Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Бүгүн “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү Аскер прокуратурасынын алдында нааразылык акциясына чыгышты.

“Мен ишенбейм” кыймылы быйылкы президенттик шайлоо алдында “Мен таза шайлоо үчүн” деген аталышта Бишкекте акция өткөргөн. Кыймыл мүчөлөрүнүн айтымында, мындан соң Улуттук коопсуздук кызматкерлери аларды чакырып алып, эгерде иш-аракеттериңерди токтотпосоңор, анда күч колдонобуз деп коркутуп-үркүтүшкөн.

Бул тууралуу жаштар Башкы прокуратурага кат аркылуу билдиришкен. Башкы прокуратура Коопсуздук кызматы аскер прокуратурасына карай турганын маалымдаган жооп кайтарган. Аскер прокуратурасы өз кезегинде жаштарга “УКМК кызматкерлери мыйзам чегинде аракеттенишкен” деген жооп беришкен. Бүгүн болсо “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү Гүлшайыр Абдирасулова жана Каныбек Сарымсаков Аскер сотунун алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Г. Абдирасулованын айтымында, тиешелүү органдар алардын укуктарынын бузулуп жатышына көңүл кош мамиле кылууда:

- УКМК кызматкерлеринин бизге карата жасаган иш-аракеттери боюнча Баш прокуратурага кайрылсак, биздин ишибизди Аскер прокуратурасына жиберишиптир. Баары жоопкерчилик алуудан качып жатышат. Жаштардын укуктары бузулуп жатканы менен эч кимдин иши жок. Пикет, акцияларга чыкпай эле бизге кайрылгыла, сүйлөшөлү дешет дагы, кайрылсак мына ушинтип бир инстанциядан экинчи жакка жөнөтүшөт.

Г. Абдирасулованын айтымында, аларды коркутуп-үркүткөн Улуттук коопсуздук кызматкерлери жоопко тартылышы керек.

Бишкек Аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркинбаевдин ырасташынча, алар бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүшкөн:

- Улуттук коопсуздук кызматкерлери чын эле “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүнө кысым жасадыбы деп атайын текшерүү жүргүзгөнбүз. Аларга каршы эч кандай далилдер жок болгондуктан, кызматкерлердин күнөөсү жок деген жыйынтык чыгардык. Ал гана эмес, УККнын жетекчилиги да өз ара кызматтык тергөө жүргүзүп, алардын кызматкерлери жаштарга карата эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасабаганын аныкташты.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулунун билдиришинче жаштардын коюп жаткан дооматы эч бир негизсиз:

- Жаштардын кайрылуусун Баш прокуратура Аскер прокуратурасына жөнөткөнү туура иш болгон. Эгерде биздин кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса, анда Аскер прокуратурасы изилдеп, аныкташат эле го. Эгерде алар алган жоопко ичи чыкпай жатса, жогорку инстанцияларга кайрылышсын.

Жаштардын өздөрүнүн айтымында, Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан аларга карата куугунтук жасалууда. Бул тууралуу “Азатыкка” кыймылдын мүчөсү Наргиза Абылдаева буларды айтты:

- Мен кыймылдын активдүү мүчөсүмүн жана “Жашылдар” партиясынын төрага орун басарымын. Шайлоо алдында коопсуздук кызматкерлери мени чакырып алып, эгерде шайлоого байланыштуу акицияларды уюштурсаңыз, анда “баш аламандыкты уюштурду” деп, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутушкан. Ошондой эле жеке өзүмө телефон чалып же кеңсеме келишпей, иштеген окуу жайга барып издешип, анын айынан жетекчилигим менен бир топ чатактар болду.

Ал эми Аскер прокуратурасынын алдында бир канча убакыт туруп, эч кандай түшүндүрмө ала албаган кыймылдын мүчөлөрү, алардын укуктарынын бузулуп жаткандыгы тууралуу президентке кайрылуу жолдошмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG