Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Кыргызстанда 70 медицина кызматкери СПИДге жана Бишкектеги бир эле төрөт үйүндө 11 дарыгер гепатиттин С түрүнө чалдыкканы тууралуу маалымат кооптонуу жаратууда.

ВИЧке чалдыккандар канча экени, жашоосу, көйгөйлөрү тууралуу жалпы маалымат ачык болгону менен, бул инфекцияны жуктуруп алган медицина кызматкерлери жөнүндөгү тема дээрлик жабык.

Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматына караганда, алардын саны бүгүнкү күндө Кыргызстанда 70тен ашуун. Баары тең ийне аркылуу эмес, жыныстык жол менен жуктургандар. Алгачкысы 2002-жылы каттоого алынган. Бирок бири да медицина тармагында иштөө укугунан ажыратылган эмес.

СПИД борборунун ал 70 адам кай жерде, кайсы ооруканада, качан катталганы жана азыр каякта иштеп жатканы тууралуу маалыматты ачык айтууга укугу жок. Биринчиден, этикалык себеп – алар да кадимки адам жана түрдүү кырсык, тобокелдиктерден корголгон эмес. Экинчиден, башкаларга зыян келтирбөө жагын да, мындай диагнозу бар догдурлардын укугунун корголушун да мамлекет өз көзөмөлүнө алуу убадасын берген.

Албетте, мындай жооп менен баарын ынандыруу мүмкүн эмес. Андыктан СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморовага эң алгач кепилдикти камсыз кылуучу жүйөлөр тууралуу суроо узаттык:

- Андай кызматкерлер кан менен иштөө укугунан дароо ажырайт. Себеби санитардык китепчесине “ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчү” деп жазылат. Жетекчилер менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар кан менен контакт болбой турган жерге которулат. Акыркы жолу мындай учур 2014-жылы катталган.

Чокморованын айтуусунда, бул боюнча өкмөттүн атайын токтому бар жана анда ВИЧ инфекциялуу медицина кызматкерлери акушер-гинеколог, хирург, тиш догдур сыяктуу орундарды ээлей албасы так жазылган. Ал эми көзөмөл жыл сайын алынып туруучу анализ аркылуу жүргүзүлөт.

Балдарына ВИЧ жуктуруп алгандардын митинги

Балдарына ВИЧ жуктуруп алгандардын митинги

Ал арада соңку күндөрү кан менен жугуучу дагы бир илдет – боордун дээрлик айыккыс гепатит С оорусу, болгондо да төрөт үйүндө аныкталганы тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат. Буга атайын кайрылуу себеп болгонун Жогорку Кеңеш депутаты Жылдыз Мусабекова айтып чыкты:

- "Бишкектеги №4 төрөт үйүндө гепатит менен ооруган 11 доктур бар" деп 2015-жылы 27-декабрда Башкы прокуратурага, ИИБгекайрылышыптыр. Жооп дагы эле жок экен.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул конкреттүү кайрылууну эч бир фактыга негизделбеген каралоо деп атоодо:

- Бул ошол жерде иштеп жүрүп, кийин айдалып кеткендердин атайын уюштурган каралоосу. 11 дарыгер тууралуу маалымат калп.

Бирок министр депутат айымдын "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт, тыкыр текшеришиңиз керек" деп айтканын кабыл алып, сунуш эске алынарын кошумчалады. Ошону менен катар, Батыралиевдин айтуусунда, жалпысынан медицина тармагында бул илдеттегилерге тыюу жок:

- Мындай учурлар дүйнөлүк практикада деле бар. Врач гепатит менен ооруп калышы мүмкүн. Биздин деле доктурлар ооруйт. Бирок жугуштуу стадиясында кан менен иштөөгө укугу жок. Биз жылына эки жолу кан тапшыртып текшерип турабыз.

Гепатиттин С түрүн жуктуруп алгандардын саны калктын 6-10% түзөт. Көбүнчө шаймандары тазаланбаган стоматологиялык клиникаларда, тырмакты жасалгалоочу салондордо тарап жатканы тууралуу маалымат бар.

20-кылымдын чумасы аталган СПИД, "байкалбас өлтүргүч” атка конгон С гепатитин укканда, албетте, ар бир адамда кооптонуу пайда болбой койбойт. Анын үстүнө, жөнөкөй жөтөлдөн дарылайм деп ооруканага жатып, баласына ошол жактан ВИЧ жуктуруп алган ноокаттык энелер трагедиясынан улам Кыргызстан үчүн бул өзгөчө оор маселе.

Бирок айрым серепчилер бул инфекцияларга караганда адам өмүрүн көбүрөөк алган башка илдеттер да бар экенине жана оорулуу адам эч убакта кодулоого кабылбашы керектигин айтып келишет.

Азиза Курбанова Ош шаарында “Турна кыйкырыгы” бейөкмөт уюмун иштетип келатканына сегиз жыл болду. Ал ВИЧ менен жашагандардын укугун коргойт. Айтымында, соңку кезде оорунун өзүнө да, ага чалдыккандарга да мамиле өзгөрө баштаганы байкалууда:

- Мен бул уюмду жаңыдан иштете баштаган кезде ВИЧке кабылгандарды кодулоо сыяктуу көрүнүштөр өтө көп эле. Бирок соңку жылдары андай адамдар өз укугун өзүлөрү коргогонду үйрөнгөнүн, бул ооруга карата сабаттуураак мамиле жасай баштаганын байкап жатам.

Гепатиттин С түрү Кыргызстанда соңку кезде көп каттала баштады. Түрдүү маалыматтарга караганда, аны жуктуруп алгандардын саны калктын 6-10% түзөт. Көбүнчө шаймандары тазаланбаган стоматологиялык клиникалар, тырмакты жасалгалоочу салондор аркылуу тарап жатканы тууралуу маалымат бар.

ВИЧ Кыргызстанда алгач 1996-жылы аныкталган. Ошондон бери каттоого алынгандардын саны 6 400 адам. Алардын 1343ү жашоо менен кош айтышкан.

Бирок кандай болгон күндө да ар бир адам өз коопсуздугуна биринчи кезекте өзү кам көрүүсү керектигин дарыгерлер дайыма айтып келет. Маселен, ийне сайдырып жатканда чынында эле бир жолу пайдаланылчу шприц алындыбы, медайым колун дезинфекцияладыбы, салондордогу тырмак кескичтер, тарактар спирттелдиби, уялбай, тартынбай эле карап, көзөмөлдөп, талап кылуу керек дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG