Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Баткен: чек арадагы айылдарга таза суу берилди


Баткен.
Баткен.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Ак-Турпак айыл аймагында таза суу куурларын ишке киргизди. Бул иш менен "Чек арадагы чыңалууну жеңилдетүү" долбоору алектенди. Аталган долбоор өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, суу менен камсыздоо үчүн 2 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Куур Ак-Турпак айылынан Тажикстандын Исфара районундагы айылдарга тартылган суу линиясына кошулган. Ошондой эле мындан кийин да айылдын башка участкаларына таза суу линиясын тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ушул эле долбордун алкагында өткөн айда Өзбекстан менен чектеш Согмент айылы таза суу менен камсыз болгон.

Чектеш аймактарда чыр-чатактарды алдын алууга багытталган долбоор Баткендин 5 айыл аймагында жыл башынан бери иштеп келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG