Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Мына бул жер - өткөн кордук элеси, Мына бул жер - муңдуулардын энеси… Жусуп Турусбеков

“Акылмандын белгиси - алдын алып кеп айтат” деген элибизде накыл сөз бар го. Анын сыңары атактуу Калыгул олуя Х1Х кылымдын орто ченинде, Орусия жерибизге басып кире элек чакта алда недей бир сөз айткан экен:

Биз жашаган - тар заман,
Кийин келээр зар заман...

Айткандай эле адегенде Орус империясы жакшылык менен да, жамандык менен да жерибизди ээлеп, өз бийлигин бекем орноткон соң биринчи эле жасаган иши—кенен жерибизди тар кылыптыр. Кыргыздарды атам замандан бери келаткан жер-суусуна ээ кылбай, сугат жерлерден, айдоо аянттардан адырларга, тоолорго кубалаптыр.

Калыгул олуялык кылып айткан тар заман акыры башыбызга келип, бирок анын артынан чыныгы зар заман келиптир. Кылымдар бою ээн-эркин жашап, эч кимге күнкор болбой келген кыргыз эли ХХ кылымдын башында чындап заманасы куурулуп, “тузем”, “дикокаменный” атыгып, айрыкча Орусия дүйнөлүк биринчи согушка баш-оту менен киргенден кийин алык менен салык күн сайын болбосо да ай сайын өсө баштаптыр.

Ак падыша залимге
Алты атабыз караган,
Ак калпактуу кыргызды
Айдаган малдай санаган, - деп ырдаган экен атактуу акын Калык Акиев.

Ошондо деле байыртадан өз жанын өзү багып көнгөн кыргыздар чыдай бермек го, бирок ак падыша Николайдын 1916-жылдын 25-июндагы жардыгы менен 19 менен 31 жаштын ортосундагы миңдеген жаш жигиттер аскерге чакырылат деген кабар угулганда, ансыз да чыдамы чегине жетип турган эл чагылган сыяктуу чарт дей түшкөн. Башка катуу күн түшкөндө заматта чогула, бириге калган кыргыздар, аскерге жигиттерибизди бербейбиз деген эл-журт ошентип орус бийлигине каршы куралдуу көтөрүлүш баштаган. Нааразылык акциялары айрыкча Чүйдө, андан соң Ысык-Көл жакасында, Кочкордо катуу болгон. Ырас, ак паашага, айоосуз колониализмге каршы массалык козголуштар бүтүн Түркстанга, башкача айтканда, азыркы Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Казакстанга да тараган, бирок Кыргызстандагыдай кандуу кагылышуу эч бир жерде болбогон...

Ошентип ансыз да кыргыздардан кантип кутулуунун айласын таппай жүргөн орус бийлигине жакшы шылтоо табылып, Түркстан генерал-губернатору Куропаткинге императордун амирине моюн сунбаган “туземдерди” жакшылап жазалоого, керек болсо кырып жок кылууга бардык укуктар берилген. Ошентип кыргыз элинин бизге белгилүү тарыхындагы эң эле трагедиялуу окуя, нака Кызыл кыргын, башкача айтканда улуу Уркүн башталган...

Күрөшкө аттанган кыргыздардын каармандыгы, шамдагайлыгы, чечкиндүүлүгү абдан жогору болсо да куралсыздык, заманбап аскерий тажрыйбанын жоктугу, эл ичиндеги ырксыздык тез эле акыбалды тескери жакка буруп, негизинен союл, шылк этме, чочмор баш ж.б. куралдар менен куралданган жигиттер чабуулга эмес, коргонууга өтүп, көтөрүлүш бара-бара улуу Үркүнгө айлана баштаган. Токмок чебин 1500 атчан кыргыздар камаса да, 300 киши өлүп, ок атуучу курал жок болгондуктан эч бир майнап чыккан эмес. Пишпекти, Караколду оромого алуу иши да эч бир оңунан чыкпай, миңдеген азаматтар окко учуп, Ташкенден тез арада жетип келген орустун ойдогудай куралданган жазалоо отряддары кыргыздарды четинен кырып, жынысына, жашына карабай кароолго алган, кыскасы, кыргыз жерин кыргыздардан түп көтөрө тазалоо иши башталган.

Баса, Ташкенден 35 рота, 24 сотня, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 47 пулемет келген. Ал эми кыргыздардын колунда мылтык, ок-дары деген караманча жок болгон, болсо да саналуу гана экен. Токмокту камаганда бир кыргыздын азаматы чептин ичине атчан чаап кирип барып, бир пулеметту сууруп чыккан, бирок аны атканды билген киши болгон эмес, болсо да ага ок-дары жок болгон…
Кыргынга жалаң эле аскерлер эмес, жергиликтүү орустар да жапырт киришкен.

Бишкектеги азыркы Дубовый паркта алдоо жолу менен алып келинген 80ден ашык кыргызды кинотеатрдын ичинде тындым кылышкан. Жалаң Беловодское айылында ошондой эле алдамчылык менен (сүйлөшөлү, кепке келели демиш болуп) 500дөн ашуун кишини сарайга камап туруп, айры, күрөк жана башка шаймандар менен кырып жок кылышкан. Мындай кыргындарды санай берсек сөздүн аягына эч качан чыкпас элек. Ал эми келин-кыздарды көз-көрүнөө зордуктоо, элди каалаганындай кордоо көнүмүшүн айтып отурбайлы...

... Мага ыраматылык Саткын Сасыкбаев, жазуучу жана очеркист айтып берген бир эпизод эсимен кетпейт: “Ал кезде алты жаштагы бала элем, бир маалда жайлоодогу айыл ичи уу-чуу түшүп жатып калды. Эмне болуп кеткенине эч бир түшүнбөсөм да, тири укмуш бир алаамат башталганын бала болсом да сездим. Аңгыча чоң энем атчан баратып мени жерден эңип алды да, артка учкаштырып, түн ичи тынбай жол жүрүп, акыры тополоңго түшкөн эл менен Кичи-Кеминдин башына жетип, анан белге чыктык. Ошондо бир заматка аттарды өргүтүп алуу үчүн тизгин тартып, артка кылчайып карасак, алоолонуп жаткан укмуштуудай чоң өрт көрүндү... Көрсө, эми ала-була болуп бышып бараткан эгинди орустарга жем болбосун деп качып бараткан кыргыздар атайын өрттөп жиберишкен экен. Ошондогудай буркурап ыйлаган элди, айрыкча эркектерди эч качан көргөн жокмун. Эми кайра туулган жерге кайтпай калдык го деген кыргыздар “Кайыр кош, кайран жерлер!” деп акыркы сөзүн айтышып, көзүнүн жашын көлдөткөн бойдон ашууну ашып, акыры Ысык-Көлгө жеттик”.

Эскерүүлөргө караганда, июнь жана июль күндөрүндөгү Боом капчыгайы мал-жаны менен качып бараткан элге, кым-куут түшкөн качкындарга батпай, жан кейите турган, буркурап ыйлай турган муңдуу көрүнүшкө айланган экен. Андан да оор азап-тозоктор Ысык-Көлдүн сыртына жеткенде, азан-казан болгон эл ашууларга жакындаганда, айоосуз кыргын салган орус отряддары арт жактан куугунтуктаганда башка түшүптүр. Азыркы Кумтөрдөн өтүп, Ак-Өгүздүн ашуусуна, Беделге, башкача айтканда Кытайга аша турган ак кар, көк муздуу ашууларга жеткенде октон эмес, ачкадан өлгөндөрдүн, оорудан, эпидемиялардан, тар жор, тайгак кечүүлөрдөн ажал тапкандардын саны күн сайын эмес, саат сайын өсө баштаптыр. Ошентип кылым карыткан кыргыз элинин тарыхындагы эң бир азаптуу трагедия, адам айтып бүткүс одиссея башталыптыр...

Кыргыз адабиятындагы улуу чыгармалардын бири М.Элебаевдин “Узак жол” романында мындай бир эпизод бар: “Күн сурданып, тумандап чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч Кытайдын чегинен өтө албай, ары-бери толкуп, ийрилип турат…

Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атылып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди да, чек арада турган Кытай черүүлөрү алдыдан тарсылдатып аткылап, дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды. Тарсылдаган мылтык сүрүнө карабай толкуган көч кайра жапырылды. Ошентип бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып уюлгуп, калың элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду…

Эл кара талашып, алактап кетип баратып бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктуу аял бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир көрүлдөп агып кирди дейсиң - эми мындагы кыргынды сураба! Чуркураган сансыз үндөр же адамдыкы, же айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү аял бешиги менен агып келаткан, бир жерде өлүп, суунун жээгине тырайып чыгып калган, бир жерде көбүккө бөлөнүп, сууга кетип бараткан баласына чыркырап, энеси түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп отурган… Эми кайсы бирин айталы. Кимди ким билген заман. Өмүрдө түгөнгүс бир жомок болуп жатты…”

Уркүнгө өзү катышып, бүт баарын баштан кечирген Абылкасым Жутакеев минтип жазган:

Калың бугу, сарбагыш
Кайрылбастан ал кетти,
Мал-пулуна карабай
Эчен түркүн жан кетти.
Эл качканда эңгиреп,
Эгин калды басылуу.
Кайнап турган жеринде
Казан калды асылуу...

Кудайдын берген азабы дегендей, ошол жылы кар да эрте түшүп, ашуулар эрте жабылган, күн суугуна айланган. Асман тиреген ашуудан аман-эсен өтө албай, нечен муздун жаракаларына түшүп кеткен, кыя жолдордон учуп кетип, туңгуюкта калган миңдеген адамдарды, айла жоктон алардын үстү менен ашуу ашып бараткан элди, мал-мүлктү айтып отурбайлы. Бул бир эскерүү үчүн өтө оор, жүрөктү ооруткан кайгылуу окуялар...

Бирок андан да жаман азап-тозоктор Кытай жеринде качкын болуп, кайран эл көрүнгөндүн эшигинде корголоп, тири укмуш кыйынчылыктарга туш болгон, эптеп жан багуунун амалын издеп калган кышта жана жазда күтүп турган эле. Ал жөнүндө кыска баян эмки жумада уланмакчы…

(1-бөлүктүн аягы)

Cунуш кылынган адабияттар:

К истории восстания киргиз в 1916 г. // Красный архив, № 3 (16). 1926
Ганин А. В. Последняя полуденная экспедиция Императорской России: Русская армия на подавлении туркестанского мятежа 1916—1917 гг. //Русский сборник.
Исследования по истории России. Ред.-сост. О. Р. Айрапетов, Мирослав Йованович, М. А. Колеров, Брюс Меннинг. М., 2008. С. 152—214.
Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане: Сборник документов. М., 1960.
Турсунов Х. Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане. Ташкент, 1962.
Sokol E.D. The Revolt of 1916 in Russian Central Asia. Baltimore: The Johns Hopkins Press, 1954.
Бройдо Г.И.,
ВОССТАНИЕ КИРГИЗ В 1916 ГОДУ. Издание подготовлено партией «Асаба», 1991

Ибраимов О. Неизвестный геноцид. Краткий очерк истории восстания 1916 года. См. кн. Истытание историей. Москва, Международные отношения, 2008.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG