Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

"Жетимдерди да унутпагыла!"


Борончу Чытырбаев
Борончу Чытырбаев

19 жаштагы Бишкектик студент Борончу Чытырбаев Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү абал жана андагы жеткинчектердин турмушу тууралуу кыска даректүү тасма тарткан.

“Азаттык”: Сиз балдар үйлөрүн абалды баяндаган “Ойлонгула!” деп аталган даректүү тасма тарткан экенсиз. Алгач анын кыскача мазмуну тууралуу маалымат бересизби?

Борончу Чытырбаев: Бул тасма балдар үйлөрүндөгү жеткинчектердин кол өнөрчүлүгү жөнүндө, ал жакта балдар кандай сабактарды окуй тургандыгы, деги эле жалпы абал тууралуу маалымат берет. Тасма Беловодскийдеги балдар үйлөрүндө тартылган.

“Азаттык”: Өзүңүз 19 жашта экенсиз, кантип кино тартып калдыңыз? Бул багытта билимиңиз барбы?

Борончу Чытырбаев: Андай деле билимим жок. Кичинекей кезимден бери кино тарткым келчү. Бул - социалдык багыттагы менин биринчи тасмам. Негизи мен бул жанрда тартчу эмесмин.

“Азаттык”: Эмне себептен балдар темасын тандап алдыңыз?

Борончу Чытырбаев: Мен бул тасманы тартуу менен аны улуулар гана эмес, балдар да көрүшүн кааладым. Биздин коомдо ата-энеси жок, ата-энесинин мээримине муктаж болгон балдар бар экендигин көрсөтөйүн дедим. Мындан тышкары ата-энеси жок балдарга көңүл бурсун деп, башка ден соолугу чын, ата-энеси балдар да ошону көрүп, көңүл бурсун деген максатты койдум.


"Балдарга сүйүү жана мээрим жетишпейт"


“Азаттык”: Мына балдар үйүнө барып, кино тартуу менен ал жактагы абалды да көрүп келиптирсиз. Деги эле тасма тартуу учурунда балдардын кандай маселе, көйгөйлөрүн байкай алдыңыз?

Борончу Чытырбаев: Балдар үйлөрүндө көп эле көйгөй бар экен. Ал жерде баса албагандар, сүйлөй албагандар бар экен. Ата-энеси жок, стресстик абалда ооруп калгандар бар. Эң биринчи кезекте балдарга көңүл, мээрим жетишпейт экен.

“Азаттык”: Бул кыска метраждуу фильм көрүүчүлөргө эмне берет деп ойлойсуз? Башкы максатыңызга жете алдыңызбы?

Борончу Чытырбаев: Бул тасма балдар, окуучулар жана студенттерге багытталган. Алар өздөрүнүн жашоосун карап, ыраазы болушу керек. Алардын ата-энеси бар, ден соолугу бар, мүмкүнчүлүктөрү көп. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү болбогон, балдар үйлөрүндөгүлөр жөнүндө да унутпоо керек.

“Азаттык”: Рахмат.

"Жетимдерди да унутпагыла!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:11 0:00
XS
SM
MD
LG