Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Алименттен качкан аталар көбөйдү


Акыркы жылдары балдарын жалгыз баккан энелер көбөйгөнүн адистер айтышууда
Акыркы жылдары балдарын жалгыз баккан энелер көбөйгөнүн адистер айтышууда

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, миңге жакын жаранга алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланган.

Укук коргоочулар жарым жыл мурда алимент төлөбөгөндөргө карата жоопкерчилик күчөтүлүп, айып пулдун үч эсе жогорулаганы жагдайды өзгөртпөгөнүн айтышууда. Ошол эле маалда өлкө боюнча сотко кайрылгысы келбей, балдарын өз алдынча баккан энелердин так эсеби белгисиз.

Күйөөсү менен бир жылдай жашап, ажырашып кеткен жалалабаддык 28 жаштагы Акылай Койчукараева беш жаштагы уулунун атасынан алимент өндүрө албай айласы кетти. Базардагы жер-жемиш сатуудан түшкөн акча деле бала-бакча, кийим-кечесинен ашпай кыйналган келин азыр да улам бир сотко кайрылып, Жалал-Абадда жүрөт. Ал азырынча чүрпөсүнө алимент алуу машакатынан майнап чыкпай жатканын айтты:

- Мурдагы жылы сотко кайрылганымда эле 86 миң сом болгонун айтышкан. Андан бери дагы канчасы кошулганын ким билет. Эсептеп деле беришкен жок. Акчасы көбөйгөндөн көбөйдү. Айлам кетип, Жогорку Сотко да кайрылгам. Ал жактан "Жалал-Абадда турат экенсиңер, ошол жакка бар" деди. Ал эки жолу сырттан соттолгон. Сотко кайрылсам эле көрүнгөн шылтоолорду айтышып, эки жакка жөнөтүшөт. Прокуратурага жаз деген эле, ал жакка абалымды түшүндүрсөм жооп жок.

Акылайдын айтымында, баласынын атасы учурда экинчи үй-бүлөсү менен түтүн булатып, туруктуу жумуш жоктугун шылтоолоп, жолугушуудан качып жүргөн экен. Убайым тарткан жаш эне ортодогу балага кам көрбөгөн атаны канткенде жоопкерчиликке чакырса болорун ойлоп жүргөн кези.

Баласынан качып, чет өлкөгө чыгып кеткендер

Эл өкүлү Курманбек Осмонов балдарды багууга каражат төлөөдөн атайын баш тарткандарга чара көрүлбөгөнүн тиешелүү органдардын иштебей жатканынан көрөт.

- Жалпы жонунан сот аткаруучуларынын ишинен көз каранды. Ошолор ар бир алименттик өндүрүштү көзөмөлдөп турушу керек. Бул аталган маселелердин баары Сот департаментинин ишиндеги мүчүлүштүктөрдөн болуп жатат. Эгер атайын качып, алимент төлөбөй жатса, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзам чегинде аткарылышы зарыл.

p>Жубайлар ажырашып кеткен соң баланын алдындагы милдеттерин түшбөгөн ата-энелердин жагдайлары толтура экенин “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова белгилейт. Аталган борборго алимент төлөтө албаган жүздөгөн аялдар кайрылат. Айрыкча чет жерге кетип калгандар көп.

- Баласынын укугун билбегендер четтен чыгат. Же болбосо расмий түрдө нике кыйылбагандардын жагдайлары ушундай, алимент төлөттүрө албай кыйналышат. Учурда “эптеп эле бири-бирибизден кутулсак болду” деген түшүнүк калыптанып бараткандай. Соттун чечими чыкса деле Орусия, Казакстанга кетип калып төлөбөй жүргөндөрү канча! Экинчи жагынан эгер аял алимент төлө дей турган болсо “сенин үйүң жок, баланы мен багам” деп талашкандары чыкпай койбойт. Ошондон коркуп талап кылышпайт.

Сандар азайган жок

Ар кимдин турмуштук жагдайы ар башка болгондуктан алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз жазып расмий кайрылбагандардын так санын айтуу кыйын экенин укук коргоочулар белгилешүүдө. Кээде айына төлөнчү 2500-3500 сом алиментке муктаж болбой “өзүм багам” деген аялдар да бар.

Анткен менен Жогорку Соттун өкүлү Айнура Токтошева былтыркыга салыштырмалуу алименттен качкандардын саны төрт жүзгө көбүрөөк экенин айтты:

- Негизи алимент өндүрүү боюнча арыздар биринчи инстанцияга - райондук, шаардык сотторго келет. Биздин эсебибиз боюнча жыл сайын андай арыздар көбөйүүдө. Мисалы, 2013-жылы 5 миңден ашкан. 2014-жылы болсо 6 миңден жогорулаган. Ар кандай жүйө менен алимент төлөбөй койгондор Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине ылайык 2 жылга эркинен ажыратылат.

Мындан жарым жыл мурун алимент төлөө жоопкерчилигин жогорулатуу сунушун көтөргөн депутат Элмира Жумалиева карызын төлөбөгөндөрдөн үч эселеп кайтаруу күчүнө эбак киргенин эске салды:

- Өзгөртүүнү сунуштап жаткан жалпы өлкө боюнча дээрлик 60 пайыз алимент төлөнбөй калганы туурасында маалымат алганбыз. Ошондуктан биз киргизген айып пул төлөө милдети иштегенге аргасыз кылат деп ойлойм. Эгер иштей албаса да жери же үйү болсо баласына өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Бирок укук коргоочулар тиешелүү мыйзам жашы жете элек балдардын кызыкчылыктарын коргобой жатканын белгилешет. Айрыкча чет жерде мигрант болуп кеткен боюнча дайын-оту жок аталардан акча өндүрүү механизми дагы деле бышпай жатат дешүүдө.

XS
SM
MD
LG