Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топ ишке киришти. Акыйкатчы болсо мекеменин ички ишине парламент негизсиз кийлигишип жатканын айтууда.

Жогорку Кеңештин адам укугу жана бирдей мүмкүнчүлүктөр боюнча комитети жакында Акыйкатчы мекемесинин мурдагы 13 кызматкеринин кызматтан мыйзамсыз алынганы боюнча арызы караган. Анда адам укугун коргоочу мекемеде иштегендердин эмгек укугуна текебер мамиле жасалгандыгы мисал келтирилген.

Эрегиш эмнеден чыкты?

Парламенттин адам укугу боюнча комитеттинин төрагасы Дастан Бекешев келип түшкөн арыз-даттануулар тастыкталса Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматка шайкештигин парламентте кароо маселеси көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи:

- Бизге Акыйкатчынын аракеттери боюнча арыз-даттануулар өтө көп түшүп жатат. Алардын ичинен мына ошол эле жерде иштеп, мыйзамсыз жумуштан куулган адамдардын арыздарын карадык. Андан соң комитеттин чечими менен жумушчу топ түзүлдү. Эгерде анын чыгарган бүтүмүнүн негизинде олутуу мыйзам бузуулар аныкталса Турсунбек Акундун ээлеген ордуна шайкештиги боюнча маселе парламенттин күн тартибине коюлушу мүмкүн.

Анткен менен Акыйкатчы Турсунбек Акун муну адам укугун коргоочу мекеменин ички иштерине мыйзам чыгаруучу бийлик бутагынын негизсиз кийлигишүүсү катары баалады. Ошол эле учурда аталган комитет “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Турсунбек Акун муну парламенттеги жеке саясий кызыкчылыктарга байланыштырды:

- Мыйзам Акыйкатчынын ички иштерине, эмгек укугуна байланышкан талаштарга бийлик бутактарынын кийлигишүүсүнө жол бербейт. Бирок ага карабастан эле мага “парламентке келбесеңер чара көрөбүз, мыйзамсыз адистерди кетирипсиңер” деп опурулушканынан “Акыйкатчы деген эч бир бийлик бутагынан көз каранды эмес, мыйзамды карагыла” дедим. Булардын максаты чуркап келе тургандай, парламенттин алдындагы чөнтөк Акыйкатчы кылгылары келип жатышат. Ошол ойдо мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилге кылып жатышат.

Мыйзамды өзгөртүү зарылбы?

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүдө анын жетекчиси болуп дайындала турган адамдын жашын жыйырма бешке чейин төмөндөтүү жана анын артыкчылыктарын кыскартуу жагы көтөрүлгөн. Муну Турсунбек Акун парламенттеги “Ар-Намыс” фракциясы тарабынан ага каршы уюштурулуп жаткан аракет катары баалайт. Ошондой эле ал мындай эрегишүүнүн анык себептерин буга чейин аталган фракция лидерин коомчулук алдында сынга алгандыгы менен байланыштырат:

- Өткөн жылы “Хаятта” бир чоң жыйналышта Феликс Кулов сүйлөп жатып “Канча жылдан бери элди эзип, кан төккөн Жаныш Бакиевди эмне үчүн кармай алган жоксуңар” деп оозу-мурду кыйшайбай айтып жатканынан мен сиз өзүңүз өкмөт башчы болуп турганда Жаныбек Бакиев кесипкөй мыкты жигит деп кошамат кылып УКК төрагасынын орун басарлыгына, анан МКК башчылыгына алып келбедиңиз беле, уятыңыз барбы деп айттым эле. Ошондон бери мага каршы иштерди уюштуруп, парламентке келгенден бери өзүнүн фракциясындагы депутаттарды мага каршы тукуруп жатат.

Ошол эле учурда “Ар-Намыс” фракциясынын айрым мүчөлөрү ага каршы атайылап кысмакка алуу жок экендигин айтышып, муну саясий упай чогултуунун амалы катары мүнөздөштү. Аталган фракциянын депутаты Анвар Артыков Турсунбек Акундун айткандарында негиз жок экенин кошумчалады.

- Бул эми биздин фракциядан бир эле Турсунбай Бакир уулу менен келишпей калса эле, “Ар-Намыстын” лидерине чейин асылганды адатка айлантып алды. Ага каршы биригип алып бир нерсе уюштургудай чоң күч болсо айтса болот. Эми бул күлкү келтире турган нерсе да. Анан ал ээлеген кызматын ызы-чуу салып кантип сактап калыштын амалын издеп жатат окшойт. Ал киши саясий ызы-чуу салбай, эси болсо түздөн-түз адам укугу менен иштей берсе жакшы болмок.

Маалыматтарга караганда, учурда Акыйкатчы мекемесинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча жумушчу топтун курамында эсеп палатасынын, мамлекеттик кадр кызматтынын, башкы прокуратуранын жана парламенттин өкүлдөрү иш жүргүзүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG