Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Келиндин өлүмүнө ур-токмок себеп болгонбу?


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында үч күн мурда белгисиз себептен каза болгон кызынын өлүмүн ата-энеси күйөө баласынан көрүп жатышат.

Маркумдун күйөөсү дооматты төгүнгө чыгарууда. Адистер болсо акыркы кездери үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп кеткенин эскертишүүдө.

Турмушка чыкканына он жылдын жүзү болгон маркум Жазгүл Каленованын атасы Мавлянкул Каленов өлүмгө күйөө баласы себепкер деген ойдо. Ал мурда да кызы күйөөсүнүн токмогунан жабыркап, ооруканага жатып чыкканын айтты:

- Үч ай мурун күйөө балам кызымды катуу уруп, ооруканага жатып калган болчу. Биз болду, жашатпайбыз, деп чечим кабыл алган элек. Туугандары келип кызымды алаксытып, анан жараштырып, алып кетип калышты. Айла жок биз да макул болуп жашап кетсин деп койгонбуз. Эми карабайсыңарбы урган экен.

Келиндин сөөгү жерге берилер алдында ата-энеси экспертизадан өткөрүшкөн. Буга маркумдун денесиндеги көгала тактар шыкак берген.

- Акыркы сапарга узатарда көрдүк, денеси көгала экен. Менимче, кызыбыз катуу сабалган, андан соң кыйналып өлгөн окшойт. Ошол эле күнү биз милицияга арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өткөрдүк. Эгерде анын жыйынтыгы жакшы чыкпай, күйөө балабыз камакка алынбай турган болсо, биз бардык тарапка чейин кайрылабыз, -деди маркумдун эжеси Насипкан Каленова.​

Мындай дооматтарды маркумдун күйөөсү Азамат Бечелов караманча четке кагууда. Ал мурда үй-бүлөдө чыр-чатак болуп келгендигин тастыктап, бирок өлөр алдында колум тийген эмес деп айтууда:

- Мен кантип эле аялымды муунтмак элем. Мурда бир аз үйдө урушуп турганыбыз чын. Кээде ал асынып алам деп коркутуп, мен түнү бою аны сыртка чыгарбай кучактап жатчумун. Ошол күнү уктап кетип кантип сыртка чыкканын байкабай калыпмын. Мени кайындарым күнөөлөп жатат, баары териштирүүдө белгилүү болот.

Окуяны Сузак райондук ички иштер бөлүмү иликтөөгө киришти. Сөөктү экспертизадан өткөрүү ишине көз салган Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Алмаз Жусупов маркумдун денесинде кандайдыр бир издер бар экенин байкаган. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана кандайдыр бир баа берүүгө болот дейт:

- Экспертиза учурунда маркумдун денесинде бир канча көгала бары билинди. Эки бутунун жоон санында тактар бар экен, буту сыйрылып кетиптир. Бирок экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын, бир тараптуу чара көрө албайбыз.

Адистер соңку учурда үй-бүлөдө кызыл камчы эркектер көбөйүп баратканына тынчсызданышууда. Маселен, Жалал-Абад шаарындагы "Каниет" кризистик борборуна беш ай аралыгында күйөөлөрү зомбулук көрсөткөн 11 аял кайрылган. Жагдай тууралуу уюмдун жетекчиси Мимоза Нуракова буларды билдирди:

- Биздин борбор быйыл өз алдыбызча сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүк учурда ур-токмокко кабылган аялдар үй-бүлөдөгү социалдык абалдын начардыгынан уруш-талаш чыкканын билдиришкен. Күйөөсү менен бир нерсе талашуудан же күйөөсү чет жакка барып иштеп келип бири-бирин түшүнбөстүктөн улам чыр чыгышы мүмкүн. Мындай учурларда биз аялдарга бардык тараптан жардам бергенге аракет кылабыз. Күйөөсүнөн таяк жеген аялдар бизге кайрылса, анын уруксаты менен гана күйөөсүн милиция аркылуу жоопкерчиликке тарта алабыз. Кээде аялдар күйөөсүн аяп, жазалоого макул болбой койгон учурлар болот.

Кызынын өлүмүн дал ушундай кызыл камчылыктан көрүп жаткан Жазгүл Каленованын жакындары күйөө баласын жазага тарттыруу үчүн катуу күрөшөрүн айтышууда. Маркумдун артында бир бала калды.

XS
SM
MD
LG