Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Дарыга семирген буканын эти зыян


Акыркы кезде малды дары менен семиртип, анын этин саткандар бары айтылууда.

Акыркы кезде малды дары менен семиртип, анын этин саткандар бары айтылууда.

Республикада дары менен малды тез семиртип саткан ишкерлер арбын. Адистер мындай жол менен багылган малдын эти ден соолукка зыян экенин айтып келишет. Бирок муну токтотууга көзөмөлдөө органдарынын чамасы жетпейт.

Кара малдын ичинен буканы семиртип багуу башка малга салыштырмалуу кирешелүү. Ошондуктан соодагерлер этти арбын берген букага басым жасашат. Негизинен буканы табигый жол менен семиртүү жашына, эттүүлүгүнө жараша беш айдан сегиз айга чейин созулат. Бирок акыркы учурда ар кандай кошумча заттар, гормон саюу менен малды кыска убакытта семирткен эргулдар көбөйдү.

Карыянын кеби

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында калктын көпчүлүгү, айрыкча даргин тектүүлөр бука бордоп, сатып оокат кылышат. Жашы алтымыштан ашып калган Сарда аттуу карыя мындан эки-үч жыл мурун айылда буканы тез семиртип саткандар арбын болгонун айтып отурду:

- Мен ушул айылда туулуп-өскөм. Кимдер эмне иш кылат жакшы билем. Мен да бука багам, бирок дары колдонбойм. Букаларды дары менен чоңойткондор мурда абдан көбөйгөн. Азыр андай жок окшойт. Себеби, мечиттерден андай нерсе арам экени айтылган.

"Дарыны кожоюн өзү берет"

Анан айылдын четинде жайгашкан сарайларга жөнөдүк. Катар тизилген алты-жети сарай. Мында көп жылдан бери мал бордолорун тоодой үйүлгөн кыктан эле байкаса болот. Биз баш баккан сарайда 300дөй бука байланып турган экен. Букалардын алдын тазалап, чөп салып жүргөн Кубат аттуу малчы буларды божурады:

- Алдын тазалап, жем-чөбүн салып жатам. Буларды тынбай карап туруш керек. Азыр букалар жаңы эле алынып келди. Эми буларды семиртүүгө беш ай кетет. Дарыны букалардын ээси келип өзү берет. Мен билбейм, чөп-жемге болгон суктугун ачкан сыяктуу дарыларды берет го. Азыр ээси жок, алар айылда болушат.

Уй сарай

Уй сарай

Жанындагы сарайда иштеген, өзүн Сагынбек деп тааныштырган малчы дагы кепке кошулду:

- Буканын ээлери бул жакта эмес, алар айылда болушат. Азыр силерге “мен буканы гормон берип багам” деп эч ким айтып бербейт. Илгери көп болчу, учурда жашырып багышат. Менин Нарындан келгениме төрт жыл болду. Ошол кезде көп болчу. Кытайдын дарылары сатылчу. Аны жемине кошуп же ийне менен сайып коюшчу. Тыржыйган немелер үч-төрт айда лөкүйгөн букага айланат. Эми ал дарылардын түрлөрү көп, жүрөгүн начарлатат, табитин ачат дегендей.

Жем-чөп менен эле семиртебиз

Бирок биз айылдан кезиктирген ишкер Шабан Илдаров малчылар айткандарды жокко чыгарды. Көп жылдардан бери мал менен иштеген Шабан бул айылда малды таза жол менен семиртип сатарын айтты:

- Мен букаларды Казакстанга же жергиликтүү дүкөндөргө союп сатам. Азыр эми союз убагындай тоют жок. Колдо бар арпа, буурчак сыяктуулар менен жем даярдайбыз. Экспарцет беребиз. Жалпы жонунан күнүнө жети-сегиз жолу чөп салынат. Ээн-эркин жүрбөйт, дайыма байланып турат. Ошондой эле алды таза болушу керек. Кышкысын жылуу суу берилет. Негизи жем-чөбүн убагында берип турсаң эле бардык мал семирет. Ал эми дары берип этин көбөйтөт экен дегендер болбогон кеп. Биздин айылда андай жок. Илгери эле тыюу салынган.

Мал доктурлардын малды эмдөө учуру

Мал доктурлардын малды эмдөө учуру

Акыркы жылдары ишкерлер тез арада малды семиртүү үчүн гормон саюуну колдонуп жатканын көзөмөлдөө органдары деле айтып келишет. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө сатылып жаткан эттин курамындагы гормон жана гендик модификацияланган заттарды текшере турган лаборатория толук иштебейт. Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов буларга токтолду.

- Эми мурда ветеринария тармагы башаламан болчу. Азыр иретке келтирели деп атабыз. Айылдардагы жеке менчик ветеринарларга укук берип, аны менен кошо жоопкерчиликти жүктөйбүз. Эгерде ал караган аймактагы малдан бир нерсе чыкса, ошол киши жооптуу болот. Чынында азыр мал кандай бордолуп жатат билбей жатабыз. Бирок биз айткандар ишке ашып кетсе, ветеринарлар көп мал бордолгон сарайларды кыдыра алат.

Айрыкча шаар тургундары сатуучу айткан сөзгө гана ишенип эт алууга аргасыз. Базардан таза эт менен ар кандай кошумча заттарга бордолгон малдын этин айырмалоо кыйын. Шаар тургуну Келдибек Асанов базардагы эттин сапатына нааразы:

- Эми базардан баары эле мактай беришет. Бир жолу уйдун эти деп алгам. Үйгө барып бир кайнаткандан кийин эле шорпосу башкача даамданып калды. Дарыга семирген малдыкы шорпосунан билинет экен. Шорпосун бир төгүп анан көпкө кайнатып жедик. Араң алган этти ыргытмак белек.

Дары менен семирген мал ден соолукка зыян

Адистер малдын жасалма жол менен семиртилген эти адамдын саламаттыгы үчүн өтө зыян экенин белгилешүүдө. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерлигинин окутуучусу Анарсейит Дейдиевге бир нече суроо менен кайрылдык:

Ат-Башынын базары

Ат-Башынын базары

"Азаттык": Малды тез семиртүүчү дары-дармек кайдан келет?

Анарсейит Дейдиев: Мен билгенден Кытайдан келет. Мындай дарылар ар кандай ат менен эле сатыла берет. Дарылардын курамында химиялык заттар кошулган. Булар малды тез арада эттентүүгө жана кошумча салмак басууга жардам берет.

"Азаттык": Өлкөдө эт менен иштегендерге мындай тажрыйба качан келе баштаган?

Анарсейит Дейдиев: Эми аны так айтууга болбойт. Бул Орусияда тыюу салынганы менен аларда деле жаап-жашырып багып жатышат деген маалымат бар. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда деле ишкерлер жакшы киреше табуу үчүн колдонушат.

"Азаттык": Ушундай жол менен багылган малдын эти адам саламаттыгына кандай таасир тийгизет?

Анарсейит Дейдиев: Эң аз тийгизген таасири адамда аллергия пайда болушу мүмкүн. Ал эми эң чоң таасири билинбей эле рак ооруларын күчөтүп жиберет. Дарыга кошулган химиялык заттардын курамына жараша толтура ооруларды чакырат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG