Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Бүгүн жума намазда "Исламдагы ден соолук" деген темада кутпа айтылат


24-мартта өлкөдөгү 1770 мечитте жума намаз учурунда "Исламдагы ден соолук" деп аталган кутпа окулат. Ал кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналууда.

USAIDдин "Кургак учукту жеңебиз" программасы Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы менен чогуу кутпанын текстин иштеп чыгышкан. Аны муфтий бекитип, жума намаз учурунда түшүндүрүү-маалымдоо иштерин жүргүзүү планы киргизилген.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

24-март - Кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда кургак учук басаңдоодо. Ага ылайык, 2016-жылы 5653 адам алгачкы жолу кургак учук оорусун жуктурган, 2015-жылы бул көрсөткүч 200 кишиге көп болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG