Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Кыргызстан - Кытай абактагы жарандарын алмашат


Кыргызстандын түрмөлөрүндө азыр Кытайдын 5 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.(Сүрөттө: Бишкектеги 47-түрмөнүн кароолу.)
Кыргызстандын түрмөлөрүндө азыр Кытайдын 5 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.(Сүрөттө: Бишкектеги 47-түрмөнүн кароолу.)

Кыргызстан менен Кытай бири-биринин абактарында жаза өтөп жаткан жарандарын алмашуу боюнча келишим күчүнө кирип жатат.

Жаңыдан күчүнө кирген келишимге ылайык, Кытайдан 22 кыргыз жараны алып келинип, 5 кытайлык өз мекенине жазасын өтөө үчүн берилет.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун айтымында, бул келишим күчүнө кирген соң Кытай абактарына түшкөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер башталат:

- Ушул айда президент Атамбаевдин Кытайга болгон сапары учурунда бул келишимди ратификациялаган громаталар алмашылды. Келишим буга чейин эки өлкө парламенттери тарабынан ратификацияланган. Эми келишим 30 күндүн ичинде күчүнө кирет. Анын алкагында биз тиешелүү аракеттерди көрө баштайбыз.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кытайда абакка түшкөн кыргызстандыктардын көпчүлүгү маңзат менен колго түшкөндөр.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында кылмыш кылганы үчүн беш кытай жараны жазасын өтөп жатат. Келишимге ылайык, алар да Кытайга өткөрүлүп берилиши керек. Мына ушул кытайлыктарды өз мекенине өткөрүп берүүдө адам укугу бузулбайбы деген чочулоо айтылууда. Анткени, бул жарандардын көпчүлүгү уйгур улутундагы адамдар. Алар Кытайга өткөрүлсө мындай оор кылмыштары үчүн коңшу өлкөдө өлүм жазасына
тартылышы мүмкүн.

Мындан улам Бишкектеги уйгур активисттери кыргыз бийликтерин бул маселеге этият мамиле кылууга чакырууда. Маселен, Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” уюмунун мурдагы жетекчиси Дилмурат Акбаровдун айтымында, кармалып турган адамдарды Кытайда саясий негизде күнөөлүшү толук мүмкүн:

- Мен билгенден эле учурда түрмөдө үч уйгур, бир даргин улутундагы Кытай жараны отурат. Алар кытайга өтсө дароо атылып кетиши толук мүмкүн. Аларды саясий негизде күнөөлөшөт. Ошондуктан биз алардын Кытайга өткөрүлүшүнө каршыбыз. Бул маселеге эл аралык уюмдар да киришет деп үмүттөнөбүз.

Өлкөнүн расмий органдары Кыргызстанда түрмөдө отурган кытай жарандарына саясий айып тагылганы, же сепаратисттик кыймылдарга тиешеси бардыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Ошентсе да жергиликтүү укук коргоочулар кыргыз бийликтерин кытайлыктарды өткөрүп берүүдөн мурун укук эрежелерин так сактоого чакырууда. Маселен, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстан өлүм жазасын колдонууга каршы бир нече милдеттенмени мойнуна алганын эскертти:

- Кыргызстан БУУнун алдындагы Адам укуктары кеңешинин толук кандуу мүчөсү. Ошондуктан Кытайга өткөрүп берүүчү адамдар өз өлкөсүнө барган соң кыйноого кабылып, өлүм жазасына алына турган болсо, бизге сөз тиет. Айрыкча азыркы учурда бул актуалдуу болуп турат.

Буга чейин Кыргызстан 2003-жылы абакка түшкөн уйгурларды Кытайга өткөрүп бергени үчүн дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган. Анда адам укугун коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" уюму өз баяндамасында Кыргызстанды Кытайга саясий туткундарды өткөргөнү үчүн күнөөлөгөн эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG