Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Shell Иран менен мунай келишимине жетишти


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Иранга каршы позициясына карабай Иран жана англо-британдык Shell компаниясы 7-декабрда үч ири мунай-газ кенин иштетүү келишимине кол койду.

Shell Франциянын Total компаниясынан кийин Иранга келген батыштын экинчи ири мунай компаниясы болуп калды. Total өткөн айда Иран менен 4.8 млрд. долларлык келишимге жетишкен. Келишим Shell компаниясына Ирандын Түштүк Азадеган жана Ядараван мунай, Перс булуңунун Киш аралындагы газ кенин иштетүүгө катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Эки мунай кени акыркы 20 жылда ачылган эң ири кен экени белгилүү. Бул кендерди Total жана Кытайдын Sinopec компаниялары бургулап жаткандыктан, Shell күчтүү атаандаштыкка туш болот. Ири алты мамлекет жана Тегерандын ядролук программа боюнча келишими Иранга санкцияларды жеңилдетти, бирок АКШнын шайланган президенти ал келишимди кескин сынга алып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG