Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Учак апааты боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси көтөрүлүүдө


16-январдагы учак апаатын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү маселеси көтөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кырсыктын тегерегегинде суроолор жаралганын, өкмөт айрым маалыматтарды ачыкка чыгарбай жатканын айтты.

Бишкектин сыртында кыйраган Түркиянын АСТ авиакомпаниясынын учагы "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Бирок аталган авиакомпания учак Бишкекке жүк түшүргөнү келгенин “Азаттык” радиосуна 18-январда билдирген.

Өмүрбек Текебаев түрк авиакомпаниясынын ушул жааттагы катын алганын белгилеп, муну тыкыр иликтөөгө алуу зарылдын айтты.

Ошондой эле “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да ушундай сунушту көтөрдү.

Спикер Чыныбай Турсунбеков бул жаатта профилдик комитет чечим кабыл алуусу керектигин билдирди. Андан тышкары эл аралык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин да белгиледи.

"Боинг-747-400" учагы кабылган кырсыкты Эл аралык авиация комитетинин, "Боинг" компаниясынын өкүлдөрүнөн жана орусиялык адистерден куралган комиссия иликтөөдө.

Апаат 38 адамдын өмүрүн алды. (SE)

XS
SM
MD
LG