Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Быйыл мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 95 жашка толду.

Советтик доор дегенде алды менен ошол кездеги Батыш модасы менен кийинип, атактуу чыбырала галстугу жана “а-ля ильич кепкасы” менен эсте калган интеллигент Ленинди, эч качан галстук тагынбаган, боз кителин үстүнөн, мүйүз мүштөгүн оозунан түшүрбөгөн мурутчан Сталинди, атактуу атом бомбасын, космонавт Юрий Гагаринди, бүт Союз жапырт карап отурган сыңар телеканалды, ар качандан бир качан кезек күттүргөн бүтпөс “дефициттерди”, таш кенедей жөргөлөгөн “Жигулилерди”, 12 миллион кою болсо да магазиндерде эти жок Кыргызстаныбызды, Москвадан докторский колбаса ташыган жаштыгыбызды, эч качан жумушсуздук деген эмне экенин билбеген зор мамлекетти элестетебиз.

"Мак Дональдстын" алдында кезек күткөндөр, 31-январь, 1990-жыл

"Мак Дональдстын" алдында кезек күткөндөр, 31-январь, 1990-жыл

Чынын айтканда СССР уникалдуу, өзүнчө бир кайталангыс мамлекет эле. Жетишкендиктери да, проблемалары да көп кызык империя болчу.

Кайсы бир элдер үчүн, маселен, Балтика боюндагы республикалар үчүн Союз эч бир пайдасыз, жагымсыз мамлекет эле деп айтышат. Бирок биз сыяктуу көп заман артта калып, чындап агарып-көгөрбөгөн калктар үчүн СССР табылгыс бир дөөлөт, колдон чыгаргыс шанс болгондугун кантип танабыз?

Ошондуктан ал доор канчалык бизден алыстаган сайын анын нечен кемчилик-кенемтелери менен жетишпестиктери унутта калып, негизинен Союздун оң жактарын көбүрөөк сөз кылып келебиз. Ал да түшүнүктүү нерсе. Сыягы, мезгил баарын орду-ордуна коёт, тарыхтын таразасы баарынан кылдат деген кеп ушундан улам айтылып калса керек.

Фрунзе, 1974-жыл

Фрунзе, 1974-жыл

Бирок Советтер Союзунун, ХХ кылымдагы эң зор империянын 73 жылдык кыска тарыхы - эмне болгон күндө да чоң тарых, эч качан эстен кетпей турган улуу доор экенине эч бир шек жок го. Ал эми ошол доордогу кыргыз элинин тарыхычы? Биздин улут катары, республика катары кайра жаралуубузчу? Бул да айтып бүткүс чоң тарых. Ошол чоң тарыхтын акыркы маанилүү барактары, болгондо да абдан кызыктуу мезгили - биз сөз кылганы жаткан Турдакун Усубалиевдин саясий карьерасы менен тыгыз байланыштуу десек эч бир аша чаппайбыз.

1919-жылы Кочкордо туулуп, 1941-жылы - дал согуш башталган жылы - Фрунзедеги мугалимдер институтун аяктаган. Ошол жылы партиялык карьерасын баштаган Турдакун ага согуш бүтөөр жылы Москвага, КПСС Борбордук комитетине инструктор болуп барган. Ошондон кийин болочоктогу кыргыз лидеринин саясаттагы турмушу тепкичтен тепкичке өйдөлөп, жыйырмага жетпеген жылдын ичинде “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакторунан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысына чейин көтөрүлгөн. Ал эми Турдакун Усубалиев Кыргызстандын партиялык жетекчиси болгон жыл - 1961-жыл эле.

Кыргыз опера жана балет театрынын артисттери, 1974-жыл

Кыргыз опера жана балет театрынын артисттери, 1974-жыл

Ал убак - СССРдин дүйнөдөгү экинчи супердержавага айланып, айтканы айткан, дегени деген болуп турган кез. Дүйнөлүк экинчи согушту жеңиш менен аяктаган Союз 1955-жылы Варшава келишими деген аскерий блокту түзүп, анын курамында Албания, Болгария, Венгрия, ГДР, Польша, Румыния, СССР жана Чехословакия сыяктуу мамлекеттер бар эле. Башкача айтканда, СССРдин экономикасы катуу өнүгүп, натыйжада Кыргызстан сыяктуу союздук республикалар да кадимкидей ирдене баштаган учур болчу.

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды ошол 1961-жылдан 1985-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым башкарды. Бул чейрек кылым СССРдин экономикалык жактан да, саясий жаткан да эң бир гүлдөгөн доору эле. Бул доорду, айрыкча 60-жылдарды, азыр тарыхчылар Советтик империянын жеткен чеги, дүйнөнү солкулдатып турган таасирдүү учуру деп мүнөздөп, ал эми 80-жылдарды “сенек доор” (застой) деп да атап жүрүшөт.

Фрунзе, 1960-жыл

Фрунзе, 1960-жыл

Бирок Кыргызстан үчүн Т. Усубалиев башкарган чейрек кылым кыргыз маданияты менен экономикасынын жылдыздуу жылдары, Союзга эле эмес, дүйнөгө аты угулган жемиштүү да, жеңиштүү да мезгили болгонунан азыр ким шектенет? Маселен, мен, адабиятчы жана кыргыз маданиятынын тарыхчысы катары, бул учурду “күмүш кылым” деп атап келем жана тарых тууралуу китептеримде ушул аталыш менен мүнөздөп жүрөм.

Дагы тактап айтсам, жалпысынан ХХ жүз жылдык кыргыз улутунун “алтын кылымы” болсо, ал эми Чыңгыз Айтматов алгачкы чыгармаларын жаза баштаган 50-жылдардан тартып 1990-жылга чейинки учурду кыргыз интеллигенциясынын, маданиятынын гүлдөгөн доору, Ренессанс жылдары деп атап келем. Ал эми мекенибиздин саясий тарыхын изилдеген окумуштуу бул чейрек кылымды Турдакун Усубалиевдин доору деп атаары айтпаса да түшүнүктүү.

Бул убакыт ичинде Усубалиев эмне иш аткарган, Кыргызстанга кандай салым кошкон деген суроо туулат. Биздин кыскача жооп мындайча болмокчу: бул жылдар стабилдүү жана ыкчам экономикалык жана маданий өнүгүүнүн жылдары болду. Кыргызстан Союздун бюджетинен жардам алып жашаган чабал республикадан Союздун бюджетине өз салымын кошкон, өзүн-өзү баккан республикага айланды.

Эң негизгиси биздин өлкө энергетикалык жактан толук бутуна турду. Атап айтканда, азыркы Нарын энергетикалык каскады курулду, Бишкек ТЭЦи ишке киришти. Кадамжайдагы атактуу сурьма комбинаты, Бишкектеги Ленин заводу, Канттагы цемент заводу Кыргызстандын экономикасына салымын кошо баштады.

Ал эми Усубалиевдин заманында курулган мекемелерди, азыр Бишкектин архитектуралык ажарын ачкан имараттарды санап отурсак чакан макалабыз жалаң тизмеге айланып кетиши мүмкүн. Азыркы Ак үй, Илимдер академиясынын имараты, Улуттук китепкана, орус жана кыргыз драма театрлары, Айчүрөк универсалдык дүкөнү, цирк…

Албетте Турдакун агабыздын зор салымдарынын бири - Бишкек шаарынын ак мрамор менен кызыл гранитке оронгон борбордук аянты. Бул аянт азыр да биздин сыймыктануу сезимибизди жараткан зор аянт, патриоттук сезимизди козгогон айбаттуу аянт, сөөлөттүү аянт.

Бирок ар бир коомдун өзүнө жараша парадокстору болот эмеспи. Анын сыңары Турдакун Усубалиев да дал ошол борбордук аянтты кайра кургандыгы үчүн Москванын катуу жемесин угуп, уурулук же жемекейлик, жалкоолук же артта калуучулук үчүн эмес, дал ошол чектен тыш аракетчилдиги үчүн, Бишкекке чыныгы борбордун кебетесин бергендиги үчүн кызматтан кеткен…

Усубалиевдин учурунда айыл чарба сектору да, айрыкча мал чарбачылыгы да чоң ийгиликтерди жарата алган.

Бирок канткен менен Кыргызстан чоң Союздун бир составдык бөлүгү, анын ажыратылгыс бир бутагы болгондуктан ошол зор империя кандай проблемаларга тушукса, ошонун баарын өз башынан кечирчү. Ал эми Союз болсо “кансыз согуштун” айынан негизги каражаттардын баары аскерий иштерге, курал-жарак чыгарууга, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы социалисттик ориентири бар өлкөлөрдү колдоого жумшачу. Анын кесепетинен эл турмушу жабыр тартчу. “Дефицит” деген проблема ошентип жаралчу.

Анын үстүнө “кансыз согуш” бара-бара маалыматтардын согушуна, идеологиялардын кармашына айланып, ал кармашта СССР 80-жылдарда ачыктан-ачык утула баштаган. Натыйжада Совет мамлекетин жаңы замандын, постиндустриалдык доордун шартына ылайыкташтыруу керек деген саясий идея жаралган.

Ошентип атактуу кайра куруу саясаты башталып, биринин артынан экинчиси оо дүйнө салган генсек чалдардын ордуна (Брежнев, Андропов, Черненко) алдуу-күчтүү саясатчы Михаил Горбачев келген. СССРдин түбүнө жеткен кайра куруу менен айкындык доору ошентип башталган.

Михаил Горбачев

Михаил Горбачев

Союзду “кайра курмак” болгон Горбачев бир катар республикалардын жетекчилерин жаңылоо максатын көздөп, ар кайсы жерлерде кадрларды алмаштыра баштаган. Ошол саясий компанияга Турдакун Усубалиев да туш болуп, дал кайра куруу саясаты башталган жылы, башкача айтканда 1985-жылы жетекчилик кызматынан кеткен эле.

Бирок баары бир оңой менен ийге келбеген зор империя жаңы нукка түшө албай абдан түйшөлдү. Жакшы эле ниет менен түптөлгөн саясат тез эле банкротко учурады. Анын үстүнө Батыш мамлекеттери СССРдин мунайын атайылап сатып албай, Сауд Арабиясынын гана кара майын алып, натыйжада коммунисттик империя каражатсыз калган. Зор мамлекет арыдан бери кетип, республикалар болсо өз камын ойлогонго өтүп, акыры он беш республика өзүнөн-өзү тарап кеткен. Жакшы жери, кансыз, жаңжалсыз, ич ара согушсуз тараган. Андан бери мына дагы бир чейрек кылымга жакын убакыт учкан куштай өтүп кетти.

Миң-Куш айылы

Миң-Куш айылы

Мынакей, Советтер Союзу кулагандан бери туура 23 жыл убакыт өттү. Ошол кезде туулган балдар азыр эр жетип, өздөрүнчө үй-бүлө курганга жетип калышты. Бирок ошол жаштарга мындан чейрек кылым баштагы саясий турмушту, социалдык проблемаларды, биздин ишенген идеологиялык постулаттарды сөз кылып берсең оңой менен түшүнүшпөйт, ал түгүл “кантип ошондой болсун” ишенбей коюшу да турган иш.

Ушул чейрек кылымда Кыргызстан нечен экчелди. Убакыт дале болсо кимдин ким экенин көрсөтүп койду. Өлкөбүздү жетектеген жетекчилердин кимиси таза, кимиси жемекей экендиги акыры ачыкка чыкты. Ошол таза, эмгекчил, жетимиш жылдай саясатта жүрсө да элдин бир да мүлкүнө кара санабаган жетекчилердин бири Турдакун Усубалиевич Усубалиев атанды.

Ушул күндөрү чачы ак кар, сөөлөтү залкар Турдакун агабыз 95 жаш кутман курагына келип отурат.

Эмне дейбиз, улуу инсаныбыздын кутман курагы кут болсун. Кийинки муундарга үлгү, ал эми аны көрүп-билип, керек болсо бирге иштешип калган адамдарга сыймык болуп ар дайым арабызда жүрө берсин Турдакун агабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG