Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Дукенбаев: ЛГБТ үчүн жыйын курган эмеспиз


Аскат Дукенбаев.
Аскат Дукенбаев.

Ош шаарында 2-апрель күнү эл аралык “Фридом хаус” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган жыйын жергиликтүү активисттердин каршылыгынан улам өтпөй калды.

Жаштар тобу чогулушту сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укугун коргогон семинар деп атап, аны өткөрүүгө каршы болушту. Бирок “Фридом хаустун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук жетекчиси Аскат Дукенбаев жыйын ЛГБТ өкүлдөрүнө арналбаганын билдирди:

Дукенбаев: Биз сексуалдык азчылык өкүлдөрү же ЛГБТ-активисттер менен эмес, коомдук активисттер менен гана жыйын курмакпыз. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында адам укуктары жаатында жаңы долбоорлорду баштайлы деп жатабыз. Ушул маселеде чогулуш уюштуруп, ага биздин уюм менен иштешип келаткан жарандык активисттер чакырылган. Эч кандай сексуалдык үгүт же ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугуна байланыштуу эмес болчу.

“Азаттык”: Жергиликтүү активисттер тобу аны өткөрүүгө тоскоолдук кылганы чынбы?

Дукенбаев: Ооба. Чогулуш “Ош нуру” мейманканасында башталар алдында бир топ жаштар жана аялдар келип, аны өткөрүүгө тоскоолдук кылышты. Алар биздин чогулушту семинар деп атап алышыптыр. Эч кандай семинар эмес, жөн гана алдыдагы пландарды талкуулоо үчүн чогулганбыз. Каршылыктардан улам, аны токтоттук.

“Азаттык”: Жыйыныңар ЛГБТга тиешеси жок болсо, анда эмне үчүн алардын каршылыгына макул болдуңар?

Дукенбаев: Милиция кызматкерлери коопсуздугубузга жооп бере албай турганын айткан соң мейманканадан чыгып кеттик. Андан ары “Интербилим” уюмунун офисинде жыйынды улантмай болдук. Бирок жаштар тобу каршылыкты ал жакка барып да улантышты. Анан токтоттук.

“Азаттык”: Алар сиздердин жыйын тууралуу кайдан угуптур?

Дукенбаев: Ошого биз да таң калдык. Чогулушубуз тууралуу эч кимге деле айткан эмеспиз. Биз менен иштешип жаткан активисттер жана кызматкерлерибиз билчү. Бизге каршы чыккандар кайдан укту, билбейбиз.

“Азаттык”: Соңку кездери Кыргызстанда ЛГБТ темасы көп талкууга алына баштады. Ага каршы чакырыктар да күч алды. Буга эмне себеп болуп атат? Сексуалдык азчылык өкүлдөрү өздөрү жөнүндө ачык айта баштаганы коомчулуктун кыжырына тийип атканына кандай көз караштасыз?

Дукенбаев: Нааразылыктардын күчөшүнө Орусия таасир этип жатат. Ал жакта сексуалдык азчылыкты пропагандалоого каршы мыйзам кабыл алынбадыбы. Ошонун таасири.

Бирок кумсалар деле адам, бардык жарандарга таандык укуктар аларга да тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Коомдук активист Мавлян Аскарбеков менен жакында ушул темада теледебатка да чыктым. Ошол видеону Фейсбуктагы жеке баракчама да койдум.

Ооба, биз алардын укугун коргойбуз, алар менен иштешебиз. Бир гана алардын эмес, бардык эле адамдардын укугун коргойбуз. Бей-бечаралардын, алсыз кишилердин, дегеле бүт жарандарыбызга укуктук жактан колдоо көрсөтөбүз.

XS
SM
MD
LG