Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Ал Текебаевди камоо мыйзамды одоно бузуу менен коштолгонун, саясатчыны камоо тууралуу протокол адвокаты жок түзүлгөнүн билдирди.

- Текебаевди камоо тууралуу чечим менин катышуумсуз кабыл алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесине ылайык, камоо тууралуу протокол адвокаттын коштоосунда түзүлүшү керек болчу.

Жакупбекова кошумчалагандай, Өмүрбек Текебаев чарчаганын жана тийиштүү документтер керектигин айтып көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бүгүн саат ондо тергөөчүгө көрсөтмө берүү уланат.

- Мыйзамга ылайык, Текебаев 48 саатка камалат, андан аркы баш коргоо чарасы сот аркылуу аныкталат, - деди Чынара Жакупбекова.

Бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетти. Текебаевди кармоого каршы чыккан 11 адамды жана окуяны чагылдыруу үчүн барган 4 журналистти Сокулук милициясы кармаган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон. Текебаев өзүнө карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалаган.

Окуядан улам, бүгүн Текебаевдин тарапкерлери акцияга чыгышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG