Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Кыргыз-өзбек чек ара маселелери талкууланды


Өткөн жылдын 26-октябрында Ошко келген өзбек делегациясынын өкүлдөрү.
Өткөн жылдын 26-октябрында Ошко келген өзбек делегациясынын өкүлдөрү.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек ара маселелерин чечүү боюнча конструктивдүү иштерди улантууну макулдашканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган кыргызстандык делегация менен Өзбекстан премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган делегация 15 -17-январда Ош шаарында жолукту. Анда тараптар мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкелери боюнча позицияларды тез арада макулдашуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашты.

Кыргызстандык делегациянын курамына кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Эки тараптуу жолугушуу президент Алмазбек Атамбаевдин декабрь айында Өзбекстанга жасаган жумуш сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча өттү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG