Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Ош базарында феминисттер сабалды


Ош шаарында феминисттердин "СКью" уюму уюштурган акциядан бир көрүнүш. Ош, 10-декабрь, 2013.
Ош шаарында феминисттердин "СКью" уюму уюштурган акциядан бир көрүнүш. Ош, 10-декабрь, 2013.

Бишкектеги феминисттердин "СКью" уюмунун активисттери сабалганын айтып чыгышты. Активисттер шаршембиде борбордогу Ош базарынын жанында 8-март майрамынын тарыхы, маанисин түшүндүргөн тынч акция өткөрүп жатканда 20га жакын адам аларды ур-токмокко алган. Бишкек милициясы бул окуянын чыгышына активисттер өздөрү себепкер болгонун билдирди.

5-март күнү уюмдун беш активисти Ош базардын кире беришинде 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн утурлай бул майрамдын маанисин, таржымалын түшүндүргөн акция өткөрүп жатышкан. Феминисттер Ош базарын адамдар көп чогула турган жай катары атайын тандап алышкан. Акция аяктап калган учурда белгисиз бирөөлөр чагым салып, 20га жакын адам мазактаган сөздөрдү айтып, активисттерге кол көтөрүшкөн. Жеке коопсуздугунан улам атын атоодон баш тарткан активисттердин бири окуяны “Азаттыкка” мындайча баяндады:

- Биздин акциябыз 8-марттын маанисин түшүндүрүп, аялдардын укугун коргоо максатын көздөгөн болчу. Бул күндүн мааниси, тарыхы тууралуу базарга кирип-чыккандарга айтып берип жатканбыз. Биздин айланабызга көп эле адам чогулуп калган болчу. Ошол учурда бирөөлөр чагым чыгарып, “эмне үчүн силер кресттин сүрөтүн көрсөтүп жатасыңар, мусулман эмессиңерби, кыргыз эмессиңерби” деп кыйкырып, кууп, сабап киришти. Мисалы мени башка уруп кетишти.

Күтүүсүз кол салууга кабылган активисттер базарга жакын Ленин райондук сотунун имаратына кире качып, баш калкалаганга үлгүрүшкөн. Феминисттер бул окуядан соң милицияга арыз жазышты. Активисттер эмне болуп жатканын көргөн милиция кызматкерлери эч чара көрбөй койгонуна нааразы.

Бишкек шаардык милициясы бул окуя тууралуу башкача маалымат берүүдө. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, окуянын чыгышына активисттер өздөрү түрткү берген:

- Активисттер базарга барып 8-мартка байланышы жок эле "бул дүйнөдө кудай жок" деп элдердин ишенимине жат келген сөздөрдү айтышкан экен. Ошондо ал жактагы адамдар чогулуп кубалышкан. Активисттер Ленин райондук сотуна баш калкалоого аргасыз болду деген маалымат түшөөрү менен биздин кызматкерлер барып, тиешелүү чараларды көрдүк. Учурда жабыркадым дегендер боюнча соттук-медициналык экспертиза алынды. Тергөө жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Милиция активисттерге кол салууга шектелгендерди аныктады. Эгер кылмыш иш ачылса, алар жоопко тартылат.

Феминисттер болсо акция учурунда диний кастыкты козутуучу ураандар айтылганын четке кагып, муну милициянын активисттерге каршы аракети деп баалашууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова акыркы кездерде укук коргоочу уюмдарды кодулап, аларга каршы чагым уюштуруу аракеттери байкалып жатканына токтолду:

- Акыркы кездери ушул сыяктуу көрүнүштөр күч алып жатат. Буга бир тараптуу эле маалымат берилип, адам укугу тууралуу түшүнүгү тайкы адамдар колдонулуп жатат. Ош базарындагы окуя деле ошолордун бири болду.

Бул талаштуу окуядан соң жалпы калк майрамдаган 8-марттын таржымалын түшүндүрүү зарыл беле деген талкуу социалдык тармактарда башталды.

Тарых илимдеринин доктору Муратбек Кожобеков аялдарды зомбулуктан сактоо, укугун коргоо актуалдуу болуп турганда бул майрамдын таржымалын эске салуу ашыктык кылбастыгын айтат:

- 8- марттын тарыхы аялдардын укугун коргоо, тең укуктуулукту камсыз кылуудан келип чыккан. Бул күрөштү билдирген майрам. Учурда көпчүлүк муну биле бербей, "аялдар майрамы" деп эле айтып калдык. Ошондуктан, бул күрөш аркылуу маанилүү майрамга айланганын биз билип, эске салып турушубуз керек. Бул биз үчүн салтка айланышы зарыл.

Буга чейин аялдардын укугун коргоо боюнча бир нече акция өткөрүп келген "СКью" уюмунун өкүлдөрү аларга кол көтөрүп, чагым салгандар жазаланбаса, өлкөнүн жогору жетекчилерине кайрылышаарын эскертишти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG