Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

2-августта Бишкекте жана Боом капчыгайында Улуу Үркүн жана анын курмандыктары эскерилди.

Айрым эксперттер азыркы бийлик бул тарыхый окуяга жетиштүү көңүл бурбай жатат деп, муну Орусия менен алаканы бузуп алуудан чочулоо катары баалашууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Үй куруучулар" партиясынын лидерлеринин бири Бейшенбек Абдрасаков, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев катышты.

“Азаттык”: Советтер Союзу ыдырагандан кийин Үркүндү ачык-айкын сөз кылуу мүмкүнчүлүгү ачылбадыбы. Айрым маалыматтар ачык-айкын айтыла баштады, керек болсо Орусиядан буга байланыштуу документтер табылды.

Ошентсе да 2008-жылга чейин курмандыктарды эскерүү үчүн атайын бир дата белгилөө мыйзамы парламенттен өткөн эмес. Ал тургай бул мыйзам кабыл алынганда да Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин кескин сынына тушуккан. Азыр болсо кыргыз бийлиги Үркүнгө маани бербей жатат деген пикирлерге кошуласызбы?

Бейшенбек Абдрасаков: Кээ бирлери муну саясат кылып жатат. Бул жерде жөн гана куран окутуу, ал эми куран окуткан жерде саясат жок болот.

Албетте өйдө-төмөн сөздөр болот. Ошол эле 2008-жылы демилгечи элем. Токтом кабыл аларда да, сиз белгилегендей, чоң бут тосуулар болгон, Тышкы иштер министрлигине нота келген, Мамдумада маселе каралган.

Кийин биз парламентте карап, кайрылуу кабыл алганбыз. Орус тилдүү журналисттер катуу жазып, кыргыз журналисттер бул маселеге көңүл бурбай коюшкан. Ошондо Аркадий Дубнов деген журналист калыс сөзүн жазган эле.

Саясатчылар колдонуп, ар кандай өйдө-төмөн сөздөрдү айтып жүрүшөт. Мен башка өңүтүн айткым келет. Мисалы, 2005-жылдагы ыңкылап Жалал-Абадда башталса, 2010-жылдагы Таласта башталды дей турган болсок, 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясы 1916-жылы Кыргызстанда башталган. Бүгүнкү күнү Египетте ыңкылап болууда. Ошого биздин ата-бабаларга орустар, башка мамлекеттер рахмат айтыш керек, улуу жүрүштү баштаганы үчүн.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:


Бирок мамлекет жетекчилери акыркы кезде бул маселеге көңул бурбай калды деген пикирлерге да кошулам. Анткени 1991-жылы биз жөө жүрүшкө чыкканда өкмөт өзү колдоп, губернатор, акимдер элди тосуп алып, куран окушкан. Ал эми 2006-жылы атайын жарлыкка ылайык комиссия түзүлүп, акча бөлүнүп, экспедиция жасалган. Бедел ашуусуна барып, ошол кезде курман болгондордун сөөгү жерге берилген. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бийлик өкүлдөрү басып келбей калды. Үч жылдан бери куран окутуп жатабыз, мамлекет тараптан бул багытта алгылыктуу иш болбой жатат.

Каныбек Иманалиев: Бийликтин да бул жерде күнөөсү бардыр. Бирок бул бийликтин эле маселеси эмес. Бул жалпы улуттук миссия, улуттук парз. Айылга барып, аларды эскерип, куран окуп коюш үчүн бийликтин кийлигишүүсүнүн зарылдыгы жок.

Аксыда 6 адам, 7-апрелде 89 адам курман болду. Ал эми 16-жылы Кыргызстандын түндүк аймагында дээрлик 40 пайыз, болжол менен 250-280 миң адам курман болгон. Акыркы миң жылда мынчалык трагедия кыргыз элинин тарыхында болгон эмес. Ошого объективдүү баа берип, ар бир баланын үй-бүлөдө атасынын алдында парзы болот. Бийликтин эмес, улуттун парзы болот. Ошол сыяктуу эле Үркүндө курман болгондор алдында улуттук парзды аткара элекпиз. Кыргызчылыкта да, мусулманчылыкта да куран окуп, кутбасын айтып көмүш керек дейт. Аскерлер эң акыркы жоокер көмүлмөйүн согуш бүтө элек дейт.

Биз чоң саясатты сүйлөйбүз, ушул убакытка чейин көмүлбөй жаткан канча миң кыргыздын сөөгү жатат. Мен мурдагы жылы өзүм Беделге барып, көрүп келгем. Ал эми бул окуяга баа бергенге эч ким тоскоол кылган жок. Бул өзүбүздүн улуттук аң-сезимге, улуттук интеллигенцияга, улуттук бийликке байланыштуу. Эң биринчи милдет - биз улуттук ишембилик өткөрүп, аларды жерге беришибиз керек.

“Азаттык”: Үркүндүн жүз жылдыгы жакындаган сайын эл арасында бул улуу кыргын жөнүндөгү маалымат алуу талабы арткандай туюлат. Бул окуя тарыхта ачык көрсөтүлүшү керекпи, же жокпу? Анткени “Кыргыз тарыхындагы” Үркүн тууралуу мазмунуна өзгөртүү киргизүүгө каршы болгондор да чыккан.

Осмонакун Ибраимов: Албетте ачык-айкын жазылышы керек. Жазышка толук мүмкүнчүлүк бар, жазып жаткандар да бар. 1986-жылы кайра куруу жылдарында Советтер союзундагы трагедиялуу окуялар, репрессиялар “тарыхтын кара тактары” деп жазыла баштабадыбы.

Ошондо мен Үркүн жөнүндө архивдердин баарын казып чыккам. Ал маалда архивдерде ачылып калган болчу. Ошондо “Неизвестный геноцид” деп атап, биринчилерден болуп жаздым эле. Ошондо макаланы “Огонек” журналына чыгарайын деп алып барсам алар дароо эле Чыңгыз Төрөкуловичке чалышкан экен. Чыкем “ушуну койо турчу азыр, кыйын болуп турган заманда бизге 1916-жыл эмес, 1996-жыл керек. Чыгарсаң да кыргыз гезиттерине эле чыгар” деп ушул жактан чыкты эле. Кийин мамлекеттик катчы болуп турганда да чыгардым.

Ошентип болгон, билген фактыларды жазып эле жүрөбүз. Эгер сиз айткандай тарыхка объективдүүлүк кылып, 16-жыл жазылбаса туура эмес. Бул окуяны жакшылап, калпы жок, дурусурак кылып жазып, коомчулук менен бирге бир күндү аза күтүү, эскерүү күнү деп белгилешибиз керек. Колубузду байлаган, тоскоол болгон эч ким жок. Бул жерде өзүбүздүн эле начардыгыбыз болуп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG