Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Босниялык сербдер 9-январды Серб Республикасынын күнү деп жарыялашты


Референдум учуру.
Референдум учуру.

Босниялык сербдер 25-сентябрда өткөн референдумда 9-январды Серб Республикасы күнү деп жарыялоону колдошту. Расмий кабарларга ылайык, референдумга элдин 56 пайызы келди. Алгачкы жыйынтык боюнча добуш бергендердин 99 пайызы Серб Республикасы күнүн белгилөөнү колдошкон. 1992-жылы 9-январда “Босния жана Герцеговинадагы сербдердин республикасын жарыялоо декларациясы” кабыл алынган.

Босния мусулмандары жана хорваттар бул документти Конституцияга каршы жана адамды басмырлоочу чечим катары сыпаттап келишет. Босния жана Герцеговина Конституциялык соту бул маселе боюнча референдум өткөрүүгө тыюу салган, бирок Серб өкмөтү ага баш ийген жок. Мурунку Югославияда 1992-жылы башталып, 1995-жылы аяктаган улуттар аралык согуштан кийин чакан Серб Республикасы Босния жана Герцеговинанын курамына кирген. Серепчилер Серб Республикасында өткөн референдум этностор аралык чыңалууну жана бөлүнүп-жарылууну күчөтөрүн божомолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG