсам, уурдасам да алып кетем деген чечимге келет. Алып качуунун камын көрө баштайт. Күндө айдап келчү жылкыларын күн алыс айдап, анан эки-үч күн аралыгын алыстатып, баягы тузунун пайдасын көрөт. Кайра кайтып кетүүчү жол жагына туз төгүп, малын байырлатып, туз сураган малы ал жерден кетпесин билет. Малын таап келдим деп айдап келип, кайра айдап жиберип, түндөп айдап келип, коңшулаш уйгурлары шекшип калбасын деп көндүрө баштайт. Ай отуруп чыгаар маалды болжошот үй-бүлөсү, туугандары менен эл жаткан убакта качып чыгышат. Мерчемдүү жерден жылкыларын андан ары айдап далай жерге тоо аралап узап кетишиптир. Карындашымды калтырбаш үчүн ошол амалды кылдым эле, үмүтүм акталбай калды. Ооруп калганынан астыма өңөрүп алгам. Ат-Башыга кире бериш жерден үзүлүп кеткенин билбей, өзүмө келе албай калдым. Уйгурдун баласы үй-бүлөсү менен чын көңүлдөн жакшы көрдү эле. Аттиң, көзү өтүп кетти. Каргадыбы, ким билет? Жерге берип жатканда бөлөк элде болсо да аман болот беле деп, ичим өрттөнүп калган. Эми минтип көкүрөгүмдү өйүп турса да, аталаш карындашымдын кабарын угуп, сүрөтүн көрүп, эки уулу менен эсенчиликте жүргөнүнө кубанып өзүнө-өзү кайрат берди, - деп айткан эле.

Өзү, иниси үй-жай күтүп очор-бачар болуп калганына тобо кылчу. Тилекке каршы, иниси бир кыздуу болгондон кийин согуш башталып, согушка кеткен бойдон кайтпай калды. Кызы Дилдемди азыр очор-бачар, кудай буюрса көп балалуу болот дечү. Айткандай эле болду, бирок кийин эжемдин көзү өтүп кетти.

Ат-Башы жергесинде бир эжем айтылуу Койкелди ажынын байбичеси эле, төркүндөрүм ашуу ашып келишти, бир ай өргүп эс алып анан кеткиле деп баарыбызды алып калган эле. Ошол учурда Үркүндүн апааты, күйүтү атамды да алып тынды. Ат-Башынын кире беришине карындашымды, өзүндө атамдын сөөгүн жашырып томолой жетим болуп иним экөөбүз жергебизге кайтып келдик.

Жездебиз айтылуу Койкелди ажынын айылында бизди эч нерседен кем кылбай, колдорунан келишинче сый үстүндө болдук. Ошол кезде кадимки Акмөөрдүн Болоту Ат-Башыда кадырлуу адам экен. Койкелди ажынын кайындары Үркүндөн келишиптир деп үйүнө чакырып сыйлаганда, арабыздан күбүр-шыбыр чыгып Акмөөр жөнүндө кеп салып берер бекен деген өтүнүчтү байбичесине бизден улууларыбыз акырын суранып калышты. Ошондо байбичеси:

- Абышка мобул меймандар үркүп-коркуп, арып-ачып келишти, суранып жатышат, ийин жандырбай Акмөөрүңдөн кеп салып койосунбу?- деп керегеде илинип турган комузун алып аяр карматты.

- Макул байбиче ортого түшүп калыпсың, - деп кызылдуу, ак сакалы жайкалган чатыраган Болот ага өткөндөн кеп салып отурду. - Башым менен жата турган Мөөрүмдүн унутулгус окуясын ичиме катып жүрөгүмө басып чанда кана сыртка чыгарчу элем, болбостур карыганда силерге айтып берейин.

Колуна комузун алып кадимки айтылып жүргөн Мөөрдү, хан Жантайга узаткан ырын, Мөөрдүкүн да кошуп ошол күнгө кайра баргандай төгүлүп узакка ырдап отурду. Андан соң Мөөрдүн сулуулугуна төп келген акылы, курчтугу менен Жантайга кабылып калганын анда ал киши 53 жашта экен, көрсө абасы бийик, суусу таза жердин кыздары ошол жаратылышындай болот, Шабданыма колукту карап көрөйүн, эл-журт аралайын деген ой менен жигиттерин ээрчитип Соң-Көл жайлоосуна бет алат. Баары бир буйрукка айла жок экен, белден түшө бериште өзү теңдүү кыздар менен көлдүн кылаасында көлдө түшүп жүргөн болот. Ошол маалда жоон топ атчан адамдардын кырдан чыга калганын көргөн кыздар, чурулдап кийимине чуркашат. Жалгыз Мөөр гана көлдөн чыкпай денесин узун чачы менен жаап туруп калат.

Ошондо Жантай акылы тетик кыз окшойт, жигити Байакеге кимдин кызы экен билип келчи деп жиберет. Эртеси Мөөрдү өз көзү менен көрүп сынамакка Мөөрдүн атасынын үйүнүн тушунан үйдө ким бар деп үн салат. Боз үйдөн Мөөр чыгып үйдөгүлөрдүн жогун айтат. Билип турса да кимдин кызы болосуң деп сураганда Мөөр Жантайды туурап жооп берип койот. Көрсө билинер-билинбес мурду менен сүйлөгөн адам экен. Ошондо атаңкөрү башка ой менен келдим эле, мага тең болуп болбой калды деп өзүнө ыйгарып койуптур.

Көрсө Мөөрдү мурунку күнү кыздар, сени хан Жантай жактырып кетти дешет. Ошо Мөөрүм жаштыгы менен өзү жаңылып, туура эмес жооп берүүнүн натыйжасы Жантайдын жубайы, үч баланын энеси болду. Бирок хандын убада боюнча керези аткарылбай, үмүтүбүздү кара ниеттер бузуп коюшту.

Болот ага комузун күүгө келтиргенде эле боз үйдүн сыртына эл чогулуп калганын туюп, мындан ары айтарымды кудай билет, туурдукту түрүп койгула деди. Сырттагылар да, биз дагы өтө чоң ыраазычылык менен кайттык.

Эжем өз учурунда ашкере уз, өтө сарамжал, акыл калчап иш кылган айылында абышкасынын аркасы менен кадырлуу адам экен. Мунун бир эле далили, Койкелди колунда бар учурунда жетиштүү адам болгондуктан, ажыга барууга өзү теңдүү адамдарды чогултуп бир жыл камданып, коштоочулары менен алты-жети адам Меккеге бет алышат.

Ар бири өзүнчө, үчөө өзүлөрүнүн жигиттеринин да камын кошо көрүшөт. Төө чөлгө чыдамдуулугунан улам жүгүн артып зайыптарынын камдап берген күлазыктарын ж.б жолго керектүү буюм-тайымдарын мүмкүнчүлүгүнчө алтын-күмүштөрүн алып жолго чыгышат. Далай жерге чейин өгүзгө жүктөп ат менен коштоп тоолуу жерлерден узатып, негизги керектүүлөрүн төөгө артып берип узатуучулар кайра кайтышат. Андан ары айчылык жол улап чөл кесишет. Чаначка куйган суулары да түгөнө баштайт, баягы жылдаса бузулбайт деген гүл азыктары бузула баштайт. Жээгө мүмкүн болбой, жол азабынан да ачка калуу коркунучу туулат. Тилекке жараша, Моймол эжем жасап берген гүл азык эч бузулбай баары үнөмдөп азыктанышып, аман-эсен Меккеге жетишет.

Жездебиздин кадыры ого бетер көтөрүлүп эл жерине ажы болуп кайтып келгенде, аял болсо Моймолдой болсун, баарыбызды сактап барып келдик, дешип абдан кадырлашат. Ушундан улам болсо керек, атам аталаш карындаштарын абдан сыйлап, кызды төркүн ыйлатпай мүмкүн болушунча сыйлап турса, эки жакка тең жакшы болор эле дечү.

Кечээ жакында Гүлай аттуу эжебиз 100 жашка жакын кайтыш болду. Ошол карындашы учурунда экинчи Моймолум деп баа берчү экен, ал да бекер жерден эмес болуш керек.

Туугандарым туу туткан кеңешин уга билгенин баамдачумун. Мен ал адамдарды көргөн да жокмун. Кулуке байкем адамдын сырттаны эле бир уул, беш кыз калды. Бириңди бириң унутпай сыйлашып жүргүлө дегени кийин ынтымак бузулбасын дечү тура. Кулуке атабыздын эң улуу кызы Айнакан эжебиз атам кайтыш болгондо төгүлүп кошок кошуп, согуш маалда чиедей баары жаш экенин айтып, байкем болбосо кандай күн көрөт элек, биздин курсагыбызды ачырбай ар тараптуу жардам берип турган деп абдан ыйлаган. Мен анда 21 жашта элем, атам бул жөнүндө анттим эле, минттим эле деп бир ооз да айтчу эмес, эми ойлосом көрсө эмгек өзү эле бааланат турбайбы.

Согуш маалында өзүнүн малына колхоздун малын кошуп, чыгашасыз багып башкаларга, мамлекетке пайда келтирип турушкан адамдар экен. Эр бүлөнүн көбү урушка үркөрдөй болгон биздин айылдан 12 эр-азамат кетип экөө эле кайтып келишти. Кээсинен туяк да калган жок, кайран гана момун Калиманым, атына заты жарашкан созулган Сопубегим, Узагаалы керилген Биялылар баш болуп далайлар кайтпай калышпадыбы. Көкүрөктө таштай катыган Үркүндүн күйүтү басылып келе жатканда согушу башталып кеткенине кабыргасы кайышып кетчү тура. Өзүнүн жашы өтүп калгандыктан Сибирге карагай кыркууга жумушчу дивизиясына өзү барам деп барып кызмат кылат. Согуш бүткөнү аман-эсен кайтып келип, анан сага окшогон барбайган кара кыздуу болбодумбу деп эркелетип койчу.

Атам Сибирге кеткен жылдары улуу уулу Өмүрбек акылы жетик, тири карак кичине кол арага жараган бала экен. Кичүүсү Сатыбек беш алты жаштагы сууга сүткө сийген тентек экен, мунун айтканымдын себеби, жөнү мындай: апам бышырып табакка куюп койгон сүтүнүн үстү сары суу болуп калганын көрүп, бул эмнеси, жаан деле жааган жок эле, жааса да боз үйдөн тамчы тамчылачу эмес эле деп кобурап жүрсө кичүү уулу чуркап келип, апа сүт тешилеби деп аны мен сийгем, тешилбей койду деген экен. Ошондо агам айыл чарба адистик кесипке ээ болуп, мал чарбасын да кырк жылдан ашык зоотехник болуп эмгектенген, айыл аксакалы эле, анын да көзү өтүп кетти. Кемибеген, бөксөрбөгөн, өкүнбөгөн турмушта эч нерсе жок экен. Тагдырдын жазмышын адам баласы көтөрбөскө аргасыз турбайбызбы. Өзүм он бирге келгенде апамдан, 21 жашымда атамдан ажырап калдым, бирок багыма жараша улуу агам Өмүрбек, жеңем өзгөчө мээрим менен бөпөлөп эч нерседен кемитпей көзүмдү карап чоңойтушту.

Тилекке каршы, байкем пайгамбар жашына жетип-жетпей көзү өтүп кетти. Кайран киши жогорку партиялык окуу жайын алдыңкылардан болуп келген, жетекчи кызматтарда иштеп, элине ак кызмат кылып мени баш кылып балдарына жакшы тарбия берип кетиптир. Апам Осуйпа жөнүндө айтпасам бөксөм толчудай эмес, Үркүн маалында 10 жаштагы кыз экен, ал кезде жүндөн ичке жип ийрип согуп кийим кийишчү экен, ошондо апам ийриген жип андан согулган буюм чоң кишилерди, ал түгүл уйгурларды таң калтырыптыр.

Ошол буюмдан ак боз кылып таңдайлаштырып согулган оозун килиптеп жасалган куржунуна таза кийимдерди салып керегеге илип койчу эле. Кийин аны жеңем аздектеп урунуп журдү, апам муну кантип ийригенин Үркүндө жүргөндө согулганын жеңеме апам айтып бериптир. Бир да жеринде кынтыксыз жасалганын көрүп биз колго ийрилип согулганына ишенбей кетчүбүз. Уулуна арнап мындан 65 жыл мурун көтөргөн боз үйү азыр да соккон термеси, кол менен түйгөн чачысы көркүн жоготпой турат атамдын калың булгаарыга күмүштөн түшүрүлүп жасалган кемер куру, апамдын чыныгы кып-кызыл акактан күмүшкө чөгөрүлүп жасалган чолпусун алардан калган буюмдарын небере уул-келиндери баалап урунуп жүргөндөрүнө ыраазымын! Кандай алаамат болсо дагы айга жетсе дагы, улуттук салт-санаасы, үрп-адаты, кол өнөрчүлүгү, комузу, оозеки чыгармасы, Манасы кыргыз эли барда түбөлүктүктүү, кыргыз эли каны менен жаралган өтө маданияттуу эл. Далай кыргын-сүргүндөн эркин тилин, дилин жоготпой салт-санаасын коротпой жер суусунун ээси эгемендүү эл болуп өсүп-өнүп баратабыз.

Кудайым ушуну кут кылсын!

Үркүн тозогу

Сураксыз элим караңгы,

Бута атып ойноп адамды.

Жер суусуна ээ болбой,

Көчмөн эл куурап камалды.

Чыдабай зулум заманга,

Көрсөттү айбат аларга.

Жооп алды залим бийликтен,

Боёлду канга жер суу да.

Үркүштү жапырт жан соога,

Карайлап Кытай тарапка.

Канчасы жолдон кырылды,

Каран түн түшүп заматта.

Үркүндүн тартып күйүтүн,

Үшкүрүп эстеп күнү-түн.

Ак падыша оңбосун,

Далайга салды каран күн.

Ай өтүп, жылга айланды,

Ак падыша айдалды.

Уруят заман келди деп,

Элимдин көөнү жайланды.

Жондордо сөөк көмүлбөй,

Жүрөктөн кеткис өкүнүч.

Арадан жылдар өтсө да,

Артында эли бар экен

Беришти жерге өкүрүп.

Алтын Сулайманова, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG