Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Жакыпов: Кароосуз бала аргасыздан кылмышкерге айланат


Ош шаарындагы балдар үйүндө кайрымдуулук иш-чарасы өтүүдө, 31-январь, 2012-жыл.

Ош шаарындагы балдар үйүндө кайрымдуулук иш-чарасы өтүүдө, 31-январь, 2012-жыл.

Кыргызстанда балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөр жашы жеткенде кайда бараарын билбейт. Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов “Азаттыкка" маек курду.

Жакыпов интернаттардагы балдарга карата мамлекеттик так саясаты жок болгондуктан, өспүрүмдөр кылмышка, баңгиликке аралашып кеткенин белгиледи. Буга чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 13 жашта делген өспүрүмдү уурулук кылды деген шек менен эки айга убактылуу камакка кескен эле.

- 13 жашта делген баланын абакта кармалып жатканы боюнча коомчулукта талкуу жүрүп жатат. Ал баланын туруктуу үйү, карай турган адамы жок экен. Сиздин баамыңызда, бул бир жолку эле көрүнүшпү же кароосуз калып, ушул өңдүү тагдырга кабылган балдар Кыргызстанда көппү?

- Бул бир эле жолку көрүнүш эмес. Мындай учурлар айрыкча Бишкектин аймагында көп болот. Эч жерде каттоосу, документи жок балдар үйүнөн чыккандар көп. Азыркы күндө балдар үйүндөгү өспүрүмдөрдүн абалы чындап эле оор. Мындай жайларда 14-16 жашында ал жерде окууну бүткөндөн кийин бул балдар кайда барарын билишпейт. Биз азыр балдар үйлөрүнөн чыккандарды кесиптик техникалык окуу жайларга киргизип жатабыз деп айтып келебиз. Бирок бул балдар кесиптик окуу жайды бир окуп бүтүргөндөн кийин кайда барышат? Окуу маалында да аларга ким кам көрөт? Кийген кийими кандай болот? Бул суроолор көп учурда четте калып жатат.

Азыр 13 жашта делген баланын окуясы да укук бузуу болуп жатат. Эгерде балдардын канча жашта экенин, кайда жашаарын аныктай албай жатышса, андай балдарды кайра калыбына келтирүүчү реабилитациялык борборлорго алып келүү керек.

Мындан башка кесиптик окуу жайды бүткөн, интернаттан чыккан 16дан 22 жашка чейин балдардын абалы өтө оор болуп турат. Биз андай балдарга эч кандай жардам бере албай, кээде айла кетет. Биздин уюм 16 жашка чейинки балдар менен гана иштейбиз. Анан кыдырганыбызда 16 жаштан кийинки балдарды жер төлөөлөрдөн көрдүк. Алар бара турган жери, иштей турган иши жок айласыздан кылмышкерлердин тобуна кошулуп кетип жатышат. Ичип кеткендери да бар.

- Натыйжада кароосуз калган, туруктуу жашай турган эч жери жок балдарга ким кам көрөт? Ким жооптуу болушу керек? Бул жерде мамлекеттик саясаттын чабалдыгы болуп жатабы?

- Бул так ушул мамлекеттик саясаттын чабалдыгы болуп жатат. Себеби бул балдар ошол мамлекеттин жараны, эртеңки келечек да. Ал балдардын таасири сөзсүз башкаларга тиет. Ошол балдарды коргоп кете турган болсок ал балдар мамлекет, эл үчүн канчалаган кызматтарды кылып берет эле. Балдар боюнча мамлекеттик саясатты алганда, көбүнчө экономикага таяп, каражат жетишсиз деп айтып жатышпайбы.

Бирок көйгөйдүн өзүнө аябагандай көңүл бура турган болсо акча да табылат. Иштегенге каражат да табылат. Азыр интернаттан чыккан кароосуз балдарды кесиптик окуу жайларга орноштурабыз да, андан кийин бүттү деп койобуз. Окуу жайда деле эптеп билим беришип, андан кийин жумушка кирдиби, жокпу, ага көңүл бурушпайт. Анан бул балдар айласыздан ичкиликтин түбүнө түшүп, баңгиликке, кылмыштуулукка берилип кетүүдө.

- Мисалы, мамлекеттик саясат кандай болушу керек? Сиз эмнени сунуштаар элеңиз?

- Мындай балдар аябай көп эмес да. Бир жылда бир интернаттан көп болсо 80-90 адам бүтүп чыгаар. Кесиптик окуу жайларда социалдык педагог, интернаттарда психологдор бар. Алар балдардын эмнеге кызыгып, кайсы ишке жөндөмдүү экенин дыкаттык менен тандап туруп, өзү каалаган кесиптик окуу жайга киргизип, анан эң жок дегенде бир-эки жыл мамлекеттик колдоо керек. Жата турган жайын даярдап берүү абзел.

Бул боюнча атайын тажрыйбалары деле бар. Мамлекеттик эмес балдар үйлөрүндө эки-үч балага атайын бөлмө бөлүп берет. Аларга тапкан акчаларын кандай коротуу, жумушту кантип издөө, адамдар менен кантип мамиле түзүү керек деген темаларда маалымат беришет. Бир жыл жанында жүрүп, керек болсо азык-түлүк сатып алганда да кошо барып, азык-түлүктү кантип алат, андан тамакты кантип жасайт, кийимди кандай кийерин үйрөтүү кажет. Андан кийин бала өзү толук жашап кете алам деген мезгилге жеткенде гана бул балдарга өз алдынча жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG