Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Путин кызматын ийгиликтүү аяктоону көздөйт


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин 5-декабрда Челябинскидеги «Этерно» өнөр жай ишканасынын жумушчулары менен жолугушууда «карьерамды ийгиликтүү аяктоону каалайм" деп билдирди. Президенттик кызматтан кеткенден кийин саякаттоо тууралуу кыялы бар экенин айтты.

- Азыр менин саякаттарымдын баары тең аба майданга, андан кайсыл бир мекемеге барып кайра аба майданга кайтып келүү менен гана чектелип жатат. Албетте, башкача саякатты, жаратылышты, кайсыл бир тарыхый ажайып жайларды кыдырып чыгууну каалайм, – деди Путин.

Буга чейин Владимир Путин кийинки президенттик шайлоого катышуу маселесин азырынча чече электигин билдирген. Bloomberg агенттигине курган маегинде болочоктогу президент жаш жана кыраакы болушу керек деп айткан. Быйыл 7-октябрда 64 жашка толгон Путиндин бийликтеги мөөнөтү 2018-жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG