Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

"Атам алты жылда эки согушка катышкан"


Марипат Усманалиева. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу

Марипат Усманалиева. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу

Усманалиев Ырысбай алгач Совет-фин согушуна, андан кийин Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өмүрүнүн алты жылын кан кечип өткөргөн. Аман-эсен Кыргызстанга келип, жети балалуу болгон.

Согуштун катышуучусу маркум Ырысбай атаны кызы Марипат Усманалиева эскерет.

Марипат Усманалиева: Атам Осмоналиев Ырысбай, документте Усманалиев болуп жазылып калган. Ал Ата Мекендик согуш башталганда эң алгачкылардан болуп салгылашкан. Атам 1917-жылы Алай районунун Терек кыштагында төрөлгөн экен.

Согуш башталганда төрт бир туугандын баарын согушка алып кетиптир. Чоко деген абам 4-5 жыл согушуп 1-топтогу майып болуп келген. Нышан деген бир тууганы белгисиз жоголуп кеткен. Кийин бомба түшкөндө вагондо күйүп кеткенин айтышты.

Атамды болсо кырчындай 21 жашында 1939-жылы фин согушуна алып кеткен экен. Документте, аскердик билетинде 15-октябрь деп жазылып турган. Андан ары Улуу Ата Мекендик согушка кетет. Бала кезимде угат элем, Киевде болгом деп айтып калар эле. Немистер кол салган күнү Киевде болгон экен. Анын 141-полкто, аткыч, миномётчу болуп кызмат өтөгөнү жазылып турат. Согушка барган жылдарда 4-5 жолу жарадар болуптур. Документинде 1-категориядагы жоокер деп жазылып турат.

“Азаттык”: Атаңыз кайтып келгенби?

Усманалиев (Осмоналиев) Ырысбай, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу

Усманалиев (Осмоналиев) Ырысбай, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу

Марипат Усманалиева: Ошол кезде жарадар болгондо эс алууга жөнөтчү экен, ошондо келип турган. Айыгып кайра кеткен.

1944-жылы бомба түшкөндө атам топурактын алдында калган экен. Ызы-чуу бүткөндөн кийин санитарлар текшерип жүрүп, бир кол чыгып турганын көрүшөт. Текшерип көрсө тамыры согуп турган болот. Ошондо казып алып, госпиталга алып барышат. Ошентип үч ай эсине келбей жаткан экен. Эсине келгенден кийин укпай да жүрүптүр.

Госпиталда жатып, Жеңиш күнүнө аз калганда бир медайым менен бир жоокер айылга алып келген экен. Апам "эки колтугунда балдак, сүйлөбөй эле көзүнөн жаш тамып турду, "эсенсиңерби" деген гана сөздү айтты", - деп айтып берер эле. Сымбаттуу, жакшынакай жигит ушундай болуп калдыбы деп, ыйлабаган адам калган эмес дечү. Анан жакшы болуп кетти. Ошондо белинен катуу жарадар болгон. Белинде көк темирге окшогон нерсе болор эле. Биз бала болуп көп маани бербептирбиз ал кезде.

“Азаттык”: Согушка кеткенге чейин балдары жок беле?

Марипат Усманалиева: Жарадар болуп, эс алууга келгенде үйлөнүп, 1943-жылы балалуу болушкан экен. Тун уулуна ошон үчүн Сапарбек деп ат койсо керек.

Апам да активист аялдардан болгон экен. Экөө теңтуш болушкан. Кийин жети балалуу болушту.

“Азаттык”: Атаңыз согуш мезгили тууралуу эмнелерди айтып берчү эле?

Марипат Усманалиева: Аябай кызыктуу көп нерселерди айтып берер эле. Украинада байланышчы болуптур. Токойдо зым тартып келатсам кобурап эле немистер келатат дейт. Машиналары бар экен. Тилдерин түшүнбөйт экен. Кар улуу экен, эки дөңгөчтү тээп эле карга көмүлүп жатып калыптыр. Таң атканча немистердин аягы үзүлбөй койду дейт.

Таң агарып, тынып калганда туруп жөнөйүн десе тигилер дөңгөч эмес эле өлүп калган кишилер экен. Караңгыда билбей экөөнүн ортосуна атам кирип жаткан экен. Полкко келсе каякта жүрдүң деп сурашып, же атам аларга түшүндүрүп бере албай, же алар түшүнбөй жаман болгон экен. Ал убакта каяктан орусча билсин. Бир казак актап кеткен деп айтчу эле.

“Азаттык”: Согуштан жазган каттары, сүрөттөрү барбы?

Марипат Усманалиева: Биз ал кезде жаш болуп эч нерсесин сактап калбаптырбыз. Бир гана аскердик билети бар. Ушул кишинин эмгеги бааланбай өтүп кетти. Апам деле тылда иштеген, бирок согушка салым кошкондор сыяктуу жардам алган жок. Балдарынын баары чоңоюп, иштеп, ошон үчүн да кайрылышкан эмес окшойт. Документтерин дагы жоготуп жиберген окшойт, айтор, барбаптыр.

XS
SM
MD
LG