Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:05

Жогорку Сот өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровдун адвокатынын арызын карап, бирок аны канааттандырган жок.

Адвокат Валериян Вахитов Аскаровду кармоо учурунда уруп-сабашканын жана кыйнашканын айтууда. Ал эми Аскаровдун уулу эл аралык уюмдарга кайрылып, кыргыз бийлигин Аскаров боюнча ишти кайра кароого милдеттендирүүгө чакырды. Улуту өзбек укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясы үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою соттолгон.

Адвокат: Аскаровду кыйнашкан

Адвокат Валериян Вахитов 2010-жылы 15-июнда укук коргоочу Азимжан Аскаровду милиция кармаган учурда, кыйноого алышкан, уруп-сабашкан деген бекем ишенимде. Бирок укук коргоо органдары кылмыштуу аракеттерин жабуу үчүн документтерди бурмалашканы далилденип турса да, ага соттор көңүл бурбай жатканын айтат. Вахитовдун арызын буга чейин Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук соттору да канааттандырган эмес. Эми Жогорку Сот дагы аны четке какты.

Азимжан Аскаровду түрмөдөн бошотууга каршы акция. Базар-Коргон, 15-март, 2011-жыл

Азимжан Аскаровду түрмөдөн бошотууга каршы акция. Базар-Коргон, 15-март, 2011-жыл

- 15-16-июнда Аскаров кармалган болчу. Тергөөчүлөрдүн ошондогу аракеттери боюнча арыз жазганбыз. Эч кандай кылмыштын курамы жок, кыйноо, мыйзамсыз кармоо болгон эмес деп, кароодон баш тартты.

Вахитов өз арызында бул соттук кароого өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаров да катышсын деп өтүнгөн экен, бирок ал да соттук коллегия тарабынан колдоо тапкан жок. Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Асаналы Иманбеков болсо, Аскаровдун адвокаты арызында жүйөөлүү далилдерди жана фактыларды келтирген эмес дейт.

- Бул жерде Аскаровду уруп-сабоо, кыйноо фактысы болгон эмес деген тыянакка келишип, Жалал-Абад соту ушундай токтомду чыгарышкан. Ошон үчүн Жогорку Сот дагы карап чыгып, Вахитов айткан фактылар чынында болгон эмес деп тапты.

Эгер соттор Азимжан Аскаровду кармоо учурунда кыйноо, уруп-сабоо фактысы болгон деп тапса, Азимжан Аскаровду өмүр бою соттогон өкүмдү кайра кароого шарт түзүлүшү мүмкүн болчу.

Таразада Кыргызстандын аброюбу?

Ал аралыкта Азимжан Аскаровдун уулу Шерзод Аскаров да эл аралык уюмдарга кат жолдоп, Аскаровдун ишин кайра кароого кыргыз бийлигин милдеттендирүүгө чакырды. Ал өз арызын БУУнун Адам укугу боюнча комитетине, ЕККУга, Еврошаркетке, АКШ конгрессине жана башка уюмдарга жолдогон.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова Аскаровдун ишин калыс кароо Кыргызстандын аброю менен байланышкан маселе деп эсептейт:

- Бул иш стратегиялык жаткан абдан маанилүү. Анткени мында Кыргызстандын бийлиги жана көз карандысыз сот акыйкаттуулукка көңүл бурабы же бурбайбы деген маселе туруп жатат. Ошондой эле бул Кыргызстан адам укугуна, демократияга жана мыйзамдуулукка карайбы же карабайбы деген чоң сыноо.

Аскаров боюнча маселени кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өткөн айда Бельгияга жасаган сапары учурунда сөз кылган. Анткени ага чейин Human Rights Watch эл аралык уюму Брюсселдеги эл аралык уюмдар Аскаров боюнча сот өкүмүн өзгөртүүгө кыргыз президентин чакыруу керек деп билдирген:

- Адам укугу деп жатасыңар, албетте андай суроолор да болду. Бүгүн да бул жерде Азимжан Аскаровду сөз кылып жатышат. Мен аларга Азимжан Аскаровдун соту болгон деп айттым. Мисалы, “мен бул жерге келип алып, тигиге туура эмес өкүм чыгарылыптыр” деп айта албайм да. Анткени сот деген сот. Бул ишти сот чечиш керек. Экинчиден, ишти кайра караш үчүн кандайдыр бир далилдер болушу керек да. Азыр андай далилдер жок.

Улуту өзбек укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот да аны айыптуу деп тапкан. Бирок Аскаров айыбын мойнуна албай келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG