Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Иран АКШнын Сирия сүйлөшүүсүнө катышуусуна каршы


Мохаммад Жавад Зариф, Ирандын тышкы иштер министри.
Мохаммад Жавад Зариф, Ирандын тышкы иштер министри.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф билдирүүдө. Жергиликтүү Tasnim кабар агенттиги Жавад Зарифтин “биз аларды чакырган жокпуз, биз алардын болушуна каршыбыз”,- деген сөздөрүн келтирет.

Расмий Тегеран муну менен Сирия боюнча келерки аптада Казакстандын борбору Астана шаарында башталат деп күтүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча Орусия жана Түркиянын турумуна каршы экенин көргөзүүдө.

Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Хашеминин айтуусунда, сүйлөшүүлөрдүн азыркы баскычында “үч тараптуулук” сакталуусу керек, бул форматтын “кеңейтилиши” иштин оңунан чыкпай калуу “тобокелчилигин күчөтөт”.

Орусия,Түркия жана Иран Сирия боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өкмөттүк күчтөр өткөн айда Алеппо шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлөөгө жетишкенден кийин демилгелешкен. Алеппонун чыгышы жарандык согуштун жүрүшүндө козголоңчулардын эң маанилүү таянычы болгон эле.

Астана сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жаткандардан Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия козголоңчуларды колдоп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG