Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Жаныбарларды коргоого алган “Жашоо укугу” корунун ыктыярчысы, кинолог Азиc Токтобаев кароосуз жан-жаныбарларга жардам көрсөтүү, жолбун иттерди бычуу же стерилизациялоо боюнча “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- 16-августта кожоюну жок жаныбарлардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Сиздердин маалымат боюнча, Кыргызстанда же Бишкекте жолбун иттердин болжолдуу саны канчага жетиши мүмкүн?

- Үй-жайы, кожоюну жок жаныбарлардын саны канча экенин так айтуу кыйын. Биз канча жаныбарга жардам көрсөтүлгөнүн гана анык айта алабыз. Бейрасмий маалыматттар боюнча, Бишкектин тегерегинде 200 миңдин тегерегинде жолбун ит бар. Биз жумасына 3 жолбун ит-мышыкты стерилизациядан өткөрөбүз. Азыр кезекте дагы 40 ит турат.

Стерилизация кылуудагы негизги милтебиз кожоюну жок, көчөдөгү жаныбарлардын санын азайтуу болуп саналат. Бул процесттен кийин жаныбарлар тукум улай албайт. Биз жолбун иттердин көбөйүшүнүн себебине каршы күрөшүп жатабыз.

- Жаныбарларды кайдан, кантип таап, кайсы жерден стерилизация кыласыздар?

- Адатта бизге эл өзү чалып айтат, же жардам сурашат. Биз жаныбарды кармап, аны стерилизация кылуунун бардык чыгымдарын өз мойнубузга алабыз. Айтылган жерге келип, жаныбарды кармайбыз. Анан ветеринардык клиникага барабыз. Ветеринарлар операция жасашат. Стерилизациядан кийин биз жаныбарды алып кетип, убактылуу кармап турабыз. Эгер бизге чалган тургундардын жаныбарларды убактылуу караганга мүмкүнчүлүгү болсо, аларга таштайбыз.

- Бир жолбун итти стерилизация кылуу үчүн канча каражат керек?

- Бардык чыгымдарды эсептөө керек. Алгач унаанын чыгымдары, анан ветеринарга берилчү төлөмдөр бар. Бир итке операция кылуунун акысы 1000 сомдон 1500 сомго чейин чыгат. Анан жаныбарды операциядан кийин убактылуу карап, багуу үчүн да каражат сарпталат. Бардык чыгымдарды алганда 3-4 миң сом кетет. Операциядан кийин жаныбарды 4-5 күн кармайбыз.

- Анча каражатты кайдан аласыздар?

- Биздин уюм кайрымдуулук фонд болуп саналат. Биз жаныбарларга кайдыгер карабаган жарандардын акчасына жашап келебиз. Фонддун уюлдук операторлордун биринде жана интернеттеги Яндекс тармагында атайын эсеби бар. Каалоочулар бул эсептерге акча жөнөтөт. Ал каражат менен биз жолбун жаныбарларды стерилизация кылабыз. Же ар кандай кыйын абалга кабылган жаныбарларга жардам көрсөтөбүз.

Бизде топтолгон каражат деле жок. Берилген акчаны дароо сарптайбыз жана отчет беребиз. Натыйжада каражат дайыма керек. Фонддун кызматкерлери акча албайт. Жаныбарларга кайдыгер карабаган ыктыярчылар өз калоосу менен иштеп беришет.

- Кээде жаныбарларды ар кандай оор шарттардан куткарабыз дедиңиз. Кандай учурларда жаныбарга жардам бересиздер?

- Азыр эле бул интервьюга чейин бизге чалып, бир итти машина сүзүп кеткенин айтышты. Ал иттин үч буту сыныптыр. Мындай учурда ага сөзсүз жардам көрсөтүү керек. Биз итти алып, ветеринарга жеткирдик. Эми анын жаратын таңып туруу үчүн күнүгө ветеринарга алып барып туруу керек. Мындай оор учурларда адам сөзсүз кийгилигишүүгө тийиш.

- Бир эле Бишкектин тегерегинде миңдеген жолбун иттер бар экен. Буга чейин иттердин көбөйүшү менен санитардык, коопсуздук маселелери көтөрүлгөн. Мамлекеттик деңгээлде бул маселе кандай жөнгө салынышы керек?

- Албетте бул көрүнүшкө каршы күрөшүү керек. Абдан көп сандагы кожоюну жок жаныбарлардын болушу азыркы мезгилдин негизги көйгөйлөрүнүн бири. Эгер чара көрүлбөсө жолбун иттердин саны көбөйө берет. Натыйжада санитардык абал бузулат. Балким, ар кандай оорулар да пайда болушу мүмкүн. Жаныбарлардагы агрессия да өз ишин кылышы ыктымал.

Биздин өлкөдө жаныбарларды атып салуу менен бул көрүнүштүн кесепетине, жыйынтыгына каршы гана күрөшүп жатабыз. Стерилизация болсо жолбун иттердин көбөйүшүнүн себеби менен күрөшүү болуп саналат. Биз стерилизациянын гумандуулук жагына көп адамдарды чакырып жатабыз. Барган сайын бизге жардам берген, жаныбарларга тамак алып берген адамдар көбөйүүдө.

Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө бул маселе ар башкача чечилип келет. Бирок адамгерчилик бийик турган өлкөлөрдө жаныбарды атпай, стерилизация кылуу адатка айланган. Андай өлкөлөрдө жаныбарларга катаал мамиле кылгандарга каршы мыйзам бар.

- Сиздер иштеп жүргөндөн кийин билсеңиздер керек. Кыргызстанда жан-жаныбарларга карата мамиле кандай? Сиз кандай баалайсыз?

- Тилекке каршы биздин коом жаныбарларга болгон мамилени өзгөрүүчү мезгилги араң эми жакындай баштады. Бара-бара адамдар жаныбарлар да жандуу экенин түшүнө башташат. Адамга кандай мамиле кылсак, жаныбарга да ошондой мамиле кылуу керек. Азырынча биздин коом буга даяр эмес. Бирок биздикиндей фонддордун болушу деле коомчулуктун арасында жаныбарлардын укугун коргоочулар бар экенин көрсөтөт.





P.S. Жаныбарларды коргоого салым кошууну каалагандар "Жашоо укугу" кору менен "Фейсбуктан" төмөнкү дарек аркылуу байланыша алат:

https://www.facebook.com/foundationkg

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG