Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:01

Кыргызстанда кыйноолор боюнча жыл башынан бери эле 200дөй факты катталган. Анын жүздөйү Башкы прокуратурага, калгандары бейөкмөт уюмдарга түшкөн арыз-даттануулар.

Бирок алардын ичинен он чакты гана факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинен да кээ бири кыйноо эмес, башка беренелер боюнча ачылган иштер. Бул фактылар бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын Ош шаарында өткөн семинарында айтылды. Кыргызстанда кыйноолор азая электиги жана ага каршы күрөш да солгун болуп жатканы жыйында белгиленди.

Кыйноолордун көбү милицияда

Кыйноолор боюнча түшкөн арыздардын 95% дагы деле күч органдарына, анын ичинде өзгөчө милициянын үстүнөн болуп жатат. Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директорунун орун басары Бакыт Сыдыгалиев мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

- Улуттук борборго түшкөн арыздардын көбү милиция органдардын үстүнөн болуп жатат. Бул көп факторлорго байланыштуу. Милиция кызматкерлери кылмышкерди мойнуна алдыруу, же ачылган кылмыш иштеринин көрсөткүчүн көбөйтүү, ишти тезирээк жабуу үчүн шектүүлөрдү кыйноого алган учурлар бар. Кылмышкер жасаган иши үчүн жазаланыш керек, бирок ал ишти ачууда адамдарды физикалык жана психологиялык жактан кыйнабаш керек. Мындан сырткары балдар үйлөрүндө, карылар үйлөрүндө жана башка ушул сыяктуу жайларда да кыйноолор болгон учурлар бар. Бирок алар көп мезгилде ачыкка чыкпай калып кетет.

Жыл башынан бери эле Башкы прокуратурага кыйноолор боюнча 109 арыз түшкөн. Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук борборго алты айдын ичинде эле 65 арыз түшкөн. Бирок алардын он чактысына эле кылмыш иши козголгон экен. Алардын кээ бири да таптакыр эле башка беренелер боюнча териштирилип жатат.

Каралбаган арыздар

Кыйноолорго каршы коалициянын координациялык кеңешинин жетекчиси Асель Койлубаева буларга токтолду:

- 2012-жылы Башкы прокуратурага кыйноолор боюнча 371 арыз түшкөн. Анын ичинен 31 факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми калган 340 арыз боюнча иш жүргүзүлгөн эмес. 2013-жылы деле, 2014-жылдын ушул мезгилине чейинки кыйноолор боюнча түшкөн арыздардын он чактысына гана кылмыш иштери козголгон. Калган фактыларга эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөй калууда. Бул кыйноолор менен күрөшүүдө эч кандай натыйжа бербейт. Анткени эгер кызматкерлер бир адамды кыйнаса, жоопкерчиликке тартылам деп ойлобосо, ал жоругун дагы улантып, жасай берет.

Ошто өтүп жаткан кыйноолор темасындагы семинарга Кыргызстандын бүт облустарында иш алып барган жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, эл аралык эксперттерден сабак алышууда. Оштогу “Луч соломона” уюмунун жетекчиси Садыкжан Махмудов:

- Мурда кыйноого кабылган адамдар арыз бергенден коркчу. Азыр аз-аздан үйрөнө баштады. Бирок дагы деле кооптонуулар бар. Ошондуктан коомчулук маалымдар болуп, ага каршы чогуу күрөшүш керек. Бүгүнкү окутуулар ошол иштин биринчи этабы десек аша чапкандык болбойт. Алгач жарандык коомдун өкүлдөрү билип алып, анан кыйноого кабылган учурда эмне кылып, кимге кайрылып, маселени кантип чечүү керек деген нерселерди башка жарандарга да үйрөтүшөт.

Милицияда кыйноо жокпу?

Жыйынга бийлик өкүлдөрү, күч органдары да катышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюштуруу-усулдук бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын подполковниги Наргиза Абдырахманова кызматкерлерге кыйноолор боюнча тынымсыз эскертүү берилип турарын айтты:

- Кыйноолорго карата чаралар мыйзамда так көрсөтүлүп турат, конвенцияда да ага уруксат жок деп жазылган. Ошондуктан аны болтурбаганга бардык аракеттер көрүлүп жатат. Өзүбүздүн ичибизде, милиция кызматкерлеринин арасында да түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турат. Чогулуш, жыйындарда кыйноого эч кандай жол бербөө боюнча тынбай эскертүүлөр берилип турат. Биздин кызматкерлердин үстүнөн кыйноо фактылары боюнча арызданып келген фактылар катталган эмес. УКМК жөнүндө мен эч нерсе айта албайм.

Кыргызстан мындан аз күн мурдараак эле кыйноолорду алдын алуу боюнча келерки жылдардын планын кабыл алды. Бирок бул маселе чечилип калды дегендик эмес дешет адистер.

Эл аралык уюмдардын ою

Европа биримдиги комиссиясынын атайын долбоорунун менеджери Питер Даниш Кыргызстандагы кыйноолор боюнча соңку абалга мындай баасын берди:

- Кыйноолор менен күрөшүүдө Кыргызстанда бир топ жылыштар бар. Өкмөт, бийлик өлкөдө кыйноолор болуп жатканын мойнуна алып, аны алдын алуу керек деген позицияда туруп жатканы деле чоң кеп. Бирок дагы деле бир топ жагдайлар эске алынбай жатат. 2014-жылдын сентябрь айына чейин эле Кыргызстанда кыйноолор боюнча Башкы прокуратурага 109 арыз түшүптүр. Чынында мындай фактылар андан көп. Биринчиден, камакта отурган адамдар арыз жазгандан коркушат, же андан жыйынтык болоруна ишенишпейт. Экинчиден, ошол 109 фактынын өзү да эртең акыйкат териштирилеби, айыптуулары өз жазасын же жокпу, бул белгисиз.

Кыргызстан кыйноолорду алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Өлкөдө кыйноолорго каршы мыйзамдык-укуктук база толук жетиштүү. Ошол эле Башкы мыйзамда да, Кылмыш кодексинде да адамды кыйноого карата катаал чаралар бар. Бирок анын баары толук иштебейт дешет адистер.

Аталган иш-чара Кыргызстандагы түрдүү мекемелердеги кыйноо фактыларын алдын алуу жана андагы абалды талкуулоо максатында уюштурулду. Семинарга Кыргызстанда иш алып барган 50дөн ашык бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, бийлик органдары жана эл аралык уюмдардан адамдар катышты. Еврокомиссиянын каржылоосунда уюштурулган бул семинар эки күнгө созулмакчы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG