Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Түркияда түнкү клубга кол салууга байланышы бар 27 киши кармалды


18-январда бул тууралуу кабарлаган түрк полициясы, кармалгандардын көпчүлүгү Борбор Азия мамлекеттеринен чыккандар экенин белгилеген.

Жаңы жылда Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салып, 39 кишини атып өлтүргөн өзбекстандык Абдулкадир Машарипов 16-январда Стамбулдун Эсенюрт районунда кармалган.

"Анадолу" маалымат агенттиги кармалган 27 кишинин 15и аял экенин, 29 бала полициянын кароосуна алынганын маалымдады. Кармалгандардан 15 телефон, жасалма күбөлүктөр алынган. "Хурриет" гезитинин жазганына караганда, Абдулкадир Машарипов түнкү клубга кол салууну моюнуна алып, Сириянын Ракка шаарынан “Ислам мамлекети” тобунун төбөлдөрүнөн тапшырма алганын ырастаган. Ал тапшырма боюнча Стамбулдун Таксим аянтында теракт жасашы керек болгондугун, бирок коопсуздук чараларына байланыштуу башка жерге чабуул жасаганын билдирген. Стамбул түнкү клубуна чабуулга жоопкерчиликти бир күндөн кийин “Ислам мамлекети” террордук уюму алган болчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG