Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Каракулжалыктар: мал уурулук мазени алды


Оштун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургундары аймакта мал уурулук күчөп кеткенин айтып чыгышты.

Ошто өткөн маалымат жыйынында Кеңеш айылынын активдүү тургундары дагы уурулук каттала турган болсо ууруларды эл жазалаарын, тартип сакчыларына ишенбей калгандыктан ушундай аргасыз кадамга баруу чечимине келгенин билдиришти. Алардын айтымында, акыркы ирет кармалган ууруларды сот үй камагына чыгарып жибериптир.

Кеңеш айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Таабалды Эрмекбаев аймакта акыркы бир-бир жарым жылда мал уурулук өзгөчө күч алганын айтат: Анын болжолунда, уурдалган мал башы жүздөн ашуун:

- Болжол менен майда жандык жүздөн ашса керек. А бодолору 15-20 чакты.

Кеңеш айылынын участкалык милициясы Шавкат Мырзакулов менен телефон аркылуу байланышканыбызда бир жыл ичинде 16 кой жана 1 торпок уурдалгандыгы тууралуу 3 гана арыз түшкөнүн айтты.

Райондук кеңештин депутаты, өзү да мал уурдаттым деген Абдыбек Турдуев болсо кеңештиктер тартип сакчыларына, сот органдарына нааразы дейт. Анын айтымында, жакында эле мал уурдап бараткан жеринен кармалган топту райондук сот үй камагына чыгарып койгон:

- Айт күнү Мерседес унаасы менен үч бала колго түшүрүлгөн. Ал балдар 6 кой менен кармалышкан. Ушуларды сот бир айга ачыкка чыгарып койду. Адилетсиз сотко биз нааразыбыз.

Ал эми райондук соттун төрагасынын орун басары Тилек Асанов 20-22 жашта эки жаран кармалганын тактады. Учурда тергөө жүрүп жаткандыгын, алар тергөөнүн тийиштүү эрежелерине ылайык, мыйзамдын негизинде үй камагына чыгарылгандыгын айтат:

- Алты койдон төртөө тергөөчүлөр тарабынан жабырлануучуларга кайтарылып берилген. Күнөөлөрүн моюндарына алып атышат, жашаган жери туруктуу. Инсандыгы да такталган. Тергөө учурунда андай кишилерди камаганга мыйзам жол бербейт.

Асановдун айтымында, мал уурулук Кылмыш жаза кодексинде үч бөлүк боюнча каралат. Ага ылайык, тийиштүү айып пул төлөнөт. Көбүрөөк мал уурдалса, же адамдар тобу уурдаса 3 жылдан жогору сот тарабынан абакка алынат.

Айтмакчы, аксакалдар сотунун төрагасы Таабалды Эрмекбаев аталган айылдын тургундары мындан ары уурулар кармалса аны өздөрү жазалай турган чечим кабыл алынгандыгын жар салды:

- Ушул уурулар толугу менен, керек болсо ашыгы менен төлөп берсин. Анан мындан кийин уурулук кылбайм деп тил кат жазып берсин. Эгер дагы уурулук кылса, анын үй-мүлкүн тоногонго чейин барабыз деген чечим кабыл алышты. Муну уурунун атасынан башкасы бир добуштан колдошту.

Эрмекбаев бул кадамды кеңештиктер милицияга ишенбей калган үчүн жасашты деп түшүндүрдү. Кара-Кулжа тоолуу район. Андыктан каракулжалыктар негизинен мал багып тиричилик кылышат.

XS
SM
MD
LG