Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Укук коргоочулар Килюненди жактап чыгышты


Киммо Килюнен, 18-октябрь, 2010-жыл, Бишкек
Киммо Килюнен, 18-октябрь, 2010-жыл, Бишкек

Кыргызстанда Адам укуктарын коргоо уюмдар кеңеши июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди Кыргызстанга киргизбөө тууралуу парламенттин чечимин айыптаган билдирүү таратты.

Анда Жогорку Кеңештин бул токтому өлкөнүн Баш мыйзамына жана эл аралык укуктардын эрежелерине туура келбейт жана Кыргызстандын беделин түшүрөт деп айтылат.

Президент жана өкмөт Килюнендин “персона нон-грата” деп жарыяланышы боюнча позициясын билдире элек.

Укук коргоочулар кыргыз парламентин Киммо Килюненди Кыргызстанга киргизбөөнү чечип жоопкерчиликсиз ишке барды деп айыптап жатышат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мунун артынан жаңы жаңжалдар чыгып, Кыргызстан эл аралык коомчулуктан бөлүнүп калышы ыктымал деп эскертти:

- Парламенттин чечими мыйзамсыз жана түшүнүксүз. Көп жаңжалдарды алып келиши мүмкүн. Анткени июнь коогасы болгон, 470 адам каза болду деп расмий жарыяланып жатат. Адамдар табылбай жатат. Ошон үчүн мунун баарын сабак катары карашы керек эле. Бул окуя кайталанбашы үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр жумшалышы керек болчу.

Биз парламенттин чечимин өкүнүч менен кабыл алдык. Анткени парламенттин өзүнүн ичинде конфликт бар. Шайлоонун алдында ушул трагедияны да ар кандай топтор өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат.


Президенттин туруму белгисиз

Бирок укук коргоочулар кеңешинин мындай пикирин бардык эле бейөкмөт уюмдар колдоп чыккан жок. Оштогу Укук жана демократия борборунун төргасы Идирис Кубатбеков өлкө ичиндеги маселе эң ириде ички кызыкчылыктан улам чечилиши керек деген пикирин айтты:

- Ички маселелер эл аралык уюмдардын, же башка мамлекеттердин кызыкчылыгына карап эмес, ошол мамлекеттин ичинде жашап жаткан жарандардын кызыкчылыгына төп келе турган болуп чечилсе, ошондо өзүнүн оң натыйжасын берет.

Бул жерде парламенттин чечиминен чочулоонун кереги жок. Себеби бул маселеги башкаларга караганда Кыргызстан негизги кызыкдар тарап болуп эсептелет. Экинчиден, биз парламенттик башкарууга өткөндөн кийин анын чечими аткарылууга тийиш.


Президент жана өкмөт июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнендин “персона нон-грата” деп жарыяланышына, Кыргызстанга келишине тыюу салынышына байланыштуу позициясын расмий билдирбей, ыргылжың болуп турат.

“Азаттык” президенттин аппаратына жана өкмөтүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө атайын кайрылганда парламенттин токтому колго тийе электигин айтышты. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лира Сабырова токтом келгенден кийин министрлик жооп кайтарат деп “Азаттыкка” билдирди:

- Биз маалымат каражаттарынан Киммо Килюненди Кыргызстанга киргизбөө тууралуу Жогорку Кеңеш токтом кабыл алганын окудук. Бирок биздин министрлик ал токтомдун текстин ала элек. Тышкы иштер министрлигине жетери менен ал токтоосуз каралып, юридикалык бүтүм чыгарылат.
Парламенттин чечими мыйзамсыз жана түшүнүксүз. Көп жаңжалдарды алып келиши мүмкүн.


Киммо Килюнен аны Кыргызстанга киргизбөө тууралуу кыргыз парламентинин чечимине өкүнүчүн билдирүүдө. Ал жарыялаган баяндамада Кыргызстанда геноцид болгон эмес, бирок айрым бир учурларды адамга кыянатчылык кылуу катары баалоого болот деген бүтүм чыккан. Кыргыз бийликтерине бир канча сунуштар берилген.

Эл аралык комиссиянын бүтүмүн АКШ, Европа өлкөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдар жакшы кабыл алышкан. Кыргызстандын өзүндө болсо коомчулук, парламент жана айрым уюмдар “жарага туз сепкен, улут аралык жаңжалды кайра козуткан” корутунду деп айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG