Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Казакстанда абактагы журналист сабалганын билдирди


Жанболат Мамай.
Жанболат Мамай.

Абактагы журналист Жанболат Мамай менен 21-февралда жолугушкан адвокаты Жанара Балгабаева ага абакта кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Алматы соту 20-февралда Мамайды эки айга камаган чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Адвокаттын айтымында, аны өткөн жумада абактагы жалпы камерага которгон жана ошол жерде кысымга алынган. Мамай абакта “физикалык жана моралдык кысымга алынганын” адвокатына билдирген.

“Саясий калам” газетасынын башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамай 10-февралда кармалган. Ал арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталган. Журналист айыптоону четке кагып, куугунтуктоонун максаты гезиттин чыгышына тоскоолдук жасоо деп атаган.

Жанболат Мамай отурган абактын башчысы Бакытжан Баймагамбетов Мамайга басым жасалды деген маалыматты четке какты. Укук коргоочулар Жанболат Мамайды камакка алууну айыптап, аны бошотууну талап кылышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG