Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ХХ жүз жылдыктагы кыргыздын улуу инсандары тууралуу көп эле айтып да, жазып да келебиз.

Бирок көнгөн адат боюнча негизинен илим менен маданият тармагына көбүрөөк көңүл буруп, же саясатта кызмат эткен инсандарыбызды кепке тартып, бирок эмгеги менен, кара жумуш күчү менен, маңдайынан шорголоп тамган тери менен, пейил-мүнөзү менен улут залкары атанган адамдар тууралуу азыраак сүйлөп жүргөндөйбүз. Мисалга алсак - Зууракан Кайназарова.

Эмне деген залкар адам… Эмне деген эпикалык масштабдагы инсан… Менин түшүнүгүмдө бул адам Эмгек баатыры эле эмес, Улуттун баатыры. Салыштыра келсек же Индиянын ыйыгы саналган Мать Терезасы эске келмек, же кадимки “Манастагы” Кыз Сайкал гана жарашмак. Эмне үчүн? Эң биринчи кезекте, ошол Кыз Сайкалдай шайдоот, баатыр мүнөзү үчүн жана кереметтүү кең Чүйдөй кеңирсиген кенен пейили үчүн. Согуш убагында ата-энесиз калган нечен сагырларды башынан сылап, багып-чоңойткону үчүн, ар түркүн улуттардын балдарына энелик мээримин төгүп, батырганы үчүн. Багалегин түрүп суу сугарып, жеңин түрүп кетмен чаап, жанын аябай эмгектенгени үчүн. Ошентип жүрүп Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамга эки жолу татыганы үчүн.

Кокус Зууракан апа Манастын заманында туулуп калса, сөзсүз чоң казатка Эр Манас менен чогуу аттанмак, алчактатып ат минип, эл четинде, жоо бетинде жүрмөк. Найзасы колунда, кылычы белинде болмок. Тагдыры совет заманына туш келген экен, белин бек байлап, эмгек кылды. Кызылча өстүрүп, ар кайсы улуттан чогулган жетимдерди бакты, элге-журтка эмгеги менен таанылды. Ошон үчүн аябагандай зор абройго ээ болуп, Төрөбай Кулатов менен Болот Мамбетовдун, Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун катарында, төр башында отурду. Москвадагы чоң съездерде кыргыз калкынын дагы бир татыктуу өкүлү, жаңы заманынын символу, эмгектеги туусу катары алдыңкы катарда жүрүп келди. Бул тууралуу айылдаштарынан, Сокулуктун Белек айылында жашаган урук-туугандарынан макалага эмес, романга татый турган ар түрдүү окуяларды укса болот. Зууракан апабызды ошол Сокулук районунда көп жыл бою жетекчилик кызматта иштеген академик Жамин Акималиев да көп эскерет.

Академиктин пикири боюнча, Зууракан апа бүтүндөй Совет доорунун мыкты адамдарынын бири, деле ХХ жүз жылдыктагы кыргыз калкынан чыккан бирден-бир аялзатынын алдыңкысы. Айрыкча анын ушунчалык бай ички дүйнөсүн, баатыр мүнөзүн, руханий күчүн, ар дайым ар-намысты биринчи орунга койгон кайраттуулугун баса белгилейт Жамин ага. Ал эми эч качан каржалбаган эмгекчилдиги - өзүнчө эле легенда. Ошол эмгекчилдиги үчүн ала жаздан баштап жер тытып, жылаңайлактанып алып жер сугарып, кызылча өстүрүү боюнча союздагы эң мыкты рекордду жасап, акыры Сталин менен Молотовду көрүп, Калининдин колунан орден алган экен легендарлуу апабыз.

Зуракан апанын чыныгы баатыр инсан экендигин эскере отуруп, Жамин ага мындай бир эстен эч качан чыккыс эпизодду кеп салып берди. “Бул окуя Зууракан Кайназарованын улуттук масштабдагы залкар экендигинин бир гана белгиси, бирок мындай окуялар ал кишинин турмушунда көп кездешкен” - дейт академик. Көрсө, согуштан кийинки жылдарда Зууракан апа Төрөбай Кулатов баш болгон бир чоң делегация менен Москвага жол тартыптыр. Ал кезде “эл достугу” деген нерсе эң негизги лозунг жана ураан болуп, ал эми депутат болсоң улутуна же кайсы республикадан экенине карабай чоң Союздун бардык тарабында чоң жеңилдик-арыкчылыктар болгон эмеспи. Ошол себептен Казакстандын кайсы бир темир жол станциясында казактар Кыргызстандын депутаттарын тосот экен. Баары жакшы, баары ойдогудай болуптур. Шатыра-шатман, нан-туз, айран, шубат дегендей. Аңгыча болбой келген коноктордун урматына деп, күрөш уюштура салышат казактар. Кыргыз тараптан бирөө чыга калып, бирок, тилекке каршы, жыгылып калат. Ошондо шагы сына түшкөн кыргыздарды көрүп, Зууракан апа күрөшкө өзү чыкмак болот. Төрөбай Кулатовго айтып, бир айрылбай турган, кармаша кеткенде тытылбай турган шым таптыр дейт (Зууракан апа ал киши менен “сен” деп сүйлөшчү экен). “Кокус көйнөгүм айрылып кетип, дамбалым көрүнүп калса, өзүң уят болосуң” - дейт теңтуштарча ачык сүйлөшүп көнгөн Кулатовго. Кыскасы, күрөшкө чыгат ортого. Ал кишинин сөөлөтүн көргөн соң, кайдан аял чыксын. “Эркек чыксын ортого!” дейт, Зууракан апа. Ошентип бир лакыйган казак ортого чыгат. Карп-күрп кармаша кетип, бир маалда Зууракан апа тигини жерге көтөрүп чабат. Чапмак тургай, башынан аттап кетет. Турган эл эмне дээрин билбей, тымтырс болот. Кыскасы, казак туугандар тосуп чыккан кыргыз баурлардан кечирим сурап, ушу күрөштү бекер уюштурган экенбиз дешип өкүнүчүн билдирип, сый-урмат менен кыргыз делегаттарын жолго узаткан экен.

Бул, албетте, Зууракан апанын баскан турмуш жолундагы бир гана эпизод. Бирок мүнөздүү эпизод. Бул улуу инсандын улуулугун, укмуштуудай намыстуулугун көрсөткөн, Кыз Сайкал бетме-бет чыкканда Манасты ээрден кыйшайткандай эр көкүрөктүгүн көрсөткөн маанилүү окуя.

Ырас, балбан кыздар, чабендес кыздар, эр сайышта намыс алган жоокер кыздар кыргыздан илгертен чыга келген. Бирок Зууракан Кайназарованын ички дүйнөсү, эч качан майышпаган руханий кудурети, Манастай айкөлдүгү биз жазып жаткандай чакан макаланын эмес, бир чоң романдын, эң кеминде поэманын предмети го.

Дагы кайталап айткым келет: Зууракан апа--эпикалык масштабдагы инсан, тубаса баатыр, кылым символу, кыргыз энелеринин символу. “Ала-Тоо, сен окшойсуң энелерге” деп бекер жеринен жазбаган чыгаар таланттуу акын Турар Кожомбердиев. Ошол ак карлуу Ала-Тоодой албан энебиз ушул Зууракан Кайназарова болгон.

Акырында бул кишинин Эркиндик бульварындагы эстелиги тууралуу эки ооз сөз. Залкар айкелчи Тургунбай Садыковдун чебер колунан чыккан бул эстелик азыр туш тарабынан көп кабаттуу үйлөр менен курчалып, бир кезде сонун көрүнгөн скульптура негедир азыр басырылгандай, четке сүрүлүп калгандай, кичирейгендей таасир калтырат. Улут энеси, журт сыймыгы, эмгектин эки жолку баатыры, Эне, Мээрим, Айкөлдүк деген түшүнүктөрдүн синоними, миф эмес, жомок эмес, чыныгы титан адам, ыйык адам, тарыхый инсан Зууракан Кайназарова так борбордук аянтта, эң бир сыйлуу, эң бир көрүнүктүү жерде турбаса, анда ал аянтта ким турушу керек ???

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG