Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Атамбаев чек ара маселелерин талкуулады


Чек ара.
Чек ара.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Касымкулов чек арадагы акыркы абал жана аны коргоо жаатындагы чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Атамбаев чек ара коопсуздугун сактоону күчөтүүнү тапшырды.

22-январда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткендеги Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыр орун алган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтышынча, саат кечки бештер чамасында эки тараптан отуздай киши топтолуп, бир күн мурда чырдашып кеткен жаштардын маселесин талкуулап жатышканда кайра жаңжал чыккан. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөровага тажик жарандары кол көтөрүп, ал ооруканага түшкөнү айтылган. Бул окуя боюнча эки өлкө чек арачылары биргеликте иш алпарып жатканы кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG