Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Сөз эркиндигинин абалы талкууланды


Акыйкатчы институту уюштурган иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, эксперттер чакырылган.

Жыйында акыйкатчы Кубат Оторбаев “Багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, көз карандысыз ММКларга карата миллиондогон соттук териштирүүлөр өлкөдө жаңы саясий доордун башталышынан кабар берип калды” деп сүйлөдү.

- Бийлик менен коомдун анын ичинде оппоненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар. Өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык болушу керек. Тилекке каршы, иликтөө жана сот процесстеринде моюнга алдыруунун куралы катары кыйноолор, атайын жасалма бут тосуу, талап-тоноочулук, коркутуулар дагы деле колдонулуп жатат, -деди Оторбаев.

Ал эгемен өлкө УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын бир чоң камерасына айланышына каршы экенин, эркин ММКларды сотко берүүдө бийлик кош стандарттулукту карманып жатканын кошумчалады.

- “Азаттык”, “Заноза”, “24.kg" жана "Клооп" басылмаларынын журналисттерин жоопкерчиликке тарткыбыз келсе, башка буйрутма, каралоо материалдарын жайылтып жаткан негизги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы жоопкерчиликке тартылышын карашыбыз керек деген пикирдемин. Мен мамлекеттик телеканалдардын жетекчилерин альтернативдик пикирлерге дагы аянтча берүүгө чакырам.

Акыйкатчы ошондой эле сот органдарына кайрылып, айрым ММКлардын банктык эсептеринин камакка алынышын кайра карап чыгууга чакырды.

Буга чейин Бишкекте сөз эркиндигин коргоо жүрүшү жана парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучулары камалган. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барганын айтып келет.

14-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Азаттык медиа" мекемеси менен "ПроМедиа" коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) банктык эсептерин камакка алган.

17-мартта Бишкектин Ленин райондук соту "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун "саясий репрессия жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүүлөр токтотулсун" деген талап менен Коомдук каналдын алдында акция өткөрүүгө тыюу салган. Активисттер буга макул болбой "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзамды сактоо талабы менен жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Жыйындан түз эфир

XS
SM
MD
LG