Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

А. Андерсон: Укук коргоочулардын коопсуздугу тынчсыздандырат


Азимжан Аскаров сот залында, 2010-жылдын 10-ноябры.
Азимжан Аскаров сот залында, 2010-жылдын 10-ноябры.

Эл аралык "Фронт лайн" уюму июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына тынчсызданууда.

Аталган уюмдун аткаруучу директору Андрю Андерсон "Азаттыктын" Бишкектеги студиясына келип, кыргызстандык укук коргоочулардын коопсуздугу тууралуу ой бөлүштү.

- Андрю мырза, июнь окуясы боюнча айыпталып, түрмөдө жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолугуп чыккан экенсиз? Абалы кандай болуп калыптыр?

- Биз Азимжан Аскаров менен жолугушканыбызга кубанычтабыз. Анын абалы мурункуга салыштырмалуу жакшыраак, биз буга да кубандык. Ал Бишкекке келгенден бери абалы оңолуп калганы көрүнүп турат. Анткени ал сот жараяны учурунда кыйноолорго туш болгону, катуу сабалганы байкалган. Өзү түрмөдө отурса дагы азыр абалы бир топ жакшырганы билинип турат.

- Айтсаңыз, Азимжан Аскаровго чыгарылган сот өкүмү өтө эле катаал болуп калды деген пикирлерин буга чейин эл аралык уюмдар, жергиликтүү укук коргоочулар айтып чыгышкан. Сиз кандай пикирдесиз?

- Биздин уюмдун байкоочулары укук коргоочу Азимжан Аскаровго июнь коогалаңына байланыштуу кылмыш иши козголгон күндөн тартып, ага көзөмөл кылып келишкен. Ал ар кандай куугунтукка алынып, кыйноолорго туш болгонун билебиз. Сот коопсуздук чегинде өткөн эмес, бул тууралуу бизде маалыматтар бар, ошондуктан Аскаровго карата чыккан соттун чечими адилет чечимге жатпайт.

- Ошол эле учурда жабырлануучу тараптын жүйөөлөрү менен да тааныш болсоңуз керек. Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин жакындары Азимжан Аскаровдун өмүр бою эркинен ажыратылышын да жеңил жаза катары санап жатышат? Мындан чыгуунун кандай жолдору бар деп ойлойсуз, соттун чечимин жокко чыгаруу керекпи?

- Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиционердин туугандарын да түшүнүп турабыз. Алар үчүн адилет чечим зарыл. Азимжан Аскаровго тергөө учурунда, андан кийин сот жараянында адилетсиздик менен мамиле жасалгандыгы үчүн биз соттун чечимине каршыбыз, аны кабыл ала албайбыз.

- Мына ушул июнь окуясы боюнча бир нече соттук териштирүү аягына чыкты. Анда адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталгандардын көпчүлүгү эң оор жазага тартылышты - өмүр бою эркинен ажыратылышты. Сиздердин уюм алардын ичинен болгону Азимжан Аскаровдун тагдырына гана кызыгып, башкаларына унчукпай келе жатат?..

- Анткени биздин “Фронт лайн” уюму укук коргоочулардын укугун коргоочу уюм. Азимжан Аскаров дагы Кыргызстандагы адам укугун коргоочулардын бири болуп эсептелет. Биз ал гана эмес башка куугунтукка алынган, же кысымга кабылган укук коргоочулардын да кызыкчылыгын коргойбуз. Июнь окуясынан кийин кандайдыр бир деңгээлде куугунтукка кабылышкан жергиликтүү укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдурасулованын да коопсуздугу биз үчүн чоң мааниге ээ. Алар биздин көп жылдардан берки өнөктөштөрүбүз. Ошондуктан, биздин уюм алардын да коопсуздугуна тынчсызданат. Кыргызстанда жашап, адамдардын укугун коргоп жаткан укук коргоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу – кыргыз бийлигинин да милдети болуп эсептелет.

- Эми ушул маселелер, Азимжан Аскаровго байланыштуу сот чечими боюнча кыргыз бийлигине кайрылып, кандайдыр бир аракеттерди көрүп жатасыздарбы?

- Ооба, биз Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага, президенттик администрацияга кат менен кайрылдык. Бирок азырынча бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Мындан тышкары азыр түптөлүүсү күтүлүп жаткан жаңы өкмөттү да күтүп атабыз жана алардан мына ушул адам укуктарына байланышкан маселелерди оң жагына чечет деген үмүтүбүз бар.

- Андрю мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG