Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Апта окуясы: 7-апрель окуясын иликтөөнүн сапаты сотко таасир этеби?


Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 17-ноябрь.

Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 17-ноябрь.

7-апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот жараянын бирөөлөр тарых соту дешсе, айрымдары аны саясий шоу деп аташты.

Ишти тергеп-иликтөөнүн сапатсыздыгы, негизги айыпкерлердин качырылышы жана ал үчүн бийликтин жоопкерсиздиги коомчулукта курч сынга алынууда.

Соттон качкан айыпкерлерге тымызын колдоо мурда эле байкалганбы?

22-ноябрга которулган сот жараяны кылмыш иши боюнча айыпталып жатышкан мурдагы аткаминерлер Нурлан Турсункулов, Оксана Малеваная жана Каныбек Жороев дайынсыз жок деген билдирүүдөн башталды. Бакиев режиминин аталган экс-жетекчилери үй камагына чыгарылышкан болчу. Учурда мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов темир тор ичинде жооп берип жатышат. Атайын даярдыктагы “Альфа” жана “Арстан” бөлүктөрүнүн айыпталып жатышкан он беш кызматкери үй камагынын шартында сотко катышууда.
Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев сот залында, 22-ноябрь.

Жабырлануучулардын коомдук жактоочусу Автандил Сакыбаев бириндеп качып кетүү ыктымалдыгынан улам аларды камоону соттон өтүндү:

- Биз сотко өтүнүч киргизгенбиз. Мына минтип дагы үчөө качып кетишти. Соттук жараянды үзгүлтүккө учуратпаш үчүн калгандары да качып кетиши мүмкүн. Ошондуктан камакка алуу зарылдыгы бар десек, сот ага көңүл бурган жок. Карап туруп эле аларды жоготуп койдук дегени баланын оюнун эске салат. Эгерде минтип олтурса бул сот жараяны жакынкы жылдары бүтпөй турганга окшоп калды.

Оксана Малеванаяга, Нурлан Турсункуловго жана Каныбек Жороевге жапырт адам өлтүрүүгө көмөктөшкөн жана үй-бүлөлүк-кландык бийликтин күчөшүнө өбөлгө түзгөн деген мазмундагы айып коюлган. Сотко чейин алардын иши жалпы кылмыш ишинен бөлүнүп, өзүнчө сот өндүрүшүнө берүү маселеси каралган. Талдоочулар мына ошол учурда эле аталган айыпкерлердин жоопкерчилигин жумшартып, аларды калкалоого бийликтин өзүндө кызыкдар күчтөрдүн болгондугун айтышат.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев маалымат жыйындарынын биринде аталган айыпталуучулардын ишин бөлүп кароону алардын кызыкчылыгына карата күмөндүү иш-аракет катары айтып чыккан:

- Тергөөдө аныкталгандыктан улам, О. Малеваная, К. Жороев, Н. Турсункулов сыяктуу чиновниктерге кылмыш иши козголгон болчу. Бирок мен ал жактан кеткенден кийин бул адамдардын ишин негизги кылмыш ишинен бөлүшкөн экен. Ошондой эле койулган беренелерде да өзгөрүү болгон. Мындай көрүнүш жабырлануучулардын туугандарын нааразы кылып, күмөн саноону жаратышы мүмкүн. Биз ошондуктан ишти бир багытта бөлбөй карап жаткан болчубуз. Деги эле бул ишти чаржайыт кылып бөлүп кароого мүмкүн эмес. Анткени анын түбүнүн бардыгы бир чекиттен келип, кесепети дагы ошондой болуп жатпайбы.

Бирок расмий бийлик органдары тергөөнүн жүрүшүндөгү мындай мүчүлүштүктөр чындыгында эле орун алгандыгын жана андай аракеттер өз учурунда четтетилгендигин мойунга алышкан. Өкмөт башчысынын укук коргоо жана сот органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” айыпталып жаткан 28 адам өздөрүнүн аракеттерине жараша бир кылмыш ишинин негизинде соттоло тургандыгын бекемдеген болчу:

Азимбек Бекназаров
- Чындыгында эле тергөөдө алардын иштери бөлүнүп, түздөн-түз катыштыгы жок катары башка беренелер койулгандыгы аныкталды. Бирок азыр тергөөнүн мындай мүчүлүштүктөрү четтетилди. Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдарга беркилер менен бирдей эле массалык адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген мурдагы койулган берене калтырылды. Эми ошол мурда кандай айып койулса өзгөртүлбөстөн, иштери бөлүнбөстөн ошол боюнча сотко өткөрүлүп бериле баштады.

7-апрель окуясына түздөн-түз тиешеси бар мурдагы саясий жана аскерий жетекчиликтин качып кетиши кылмыштуу буйрукту аткарган деген шек менен соттолуп жатышкан ортонку жана кенже топтогу аскер кызматкерлеринин айласын кетирди. Сотто алардын бардыгы күнөөсүн моюндарына албай тургандыктарын жарыялашты.

Анткен менен ошол күнү аянтта уулу окко учкан Нурия Айдобосунова андай болсо айыпталып жаткан аскер кызматкерлери соттун жүрүшүндө өздөрүнүн ак экендигин далилдеп берүүсүн талап кылды:

- Булардын тикелей милдети сырткы душмандар менен, жанакы террористтер менен күрөшүп, элди коргош. Ак үйдүн алдына барып бийликке каршылыгын айтып чыккан элди атыш эмес. Ошол күнү эртеден кечке Ак үйдүн үстүнө курал-жарактары менен чыгып, олтуруп алышып булар эмне менен алектенишкен? Ушул суроого жооп бере алышпай жатышпайбы. Алар чындыгында эле элге каршы ок чыгарышпаган болсо, ошонусун далилдеп беришсин. Биз жөн эле күнөөсүз адамдардын түрмөгө кесилишин каалабайбыз.

Тарыхый соттун такмазасы

Курманбек Бакиевди кармоо мүмкүнчүлүгү бар экендигине карабастан өлкөдөн чыгарылышы, анын кылмышка шектүү уулдарынын, инилеринин жана башка ошондогу жогорку кызмат адамдарынын “көздөн кайым” болушу бийликтин беделине көлөкө түшүрдү. Ошондуктан айрым коомчулук өкүлдөрү мындай шартта өтүп жаткан сотту тарыхый деп атоого болбойт деп эсептешет.

Турсунбай Бакир уулу
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу оор мамлекеттик кылмышка шектүүлөрдү качырып жибергендиги үчүн бийлик жооп берүүгө тийиш деген ойдо:

- Бардыгын карап соттосо анда тарыхый сот десек болот эле. Тескерисинче Бакиевди учакка узатып барып, учуруп жиберишти. Иниси Жаныш Бакиев да кармалган жок. Ал аз келгенсип, мына жакында Оксана Малеванаяга окшогон бир топ мурдагы атка минерлер качып кетишти. Бул азыркы бийликтегилердин мурдагысынан айырмаланбаганын, паракорлукка белчесинен баткандыгын билдирет. Себеби аларды алгач үй камагына чыгарышып, соттун экинчи күнү аларды качырып жиберип жатышпайбы. Эгерде сотко жооп бере турган айыпкерлер качып кетишкен болсо, анда тиешелүү бийлик органдары буга керт башы менен жооп бериши керек. Бардык күч түзүмдөрү азыр президенттин карамагында, ал бул ишти териштирип, мындай жоопкерчиликсиздикке ким күнөлүү болсо таап жазалаш керек. Өзүн сыйлаган мамлекеттерде ушундай.

“Бышпаган” тергөөдөн “мушталган” жыйынтык чыкпайбы?

Ошол эле учурда бир катар коомчулук өкүлдөрү 7-апрель окуясы кылдат иликтөөгө алынбай туруп, колго илинген “майда чабактарды” жоопко тартуу менен чектелип, жабырлануучуларды жоошутуу аракеттери болуп жаткандыгын байкашкан. Талдоочулар тергеп-иликтөө иштери 87 адам кандай шарттарда жана кимдер тарабынан окко учкандыгын ийне-жибине чейин иликтөө жүргүзүлгөн жок деп эсептешет.

Тергөө аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында 77 адамдын окко учкандыгын аныктап, бирок калгандарынын кандай жагдайда кайтыш болгондугун ачыктай элек. Соттук-медициналык экспертизанын берген маалыматы боюнча, элүү сегиз адам башка жана көкүрөккө жеген октон алган жарааттын айынан каза болушкан. Мындай көрүнүш талдоочулардын айтымында, сүрмө топту коркутуу, сүрүп чыгаруу маанайын эмес, түз эле кызыл жаян кыргынга учураткан өч алуучулукту, же буюртмачылыкты мүнөздөйт.

Мирослав Ниязов
Коомдук ишмер Мирослав Ниязов тергеп-иликтөө иштеринин үстүртөн жүрүшү жана буга азыркы бийликтин жоопкерчиликсиз мамилеси өтө коркунучтуу өнөкөткө айланганын кошумчалады:

- Азыркы жүрүп жаткан сот иштери чийки, бышпаган иликтеп-тергөөнүн натыйжасында жүрүп жатат. Мындан акыйкат, ар тараптуу жана окуянын чыныгы абалын ачып бере ала турган чечимди деги эле күтүүгө мүмкүн эмес. Бул утурумдук бийликтин сотту шоу катары өткөрүп, эптеп жабырлануучуларды алагды кылып, алдынан өтүп коёлу деген эле жасалма аракети. Азыр ошол окуяга түздөн-түз тиешеси барлардын бардыгы эчак эле өлкөдөн чыгып кетишкен. Аскер кызматкерлерин кармап алышып, бардыгына ошолор күнөөкөр деп кармап турушат. Ошону менен бизде саясатчылар, башкы жетекчилер эч нерсеге жооп бербей турган система калыптанып калды. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу.

Убактылуу өкмөт эл аралык иликтөөдөн эмнеге баш тартты?

7-апрель окуясынан кийин Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт бул ишти эл аралык көз карандысыз иликтөөгө берүүнү убада кылган. Бирок белгисиз себептер менен ал убада жүзөгө ашкан эмес. Өлкөнүн ички мүмкүнчүлүктөрү жетишпегендиктен сырттан атайын адистешкен эксперттерди чакыруу демилгеси көтөрүлгөн. Ошол эле учурда мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин, анын башкаруу чөйрөсүнүн жана ошол учурдагы күч түзүмдөрүнүн кабыл алган чечимдерин жана аракеттерин кылдат иликтөө көңүл сыртында кала берди.

Төлөйкан Исмаилова
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова эл аралык эгемен иликтөө жүргүзүлгөндө көптөгөн күңүрт маселелердин башы ачылмак деп эсептейт:

- 6-7-апрель күндөрү кандай окуя болгондугун биз азырга чейин түшүнө элекпиз. Бул окуя көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча элге жарыя болуш керек эле. Бул окуянын катышуучуларынын иш аракеттерин жана укук коргоо органдарынын ошол мезгилдеги абалын биздин жергиликтүү тергөө органдары эч качан акыйкат иликтеп чыга албайт. Ошондуктан эл аралык деңгээлдеги иликтөө комиссиясы иштеш керек болчу. Бул трагедия кантип башталды, көпчүлүк элге жек көрүндү болгон кландык бийлик кантип кулады? Бул боюнча ар түрдүү маалыматтар айтылып жүрөт. Апрель окуясынын айрым жагдайлары көмүскө бойдон калган.

Окуянын башкы күбөсү унутта калганда

Сотто айыпталуучулардын жактоочулары да тергөө иштериндеги өксүктөргө көңүл бурушту. Жактоочу Айткулов 7-апрелдеги окуянын башкы күбөлөрүнүн бири укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын маалыматтарына тергөө органдары баа беришпегендигин айтып, аны күбө катары сотко чакыртууну өтүндү. Мындай өтүнүч сотко төрагалык кылуучу тарабынан канааттандырылды.

Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева
ак желек алып Ак үйгө кирген учурунда көргөн жагдайлар менен тергөөнүн окуяны жалпы сүрөттөшүнүн ортосунда айырмачылыктар бар экендигин айтты. Анын айтымында, Ак үйдү коргогон күч түзүмдөрүнүн арасында айрым чоочун кийимчен куралчандардын байкалгандыгы жана бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан башка тараптан ок атуулар күчөп тургандыгы сыяктуу табышмактуу жагдайлар орун алган.

Токтайым Үмөталиева бул окуя боюнча айыпталып, сот жоопкерчилигинен качкан Оксана Малеваная менен Каныбек Жороевден мына ошол табышмактардын жандырмагы табылмак деп эсептейт:

- Мен Ак үйдү тосуп турушкан милиция кызматкерлери жана курсанттардан өтүп, ары коргондун ичине кирдим. Ал жердегилер мени азыр сизди Жороевге жолуктурабыз деп калышты. Аңгычакты эле жогору жактан Темир Сариев жана Иса Өмүркулов мырзалар менен Каныбек Жороев келе жатыптыр. Мен аны карап кыйкырсам эле кайра артын көздөй качып жөнөдү. Берки экөө “болду сүйлөштүк, эми ок атышпайт” деп мени ишендиришип, эшикке чыктык. Алар күн батыш жагы менен кетишти. Мен кайрадан аянтка келгенден кийин кайрадан тигил жактан атышты күчөтүштү. Кызыгы биз ал жактан чыккандан кийин кайра көп адам окко учту. Мына ушуга окшогон түшүнүксүз жагдайларды иликтеш керек эле. Бирок мынтип айтып бере тургандары четинен качып кетишти.

Кубулма жүрүшпү же куралдуу көтөрүлүшпү?

7-апрель күнү “Форумдун” алдына чогулган каршылык акциясын кууп таркатууга “Альфанын” жана мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” тобунун курал-жарактары менен барып, тарттырып жибериши да күмөн саноолорду жаратат. Мындай чагымчылдыкты ошондогу бийлик митингчилерге каршы колдонгусу келгенби же анын ичиндеги айрым күчтөр ушундай жол менен кан төгүүгө кызыкдар болушканбы? Бул суроого азырынча жооп табыла элек.
7-апрелдеги тополоң

Анткен менен айыпталуучулардын жактоочусу Рысбек Нагаев муну кан төгүүгө түрткү берген кадимки куралдуу көтөрүлүш катары сыпаттады:

- Кандайча тынчтык митинги болот, эгерде алардын айрымдары колдорунда автомат, пулемет менен Ак үйгө келишсе, атып жатышса. Ошол аракет канткенде анан тынчтык митинги болсун. Эгерде ал жөн эле тынчтык митинг болсо тигилер да жөн эле аттырбайт эле да. Бул чыныгы куралдуу төңкөрүш десек болот. Тергөө биздин айыпталып жаткан адамдарга эле айыбын коюп олтуруп алышпадыбы. Ал эми аянтта куралдуу жүргөндөр кимдер эле? Жоокерлерди кимдер аткан? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп жок. Аларды карап да коюшкан жок.

Башында Ак үйдү күч менен алуу ниети болгон эмес...

Бирок ошол күнү өздөрүнүн нааразылыгын бийликке айтуу үчүн барышкан жабырлануучулар мындай мүнөздөмө менен макул эмес. Алардын айтымында, “Форумдун” жанында тартылып алынган куралдарды ал жердеги аксакалдар балдардын колунан чогултушуп, коопсуз жерге алып барып бекитип калууга жетишишкен.

Жабырлануучу Каримжан Стамов сотто берген көрсөтмөсүндө Ак үйдү көздөй багыт алып бара жаткан элдин тобуна биринчи ок Ак үй тараптан атылгандыгын ырастады:
7-апрелдеги кандуу булоон

- Ок биринчи атылганда элдин алдында келе жаткан биздин автоунаа күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Ошондо анын үстүндөгү балдардын айрымдары сулап түшүштү. Менин колумда жерлбиретип бара жаткан Кыргызстандын желеги бар болчу. Бир аз өтпөй менин бутума да ок жаңылып, жыгылып түштүм. Ошондо гана ок атуу токтоп калды. Көрсө элге кайрат, дем берип жаткан желек экендигин билген аткычтар мени биринчи атып жок кылууну болжошкон окшойт.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар “Форумдун” алдынан басмырланып, катуу каршылыкка кабылып “от алып” калган митингчилердин айрымдарында курал-жарактын болгондугун жокко чыгарышпайт. Канткен күндө да оппозиция менен тең ата сүйлөшүүдөн кескин баш тартып, алардын бир топ өкүлдөрүн камакка алган Бакиев режими каршылык акциясын басуу жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн күч, зарыл учурда курал колдонуу ыкмасын тандап алганы жашыруун эмес.

“Жалбыз” түбүндөгү жалгыз “дарак”

Бирок ошондогу Ак үйдөгү бийлик төбөлдөрүнүн ичинен качып кетүүгө кам урбай, кырдаалды жайгарууга салым кошкондору да болгон.

Ошол учурдагы президенттин кеңешчиси, айыпкер Элмурза Сатыбалдиев 7-апрель күнү айрым оппозиция өкүлдөрү менен биргеликте кан төгүүнү токтотуп калууга жасаган аракети үчүн учурда соттолуп жатканын белгиледи:
Элмурза Сатыбалдиев, 2009-жылдын 18-ноябрында тартылган сүрөт.

- Мен башынан эле билдим, алар мага тергөөдө эмне деген айып коюшканын. Бирок мен аларга далилдеп олтурганым жок. Бирок мен аларга болгонун болгондой айтып бергемин. Элдин алдына жалгыз чыкканым чын. Улуттук коопсуздук кызматына баргамын, ошол жерде олтурган оппозиция лидерлерин чыгарып, аларды суранып алып келгемин. Алардын ичинен Иса Өмүркулов жана Темир Сариев коркпостон кан төгүүнү токтотууда биринчилерден болуп чоң аракет кылышкан.

Бул жерде оппозиция лидерлерин жапырт камакка алуу демилгеси жана “Форумдун” алдына чогулгандарды кууп таркатууга куралчан топтун барганы тескери натыйжа берген окуянын чечүүчү учурлары катары мүнөздөлүүдө. Соттук териштирүүлөрдө тергөөнүн айрым өксүктөрү толуктала турган болсо, кайгылуу окуяга алып келген жогорудагы эки чечимдин чыныгы ээлери ашкере болмок, дешет талдоочулар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG