Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Рим Папасы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты


Рим Папасы
Рим Папасы

Рим Папасы Франциск учак кырсыгына байланыштуу Кыргызстандын элине көңүл айтты.

“Бишкектин жанында жүк самолетунун кулашына байланыштуу терең кайгыдабыз. Папа Франциск жакындарын жоготкондордун баарына көңүл айтат. Куткаруу жана издөө иштери ийгиликтүү болуусун тилейт. Бүтүндөй элге күч-кайрат каалайт”, деп жазылат Ватикандын расмий сайтында.

16-январда "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, расмий маалыматтар боюнча 38 адам көз жумду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айыл тургундары. Каза тапкан кыргызстандыктардын баарынын тек-жайы аныкталды.

Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган.

XS
SM
MD
LG