Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Кыйноо фактылары көмүскөдө калууда


Бишкектеги түрмөлөрдүн биринен тартылган сүрөт. 26-январь, 2012-жыл.
Бишкектеги түрмөлөрдүн биринен тартылган сүрөт. 26-январь, 2012-жыл.

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында камалып турган Нуркамил Искендеровдун туугандары анын күнөөсүз экенин жана абакта кыйноого, уруп-сабоого кабылганын айтууда.

Нуркамил Искандаров 47-колониянын жетекчисинин орун басарына кол салган деп айыпталып, жыл башында камакка алынган. Башкы прокуратура кыйноо фактылары Кыргызстанда азайганын айтса, адам укугун коргоочулар ал милийсаканаларда, тергөө абактарында системалуу көрүнүшкө айланып, саны кыскарбай жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстанда кыйноо фактылары адатта укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлөт. Укук коргоо органдары кылмышка шектүүнү жаңыдан кармаган учурда же убактылуу кармоочу жайда жана тергөө абагында ур-тепкиге алып, өздөрү каалагандай көрсөтмө алат деген сындар бар.

“Мойнуна алдырабыз деп сабашкан”

30 жаштагы Нуркамил Искендеров №47 абактын жетекчисинин орун басарына көчөдөн кол салды деп айыпталып, жыл башынан бери Бишкектин №1 тергөө абагында камалып турат. Анын апасы Мырзайым Токобаеванын айтымында, уулу көчөдөгү көзөмөл камерага түшүп калганы үчүн эле шектүү катары камакка алынган.

- Балам ооруп, №4 Бишкек шаардык ооруканага барып, көрүнүп келе жаткан. Ошондо саат үчтөн жыйырма мүнөт өткөн мезгилде абактын жанындагы дөңгөлөк жамаган жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калыптыр. Ал эми кечинде абактын жетекчисинин орун басарын башка бирөө сайып кетсе, “сен ошол жакта үчтө турган экенсиң” деп, баламды алып барып камап коюшкан. Ошону менен моюнуна алдырабыз деп, СИЗОдон 7-8 адам сабаган. Төрт кызматкерге иш козголуп, азыр сот иши жүрүүдө. Балам катуу сабалган, башынан жаракат алган, куймулчагынын эки омурткасы жылып кеткен.

№47 абактын жетекчисинин орун басары Милан Шакиевге былтыр декабрдын акырында кол салынып, аны абактын сыртынан, көчөдөн бычак менен сайып кетишкен. Ага күнөөлүү деп, эки адам кармалып, анын бири абакта кыйноого кабылды делген Нуркамил Искендеров болчу. Жабырлануучу Милан Шакиев ал кол салууну кызматтык иши менен байланыштырат.

- Башка укук коргоо органдары эле жасап койсо, анда анын күнөөсү жок деп, айтсак болмок. Бирок мен өзүм мага кол салгандар ошол адамдар болгонун тааныдым да. Эми кандай себеп менен кол салышканын алардын өздөрүнөн сураш керек. Мен ишиме байланыштуу болуш керек деп ойлойм.

Түрмө жетекчисине кол салуу окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, ал Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралууда. Ошол эле кезде №1 тергөө абагында Нуркамил Искендеровду кыйноо фактысы боюнча да Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал соттук териштирүү учурда Октябрь райондук сотунда жүрүүдө.

Кыйноо фактылары системалуу орун алууда

Адам укугун коргоочулардын айтымында, бул ондогон кыйноо фактыларынын бири гана. Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин пикиринде, акыркы байкоолор кыйноо фактылары мурдагыдай эле уланып, системалуу жүрүп жатканын көрсөтөт.

- 2013-жылы Акыйкатчы институтуна 59 адам кыйноо фактылары боюнча арыз менен кайрылса, быйыл алты айдын ичинде эле баш-аягы 45 адам кайрылган. Салыштырып карасак, абал эч өзгөрүүсүз калып жатат.

Акыйкатчынын кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз мамилеге каршы БУУнун конвенциясына жолдогон буга чейинки атайын баяндамасында, 2012-жылы кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарына 371 кайрылуу түшүп, 31 кылмыш иши козголгону айтылган. Былтыр болсо 265 кайрылуу болуп, анын 20 кылмыш иши козголгону белгиленген. Бул башкача айтканда, кайрылуулардын 93 пайызы боюнча кылмыш иши козголбойт дегенди түшүндүрөт. Кыргызстанда жакында түзүлгөн кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков буларга токтолду.

- Кыйноо фактылары дегенде биз укук коргоо органдары жөнүндө гана айтып жүрөбүз. А бирок кыйноолор укук коргоо органдарында гана эмес, жетим балдар үйлөрүндө, карылар үйлөрүндө, психикалык ооруканаларда да кезигет.

Ал эми баш прокурор Аида Салянованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда кыйноо фактылары 2012-жылга салыштырганда былтыр 29 пайыз аз катталган. Анын айтымында, прокуратура жабык жайлардагы кыйноолорду азайтуу боюнча былтыр 3 миңден ашык текшерүү жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG